Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
«Халык Банк Кыргызстан» ААКдан Card to Card аттуу жаңы кызмат көрсөтүүсү: Кыргызстандан Казакстанга картадан картага акча которуулар

18 июль 2019

«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын банкоматтарынан «Card to Card» аттуу жаңы кызмат көрсөтүүсү ишке киргизилди. Ушул кызмат көрсөтүүнүн жардамы менен «Халык Банк Кыргызстан» ААКдан алган Visa төлөм картасын кармоочулар тез жана максималдуу ыңгайлуулук менен акчаларын «Казакстан Эл Банкы» АКнын Visa төлөм картасына которо алышат. Кардар тарабынан которула турган акча каражаттар өз дарегине саналуу мүнөттө жетет! Бирок ушул кызматтын эң башкы артыкчылыгы – бул ушул кызмат көрсөтүүнүн баасы (наркы) - бир жолу акча которуу үчүн комиссия болгону 50 сом (которуу валютасынын эквиваленти).

«Халык Банк Кыргызстан» ААКдан Card to Card аттуу жаңы кызмат көрсөтүүсүнүн башка артыкчылыктары:

24/7: акчаларды которууну жумасына 7 күн, суткасына 24 саат бою жүргүзүүгө болот;

Ыңгайлуу: акчаларды которуу үчүн банкка келүүнүн зарылдыгы жок;

Тез: которуу максималдуу тездикте – 5 мүнөткө чейинки убакытта жүргүзүлөт;

Пайдалуу: кызмат көрсөтүүнүн баасы (наркы) бир жолу акча которуу үчүн комиссия болгону 50 сом (которуу валютасынын эквиваленти). Валютаны конвертациялоо, тандалган валютага жараша, өзүнчө башка эсептелет.

Бул кандайча жүргүзүлөт? Ал үчүн жөнөкөй эле төрт аракетти аткаруу керек.

«Card to Card» кызмат көрсөтүүсү боюнча акча каражаттарды которуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо керек:

№1 кадам: Картаны банкоматка салып, анан PIN кодду киргизүү керек;

№2 кадам: «Которуулар» функциясын, андан ары «Картадан «Казакстан Эл Банкы» АКнын картасына которуулар» функциясын тандап алуу керек;

№3 кадам: Банкоматтын клавиатурасынан алуучунун картасынын номерин терип киргизип, андан ары аны тастыктоо керек;

№4 кадам: Алуучунун валютасын тандап алып, которуунун суммасын киргизесиз, аларды тастыктагандан кийин банкоматтын экранында ошол которуу үчүн кармалган комиссиянын өлчөмү чагылдырылат.

Кардардын макулдугунан кийин операция жүргүзүлөт жана жүргүзүлгөн операциянын реквизиттери менен чек берилет.

Ушул кызмат көрсөтүү боюнча которууларга төмөнкүдөй лимиттер колдонулат:

• бир операция үчүн 2 500 USD чейин (же башка валютадагы эквиваленти)

• бир сутканын ичинде 5 000 USD чейин (же башка валютадагы эквиваленти)

• бир жуманын ичинде 10 000 USD чейин (же башка валютадагы эквиваленти)

Эскертүү: «Card to Card» кызмат көрсөтүүсү боюнча которуулар Visa төлөм карталарынын базасында «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын карталарынын арасында да жүргүзүүгө болот.

Ушул кызмат көрсөтүү жөнүндө, ошондой эле валюталарды алмаштыруу жөнүндө кененирээк маалыматты 0(312) 32-38-43 телефонуна чалуу аркылуу банктын бөлүмдөрүнөн билүүгө болот.