Жолугушууга ошондой эле АБРдин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору Чжэн Ву катышты.
Жолугушууда Кыргызстандын ишкердик чөйрөсүнүн учурдагы абалы, экономикалык өнүгүү келечектери, макроэкономикалык көрсөткүчтөр, жеке сектордун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана өлкөнүн жалпы экономикалык өнүгүүсү талкууланды.
Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигинин Кыргызстанга сапары Кыргызстан менен АБРдин ортосундагы 30 жылдык өнөктөштүккө арналган. АБР өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу колдоо көрсөтүп келет.
Азия өнүктүрүү банкы жөнүндө
Азия өнүктүрүү банкы 1966-жылы түзүлгөн көп тараптуу өнүктүрүү банкы болуп саналат, анын курамына 68 өлкө кирет, алардын 49у Азия-Тынч океан аймагында жайгашкан.
Кыргыз Республикасы 1994-жылы АБРге мүчө болуп кирген. Ошол учурдан бери өлкө Азия өнүктүрүү фондунан насыялар жана гранттар алып келет. АБР Кыргызстандын өкмөтүн төмөнкү тармактарда колдойт: нормативдик-укуктук базаны реформалоо, өлкөдөгү ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, электр энергия менен камсыздоо кызматтарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана башкалар.
Кыргыз Республикасындагы АБРдин Туруктуу өкүлчүлүгү 2000-жылы түзүлгөн, бул банкка саясат маселелерин талкуулоо, жардам программаларын түзүү жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө кеңейтти.