ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков комитеттин мүчөлөрүнүн актуалдуу маселелерин көтөрүп чыкты. Алардын ичинде тоо-кен пайдалануучулардын финансылык жүгү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды сактап калуу үчүн жыйым ставкалары боюнча чечимин аткаруу, жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн жыйым ставкаларын кайра карап чыгуу, тоо калдыктарын пайдаланууну мыйзам аркылуу жөнгө салуу зарылдыгы, КНСти кайтаруу жана бийик тоолуу шарттарда иштеген кызматкерлерге убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пул төлөө маселелери камтылган.
Кыргыз геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев КГСтин учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, жакынкы келечекке карата пландары менен бөлүштү. Ал өлкөнүн минералдык ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча пландарды белгилеп, бизнес-коомчулук менен кызматташууга жана биргелешкен көйгөйлөрдү чечүүгө даяр экендигин билдирди.
Иш-чаранын соңунда суроо-жооп сессиясы болуп, жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасында тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди жана келечекти талкуулашты.