Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы реформалар ИПДОнун жетекчилиги менен талкууланды

12 декабрь 2024

2024-жылдын 12-декабрында Эл аралык бизнес кеңешинин (МДС) аянтчасында тоо-кен тармагын пайдалануучулардын Инициатива прозрачности добывающих отраслей (ИПДО) уюмунун башкармалыгынын төрайымы Хелен Кларк жана ИПДО Секретариатынын аткаруучу директору Марк Робинсон менен жолугушуусу болуп өттү.

2024-жылдын 12-декабрында Эл аралык бизнес кеңешинин (МДС) аянтчасында тоо-кен тармагын пайдалануучулардын Инициатива прозрачности добывающих отраслей (ИПДО) уюмунун башкармалыгынын төрайымы Хелен Кларк жана ИПДО Секретариатынын аткаруучу директору Марк Робинсон менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагындагы учурдагы реформаларды жана бул тармактын өнүгүү келечегин талкуулашты. Иш-чара Хелен Кларктын Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында өткөрүлүп, анда ИПДО демилгеси өлкөнүн тоо-кен тармагын башкаруу боюнча улуттук приоритеттерин илгерилетүүгө кандайча жардам бере алаары жөнүндө диалогду өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын 2004-жылы кошулган ИПДО демилгесин ишке ашыруу иштери каралды. Бул демилгеге кошулуу менен Кыргызстан тоо-кен тармагындагы баалуулуктарды жаратуу чынжырынын бардык баскычтары боюнча маалыматтарды ачык жарыялоону милдеттендирет: лицензия берүү процессинен тартып, кирешелердин өкмөт аркылуу өтүшүнө жана алар коомчулукка кандай пайда алып келээрине чейин.

2011-жылы Кыргызстан ИПДОнун бардык индикаторлорун аткаруу менен ийгиликтүү валидациядан (илгерилөө баасы) өткөн. 2011-жылдын 1-мартында ИПДОнун башкармалыгы Кыргыз Республикасына ИПДОнун "активдүү мүчөсү" статусун ыйгарган. Ал эми 2012-жылы "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынып, анда биринчи жолу ИПДО демилгеси өзүнчө пункт катары киргизилген.

МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жана жолугушуунун башка катышуучулары тоо-кен тармагынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маалымат берип, инвестициялык климатты жакшыртуу, ресурстарды эффективдүү пайдалануу жана Кыргызстанда ИПДО демилгесин ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтышты.

«Тоо-кен тармагындагы ачыктуулук демилгеси боюнча отчеттуулукту түзүүдө тиешелүү мамлекеттик органдарда буга чейин бар болгон отчетторду пайдалануу керек, компанияларга кошумча милдеттемелер жүктөлбөшү үчүн», – деп сунуштады МДСтин жетекчиси, ИПДО жетекчилигине тармактын өнүгүүсүнө салым кошкону жана жогорку деңгээлдеги сапары үчүн ыраазычылык билдирди.

Тоо-кен коомчулугу атынан МДСтин башчысы жеке сектор ачыктуулук принциптерин, ресурстарды эффективдүү пайдаланууну жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында жер казынасын пайдалануу системасын жакшыртууну колдоорун белгиледи. Өз кезегинде, МДС Кыргызстанда ИПДО демилгесинин максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн активдүү аракеттерди көрүүдө.

Эске салсак, Хелен Кларк буга чейин тогуз жыл бою Жаңы Зеландиянын премьер-министри болуп иштеген, парламент мүчөсү жана Лейбористтер партиясынын лидери болгон. Ошондой эле, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору жана БУУнун Өнүктүрүү тобунун төрайымы болуп иштеген. Хелен Кларк туруктуу өнүгүү маселелеринин кеңири спектринде, анын ичинде гендердик теңчилик, климаттын өзгөрүшүнө каршы чаралар жана башка багыттарда активдүү иш алып барууда.