Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү кут болсун!

МДС
31 август 2024

Кадырлуу мекендештер! Эл Аралык Ишкерлер Кеңеши бардыгыңыздарды өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү - мекенибиздин чыныгы майрамы менен чын ыкластан куттуктайт!

Дал ушу мезгилде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткандыгы да өзүнчө белги. Себеби элибиз эркин, мамлекетибиз эгемендүү болсо экен деген астейдил мүдөөнү көздөгөн даанышман аталарыбыз, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө алгачкы чечкиндүү кадамдарды жасаган.

Андан бери Кыргызстаныбыз келечекке сабак боло турган тарыхый жолду басып өттү. Кыргызстан азыр өнүгүү, өз жолун табуу үчүн дымактуу пландары бар экендигин дүйнөгө көрсөтүп жатат.

Бүгүнкү эгемендүүлүк майрамыбыз куттуу болсун! Кыргызстаныбыздын байрагы түбөлүккө желбирей берсин!