Кыргыз Республикасы Борбор Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк–чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Климаты континенталдуу, кышында абаанын температурасы -40°С тан, жайында +40°С чейин өзгөрүлөт. Кыргызстан 7 областан турат, анын борбору Бишкек шаары. Мамлекеттик тили – кыргыз, расмий тили – орус тил. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – көз карандысыз, унитардуу, демократикалык, укуктук мамлекеттин принциптеринде түзүлгөн республика.
Кыргызстанда жогорку мамлекеттик бийликти төмөнкүлөр аткарышат: Президент, Жогорку Кенеш (парламент) – укуктук бийликти аткарган өкүлчүлүк органы, Өкмөт жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Конституциялык сот, Жогорку сот, башка соттор.
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Премьер Министр: Мухаммедкалый Абылгазиев
Калк саны (2017): 5,789,122; жашоо мөөнөтү: 71 жыл
Этникалык топтор: Кыргыздар 73,2%; Өзбөктер 14,6%; Орустар 5,8%; Дунгандар 1,1%, башкалар 5,3%
Диний топтору: Ислам 75%, Православтар 20%, башкалар 5%
Тилдер: Кыргыз тили (мамлекеттик), Орус тили (расмий)
Калктын сабаттуулугу: 98,7%
Борбор жана ири шаар: Бишкек (мурунку Фрунзе), 965,900 (2017)
Территория: 76,641 м2 (198,500 км2)
Климат континенталдуу, жай мезгилинде туздуктордогу орто температурасы 26 C, кышында -5 C
Акча бирдиги: Сом
Убакыт: +5 Гринвич сааты боюнча
Административдик бөлүктөр: Жети област райондорго бөлүнгөн
Мыйзамдуу бийлик Жогорку Кенеш – орундар партия боюнча бөлүнгөн: СДПК - 38, "Республика — Ата-Журт" — 28, "Кыргызстан" партиясы — 18, "Онугуу-Прогресс" — 13, "Бир Бол" — 12, "Ата Мекен" - 11.
Сот системасы: Жарандык системасындагы КР мыйзамдын негизинде түзүлгөн
Экономикалык маалымат:
Инфляция (2017): 3,8%
Жумушсуздук (2017): 7,4% (2014)
Негизги өнөр жайы: текстиль өнөр жайы, тоокен өнөр жайы, энергетика
Экспорт (2017): 1,800,000,000 $
Экспортолуучу өлкөлөр (2017): Швейцария (45,54%), Казахстан (10,62%), Орусия (10,20%), Өзбекистан (8,79%)
Импорт (2017): 3,800,000,000 $
Импорттогон өлкөлөр (2017): Кытай (38,11%) Орусия (20,80%), Казахстан (16,53%)
Коммуникациялар:
Уюлдук телефондор (2015): ~ 7,5 млн.
Интернет колдонуучулар (2015): 4,174 млн.
Транспорттук система:
Жол жүрүүгө узундугу (2015): 34,000 км
Темир жолдор: 470 км
Кеме жолдору: 600 км
Порттор: Балыкчы (Ыссык-Көл обласы)
https://www.cia.gov/library/publications/the-world-factbook/geos/kg.html