Сереп / Макалалар /
Инвестициялык риторикадан – практикалык чечимдерге карай

ЭИК
1 январь 2015

Кыргызстандагы RobustResources ачык эл аралык тоо кендерин казуучу компаниясынын башкаруучу филиалынын башчысы Эдуард Кубатов менен болгон интервью

- Эдуард Жумакадырович, Кыргызстандын тоо кендерин казуу тармагындагы азыркы инвестициялык климатты Сиз кандай баалайсыз?

- Жогорку аныктык менен, Кыргызстанда инвестициялык климат жакшырып бара жатат. Бул баарыдын мурда тоо кендерин казуу тармагын жөнгө салуунун ачык жана айкын нормаларынын түзүлүшү, мамлекеттин ашыкча таасир кылуусунун азайгандыгы жана бизнес менен мамлекеттин ортосундагы өнөктөшүү мамилелеринин калыптанышы менен байланышкан. Албетте, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүчү айрым көйгөйлөр бар, булар Кумтөр долбоорунун саясатташып кетиши, инвесторлордун жергиликтүү эл менен болгон көйгөйлөрү, жолдордун тосулушу ж.б.. Ошентсе да негизинен тармак жакшы динамикага ээ, жана тармактагы инвесторлордун санынын көбөйүшү климатты жакшыртуунун негизги көрсөткүчү болуп саналат

- Акыркы жылдарда өкмөттүн инвестициялык саясаты канчалык өзгөрдү? Бул өзгөрүүлөр тоо кендерин казуучу компанияларга сезилээрлик болдубу?

- Азыр бизнес өкмөттүн инвестициялык риторикадан практикалык чечимдерге карай өтүп жаткандыгына байкоо жүргүзүп турат. Бардык кыйынчылыктарга жана бюрократиянын белгилүү бир каршылыгына карабастан, жер казынасы жөнүндөгү жаңы Мыйзам иштей баштады жана жакшы натыйжаларын берип жатат.

Биз конкурстар жана аукциондор кантип өтүп жаткандыгын, жөнгө салуунун экономикалык рычагдары иш жүзүндө кантип иштей баштагандыгын көрүп турабыз. Албетте, бардыгы жөнөкөй эмес, тармакта дагы бир топ көйгөйлөр жана мыйзамда кемчиликтер бар. Бирок эң башкысы, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин ишинен биз жөнгө салгычты гана эмес, өнөктөштү да көрүп жатабыз. Жакын араларда эле инвестор өзүнүнүн көйгөйлөрү менен өзү жалгыз, мамлекеттин колдоосу менен түрткүсү жок калып жаткан. Азыр болсо биз геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү калкты маалым кылуудагы, тоо долбоорлорун илгерилетүүдөгү жана өнүктүрүүдөгү жигердүү позициясын байкап жатабыз. Инвестор үчүн бүтүндөй өлкөнүн инвестициялык саясатын түзгөн Экономика министрлигинин ролу менен позициясы да өтө маанилүү. Буга байланыштуу, биздин көйгөйлөрүбүздү, мүмкүн болуучу тобокелдиктерибизди жана коркууларыбызды айкын түшүнүү сезилип турат. Министрлик тарабынан колдонулуучу такай өткөрүлүүчү коомдук угуулардын платформасы бизге ойлонуштурулган жана конструктивдүү экономикалык чечимдерге келүүгө мүмкүндүк берет.

- Сиз башчылык кылган компаниянын инвестициялык пландары тууралуу айтып берсеңиз.

- Кыргызстандагы RobustResources филиалынын Талас жана Ысык-Көл облустарында бир катар долбоорлору бар. Учурда биз жергиликтүү коомдоштуктардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын түзүү боюнча, ошондой эле экологиялык талаптарды эске алуу менен өзүбүздүн долбоорлорубуздун геологиялык изилдөө жана тоону иштетүү концепцияларын өзгөртүүнүн, алдыңкы технологияларды колдонуунун жана жергиликтүү калктын кызыкчылыктарынын үстүнөн жигердүү иштеп жатабыз.

- Жергиликтүү тургундар менен тоо кендерин казуучу компаниялардын ортосундагы өз ара мамилелерди кантип жакшыртууга болот? Келип чыгып жаткан чыр-чатактардын себебин Сиз өмнеден көрүп турасыз?

- Биринчиден, тоо долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча чечимдердин бардыгы ачык жана айкын болууга тийиш. Жергиликтүү калк иштелип жаткан долбоорлордун бардык оң, кээде коштолуп калуучу терс аспектилери боюнча маалымдуу болуу укугуна ээ. Экинчиден, иштелменин өзүндө жергиликтүү коомдоштуктардын кызыкчылыктары так жана даана эске алынууга тийиш. Бул баарыдан мурда социалдык-экономикалык өнүгүү, жумуштуулук, экология, инфрраструктураны жана жашоонун сапатын жакшыртуу маселелери. Ушундай учурда гана биз жергиликтүү калктын арасынан чыккан чыр-чатактар менен каршылык көрсөтүүлөрдү жеңе алабыз. Позитивдүү тенденция байкалып жатат деп айта аламын, анткени жергиликтүү тургундар инвесторлорго жана тоо долбоорлоруна эмитен эле ишеним көрсөтүп башташты. Мен бул кымбатка турат деп ойлоймун, жана биз бул ишенимди жоготуп албагандай болуп иштешибиз керек. Кээ бир биздин аймактарда тоо кен казуучу долбоорлордун жүзөгө ашырылышы реалдуу, а кээде жергиликтүү коомдоштуктарды өнүктүрүүнүн жана жер-жерлерде социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жеңүүнүн жалгыз булагы болуп калды, жана инвесторлор биздин өлкөнүн аймактык өнүгүшүнө олуттуу жана маанилүү салымдарын кошуп жатышат

- Эдуард Жумакадырович, Сиз Индонезиянын Ардактуу элчиси болуп саналасыз жана бул өлкө жөнүндө баарынан көбүрөөк билесиз. Анын экономикалык ийгиликтеринин жашырын сыры эмнеде?

- Саясый атаандаштыктын жогорку деңгээли Индонезиянын экономикасынын дүркүрөп өсүшүнүн булагы болуп калды. Башкаруунун парламенттик формасы коомдун да, мамлекеттин да жакшы өнүгүшүнүн себебинен болуп саналат. Индонезиянын өнүгүшүнүн өтө маанилүү астектисинен болуп анын борбордоштурулбагандыгы, б.а. провинциялардын шайланылуучу губернаторлоруна өз алдынча социалдык-экономикалык жана инвестициялык саясатты түзүү мүмкүнчүлүгүнүн берилиши саналат. Зор адамдык, экономикалык ресурстары жана алыс аймактары бар чоң өлкө экени эске алынуу менен, бул чечимдер оң натыйжаларга ээ болду. Индонезия принципиалдуу түрдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыт алган. Максаты – саясый жана экономикалык өнүгүүдөгү туруктуулукту камсыз кылуу үчүн ишкердик чөйрөнү жана орто классты түзүү.

- Индонезиянын тоо кен казуучу тармагы кандай өнүгүп жатат?

Индонезия бул тармакта жөнөкөй эмес жана карама каршылыктуу тажрыйбага ээ. Баары болгон – инвестициялык дүр өсүш, элдин каршылыгы, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы көйгөйлөр, либералдаштыруу жана катаал мамлекеттик жөнгө салуу. Бирок, адаттагыдай эле, сыноолор жана каталар ыкмасы менен, ал жакта Индонезиянын өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген инвестициялык климат түзүлүп, тармактын натыйжалуу өнүгүшүн камсыз кылат. Эң башкы айырмачылык белгиси – стратегиялык жана масштабдуу ири кен чыгуучу жерлерден тышкары, калган кен чыккан жерлерди жөнгө салууну провинциалдык башкаруу органдары жүргүзөт. Натыйжада тоо долбоорлорун иштеп чыгуунун эффективдүүлүгү жогорулады.

- Кыргызстанда инвестицияларды көбөйтүүгө Индонезиянын ниети барбы?

- Индонезиянын экономикасы ушунчалык динамикалуу өнүгүп бара жаткандыктан, азыр ага Түштүк-Чыгыш Азияда жана Тынч океан аймагында тардык кылып калды. Өлкө Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын рыногу менен жигердүү таанышып жатат. Азыр эле айыл чарбасына, тоо тармагына, телекоммуникацияга жана банк чөйрөсүнө болгон белгилүү бир кызыкчылык бар. Жакынкы араларда индонезия капиталынын катышуусу менен Кыргызстанда бир катар долбоорлордун ачылышы жөнүндө жарыялоого мен кубанычта болор элем .

- Сиздин оюңуз боюнча кайсы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын Кыргызстан үчүн колдонууга болот?

- Кыргызстан тоо кендерин казуучу өлкө болгондуктан, бизге тоо тармагын өнүктүрүүдө эбегейсиз жана сапаттуу натыйжаларга жетишип жатышкан Австралиянын, Канаданын, Чилинин, Монголиянын ийгиликтүү тажрыйбаларын көңүл коюу менен үйрөнүү зарыл. Бирок мында биздин өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана айлана-чөйрөгө жана табиятка мамиле кылуу маданиятын сөзсүз түрдө эске алуу керек.