Сереп / Макалалар /
Стратегия тоо-кен тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн аныктады

Валентин Богдецкий, Кыргыз Тоо Ассоциациясы
1 январь 2015

Тармактын өнүгүүсүндөгү секириктен кийин кескин төмөндөө башталат, эгер чара көрүлбөсө, анын натыйжасы оор болуп калышы мүмкүн

Кыргызстанда 2052-жылга чейин Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүнүн Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегияларынын долбоору иштелип чыккан. Стратегия КРнын Экономика министрлигинин буюртмасы боюнча эксперттердин консорциуму тарабынан, USAID РЕФОРМА долбоорунун техникалык жактан колдоо көрсөтүүсү менен даярдалган. Стратегиянын максаттары, анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө стратегиянын редактору жана консорциумдун жетекчиси, Кыргыз тоо ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү, геологиялык - минералдык илимдердин кандидаты Валентин БОГДЕЦКИЙ айтып берет.

Баарыдан мурда, бул стратегия мурунку ушул сыяктуу иштелмелердин бардыгынан түп-тамырынан бери айырмаланат. Стратегияны жазуу мамилесинин өзү таптакыр стандарттуу эмес, жаңы – эконометрикалык, ал сандык ыкмаларга негизделген. Мурда стратегиялар себептерди ачууга, диагностикага жана кандайдыр бир тыянактарга, өзгөрүүлөргө, «жыртык-тешикти бүтөөгө» негизделээр эле.

Биз стратегиялаштыруунун эң заманбап методдорун колдондук – ал тармактын мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо болуп саналат. Ал эми Кыргызстандын минералдык-сырьелук потенциалы белгилүү болгондуктан, канча кен жашаарын, канча акча берээрин, канча жумуш орундарын түзөөрүн эсептеп чыгып, финансылык-экономикалык моделин түзүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Эмне үчүн стратегия 2052- жылга чейин эсептелгенин менден көп сурап калышат. Биз дээрлик канча болбосун бүтүндөй орчундуу кендер боюнча финансылык моделди эсептеп жатканда, бизде өтө кыска жашаган кендердин алтын тобу бар экендиги билинди. Кийин, келечекте өздөштүрүлө турган кендер да бар, алар узак жашоочулар болушат. Мына ошондо бизде табигый түрдө 2052-жыл пайда болду, биз аны атайылап тапшырган жокпуз.

Бул эсептөөлөрдө эң башкысы – биз тоо-кен өнөр жайы өнүгө турган трендди, жолду билдик, бирок анын мүмкүнчүлүктөрүнүн көз карашы менен алганда, эгер берилген лицензиялардын бардыгы ишке ашырылганда. Стратегиянын жүзөгө ашырылышы үчүн 8 млрд. $ инвестицияларды тартуу керек.

Биз өнүгүүнүн жогорку чеги 2018-2020-жылдарда болорун аныктадык, жана ушул мезгилде өкмөттүн карамагында аябагандай чоң акча пайда болот. Бирок бул 5-6 жылга жакын өтө кыска мөөнөт болот. Андан соң кескин төмөндөө башталат, эгер аны көрө билбесек жана чараларды көрбөсөк, анда анын тоо-кен тармагы үчүн натыйжасы оор болуп калышы мүмкүн.

Ошондуктан өкмөт бул ири суммадагы акчаны туура пайдалануусу керек. Биз резервдик фонд түзүүнү сунуш кылабыз, анткени кирешелердин азаюу учурунда ошол фондду пайдаланууга болот.

Биз кескин көбөйгөн кирешелерди социалдык муктаждыктарга колдонууну сунуш кылбайбыз, анткени бул акчалар артка кайрылып келбейт. Эгер айлык акы, пенсия көтөрүлө турган болсо, анда бул акчалар жок калганда, социалдык муктаждыктарга кеткен чыгымдардын азайтылышы өтө кыйыныраак болот.

Инвесторлордун жеригиликтүү эл менен мамилелерине келгенде, өткөн жылдары бир топ катачылыктарга жол берилгендигин айтсам болот. Лицензияны бөлүштүрүүгө жана иштин коюлушуна тийиштүү болгон жергиликтүү элдин пикири этибарга алынган эмес. Бирок Жергиликтүү элдердин укуктары жөнүндө БУУнун Декларациясында (32-берене) мындай деп жазылган: «Мамлекет алардын жерине же территориясына жана башка ресурстарга тийиштүү болгон, өзгөчө пайдалуу кендерди, суу же бөлөк ресурстарды өздөштүрүүгө, пайдаланууга жана иштетүүгө байланыштуу кандай долбоор болбосун бекитилгенге чейин алардын эркин жана түшүнүү менен макулдугун алуу максатында тиешелүү жергиликтүү эл менен алардын өкүлчүлүк институттары аркылуу ак ниет кеңеш кылышат жана кызматташат.»

Өкмөт адегенде компания муну менен өзү алектенүүгө тийиш деп ырастап, кендерди чалгындоо жана иштетүү иштерине байланышкан жергиликтүү эл менен болгон көйгөйлөргө мамлекеттин кийлигишүү зарылдыгын такыр эле төгүнгө чыгарган.

Мүмкүн, кандайдыр даражада мунун да чындыгы бар, бирок карама-каршылыктар массалык, системалык мүнөзгө ээ болгондо, бул эми өкмөттүн маселеси. Адатта, бизде оор кырдаал жаралганда гана «өрттү өчүрүүгө» көнүп калышкан, ал жерге премьер, вице-премьерлер, министрлер нааразычылыкты басууга аракет кылып жетип барышат. Бул конструктивдүү мамиле эмес. Тоо долбоорлорун илгерилетүү боюнча үзгүлтүксүз жана кажыбас эмгек керек, анткени бул потенциалдуу экономикалык булак.

Геологдор скважина бургулашканда, айылда эки баштуу музоолор туула баштады деген сыяктуу жапайы тыянактар жаралбашы үчүн эл менен такай иштөө керек. Агартуучулук ишин абдан күчөтүү зарыл – семинарларга мектеп мугалимдерин, жергиликтүү администрацияны чогултуп, тоо иштеринде эл үчүн эмне кооптуу, ал эми эмне эч кандай коркунуч алып келбей тургандыгын ачык айтып берүү абзел.

Стратегияда биз экономикалык география боюнча окуу китебине «тоо-кен ишмердүүлүгү» бөлүмүн киргизүүнү сунуштаганбыз, анда анын пайдалуулугу жана коркунучтары жөнүндө айтылмак. Бирок биз азырынча Билим берүү министрлигинен колдоо тапкан жокпуз, алар окуучуларга болгон ансыз деле чоң окуу жүктөмү ого бетер көбөйөт деп эсептешет.

Биз тоо-кен ишмердүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин такай, мүмкүн, ал тургай тажатканча жүргүзүү үчүн мамлекеттик телекөрсөтүүнү, гезиттерди да тартууну сунуштаганбыз.

Азыр биздин топ ЮСАИДдин колдоосу менен райондорго барып, жергиликтүү элге стратегиянын жоболорун түшүндүрүп жатышат. Жакшы көркөмдөлгөн жана жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен жазылган брошюра кыргыз тилинде даярдалып жатат.

Мага америкалык-канадалык кенже жаш курактагы балдар үчүн боемо-китепчени көргөзүп калышты. Бизде көпөлөктөр менен, гүлдөр менен, мультиктердин каармандары менен мындай боемолордун түрүн сатышат, ал эми бул китепчеде геологдор кенди кантип табышканы, ишканалар кантип курулаары көрсөтүлгөн. Кичинекейинен тартып эле балдар тоо-кен ишмердүүлүгү – бул алардын жашоосунун бөлүгү экендигин түшүнө били шет. Бизде ушундайлар чыгарылса жакшы болор эле. Жөнөкөйдөй көрүнгөн китепчени бала кызыга тургандай кылып, ага оңой эмес маалыматты жеткире билүү өтө эле кыйын экенин түшүнүп турам. Ал эми чет элдик китепчени көчүрүп алуунун эч кандай кажети жок, бизде «кабыл алуу» башкача.

Эң башкысы, Геология боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун киргизгени –конкурстарды жана аукциондорду ал адегенде кен чыккан жерге барып, жергиликтүү эл менен шарттарды макулдашып баштаганы, аукционду ошол жерде өткөргөнү. Эл аукциондорго гана катышпастан, жеңүүчү үчүн шарттарды иштеп чыгышат, ошентип бардыгы ийгиликтүү өтөт. Өздөрү ойлогон акчаны ала алышпаса дагы, болгонун алып жатышат жана азырынча тынч иштеп жатышат.

Чакан кендерден баштап жатышкандары туура, анткени ийгиликтүү мисалдар маанилүү. Эми, эч болбогондо, агенттиктин директорунун сөзүнө караганда, жергиликтүү эл алар үчүн жергиликтүү администрацияга акчалар келип түшүп жатканын, жана социалдык объектилерди жакшыртууга боло тургандыгын сезип калышты. Алар регионалдык фонддорду түзүшөт жана бул фонддордун алдында байкоо кеңештери иштейт.

Биз иштеп чыккан стратегия Кыргызстандын жаратылыш байлыктары азыркы жана келечек муундарынын ишенимдүү энчисинен болуп калышы үчүн багытталган. Бирок буга тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана аны башкарууга узак мөөнөттүү, социалдык жана экологиялык жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун шарттарында гана мүмкүн болот.