Сереп / Макалалар /
Корпоративдик социалдык жоопкерчилик - бул кайрымдуулук эмес

Асель Арстанбекова, «CSR Central Asia» корпоративдик өнүктүрүү агенттигинин директору
1 январь 2015

Акыркы жылдары корпоративдик социалдык жоопкерчилик (КСЖ) темасы Кыргызстандын бизнес-коомдоштугунда жетишерлик модалуу болуп калды. Тараптардын дээрлик бардыгы – компаниялар, жергиликтүү коомдоштуктар, жарандык сектор бул теманы талкуулап жатышат. КСЖ маселелерин талкуулоого боло турган көптөгөн иштиктүү аянтчалар пайда болду.

Компаниялардын экологиялык активдүүлүгүнүн талкуусу, компаниялардын жарандык сектор менен өнөктөштүгүнө карата кызуу дискуссиялары жандуу өтүп жатат, компаниялардыкы сыяктуу эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн да ачык болушуна көп көңүл бурулууда.

Жалгыз кемчилик – бул терминологиядагы чаташтыруу. Адамдар азыркыга чейин КСЖны кадимки социалдык активдүүлүк, кайрымдуулук программалары катары кабыл алышат. Чындыгында «бизнестин корпоративдик социалдык жоопкерчилиги» термини кененирээк аныктама ээ, анын ичинде, өзгөчө көйгөйлүү жагдайларда уюмдар талкууларда канчалык ачык болгону, жана көйгөйлөр азыр ЖМКларда олуттуу чагылдырылып жатканы, айрыкча тоо-кен компаниялары менен элдин мамилелерине байланышкан көйгөйлөр бар. Бул эл сатып алган продукциянын сапаты, коррупция, социалдык аспектилер маселеси. КСЖга коммерциялык компанияларда жол берилип жаткан адам укуктарынын бузулушу менен байланышкан маселелер таандык.

КСЖ кеңири талкууланып жатканына карабастан, биздин өлкөдө бул чөйрөдөгү эксперттер дагы эле өтө аз. Анын себеби, бизде туруктуу өнүгүү жана КСЖ боюнча окутуу программаларынын жоктугунда. Азыр ЖОЖдордо КСЖ боюнча сабак киргизилип жатат, биз буга абдан кубанычтабыз, бирок жакшы адабияттар жок жана мугалимдер атайын даярдыктан өтүшкөн эмес. Регион үчүн инновациялык болгон экология жана туруктуу өнүгүү факультетин ачуу менен БААУ жакшы демилге көтөрүп чыкты. КСЖнын негиздери менен «Манас» университетинде да тааныштырат, бирок бул ЖОЖдордо чет өлкөдөн даярдалышкан мугалимдер иштешет. Калгандарында сабак өтүү үчүн булак болуп интернет кызмат кылат, ошондуктан КСЖны системалык түшүнүү ал жакта жок.

Биздин уюм билим берүү процессине колдон келген салымын кошууда, мисалы, биз «Туруктуу өнүгүү» деген окуу куралын иштеп чыгууга катыштык, аны азыр мектеп мугалимдери колдонуп жатышат.

КСЖны илгерилетүүдө өзгөчө ролду жалпыга маалымдоо каражаттары ойнойт, жана бизден окуп кетишкен журналисттер жакшы материалдарды жазып жатышат. КСЖны чагылдыруу боюнча ЖМКлар арасында конкурстарды өткөрүп жатканыбызга үч жылдын жүзү болуп калды, жана жыл өткөн сайын материалдар сабаттуу жана сапаттуу боло баштады. Бирок жалгыз кемчилигибиз – негизинен булар орус тилдүү ЖМКлар. Азыр, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мамлекет өзгөчө көңүл буруп, буга олуттуу каражаттарды бөлүп жатканда, кандайдыр жылыштарды күтүүгө болот.

Азырынча КСЖ чөйрөсүндө билимдер, окутуулар, жана жарыялоолор жетишпейт, жана муну бул процесске тартылгандар дагы моюндарына алышат. Борбордук Азиядагы корпоративдик социалдык жоопкерчилик жөнүндө биздин порталыбыздан (www.csr-ca.com) КСЖ боюнча ар кандай маалыматтарды табууга болот. Ага компаниянын жарыялоолорун, изилдөөлөрүн, финансылык эмес отчетторун кошууга болот, жана алар боюнча анын өнүгүшүнүн динамикасына көз салып турууга болот.

2017-жылга чейинки КРнын Туруктуу өнүгүшүнүн улуттук стратегиясынын кабыл алынышы менен өзгөчө бул теманы түшүнүү маанилүү. Тилекке каршы, туруктуу өнүгүү менен КСЖ – бул бир эле нерсе экенин түшүнгөндөр аз. Туруктуу өнүгүү жөнүндө гана биз улуттук стратегиянын алкагында айта алабыз, ал эми КСЖ тууралуу – бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө кандай салымын кошо ала турган, ошону менен бирге өздөрүнүн бизнес-функцияларын бекемдеген жана кирешелүүлүгүн жогорулаткан уюмдар жөнүндө болуп жатат.

Компаниялар эсине алуу сунуш кылынган КСЖнын бир нече багыттары бар, - кабыл алынган чечимдердин ачыктыгынын камсыз кылынышы, персоналды өнүктүрүүнүн коопсуздугу жаатында мыйзамдын сакталышы.

Өтө маанилүү аспект, жана ал бизде мамлекет тарабынан жөнгө салынат, - бул экологиялык жоопкерчилик. Мыйзамдуулук көз карашы менен алганда бул түзүүчү Кыргызстанда эң сонун тартипке келтирилет.

Биз, албетте, уюмдарга адам укуктарын сактоону – гендердик белгилери, билим деңгээлдери, улуту боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды басмырлабоону сунуш кылабыз. Көптөгөн компаниялар бүгүнкү күндө мындай тажрыйбаларды жүргүзүшөт.

Социалдык долбоорлор боюнча компанияларда көптөгөн маселелер жаралат. Компаниялардын долбоорлору бир гана жолку өткөрүлүүчү иш-чара эмес, кыйла ойлонуштурулган жана туруктуу болушу жакшы болор эле. Баалоонун эффективдүүлүгүнүн аспаптары бар, балдар үйүнө жөн гана акчаны же белекти берип коюу – бул, албетте, жакшы иш экендигин түшүнсүн үчүн биз компаниялар үчүн окутуучу маалыматтык иш-чараларды өткөрүп турабыз. Бирок балдар менен иштей турган, аларды айрым турмуш көндүмдөрүнө үйрөтө турган мугалимдерди окутуу маанилүүрөөк, мисалы, балдар бул көндүмдөрдү өз алдынча жашоосунда колдоно ала тургандай бакма коендорду, гүлдөрдү өстүрүү ж.б. сыяктуу социалдык ишкердик менен алектенүүгө көмөктөшөт.

КСЖнын инвестициялары кыйла ойлонуштурулган болууга тийиш. Компания же уюм канчалык чоң болсо, ал иштеп жана өнүгө турган территориянын алдында жоопкерчилиги ошончолук жогору болот. Менин көз карашымча, калктын бир жолку суроо-талабына таасир кылуу, мисалы, мектепти оңдоо иштерине, натыйжалуу долбоор болуп саналбайт. Эгер ири, туруктуу уюмдар экологияга жана өлкөнүн финансылык абалына таасирин тийгизүүчү тармактарда иштешсе, анда алардын тажрыйбалары орду толуучу, натыйжалуу, коомчулукка маанилүү болууга тийиш. Алардын социалдык инвестицияларынын мүнөздөмөлөрү, мисалы, орто соода ишканасы эмне жасаганынан айырмаланып турууга тийиш.

Биз ар кандай тармактарда иштеп жатып, соода сектору, мобилдик операторлор, банк жана финансы сектору, чакан финансылык уюмдар КСЖга активдүү тартылып жатканын көрүп турабыз.

Мобилдик коммуникациялар секторунда MegaCom компаниясынын тажрыйбасы кызыктуу, ал социалдык инвестициялардын туруктуу долбоорлорунун дээрлик талаптарынын бардыгына жооп берет. Комапния үчүн бул социалдык гана эмес, пайдалуу дагы долбоор, анткени алар ордуна коомдун түшүнүүсүн аларын биз көрүп турабыз.

«Мега Билим» – бул региондорду компьютерлештирүү жана маалыматтык байланыш менен камсыз кылуу боюнча коомдук маанидеги долбоор. Компания территорияга жөн гана өзүнүн аракетин кеңейтпестен, долбоорду системалуу, этап менен аткарып жатканы маанилүү. Ошентип, компания абоненттердин лоялдуулугун жогорулата алат, жана эгер келечекте бүгүнкү окуучу компанияда иштебесе дагы, ал алардын кардары болуп калат.

КСЖ кийин инвестициялардын кайтарылышын акчалай түрүндө гана эмес, ошондой эле компаниянын лоялдуулугу, аброю, кадыр-баркы түрүндө эсептөөгө боло тургандай болуп өнүгүшү керек, анткени мындай долбоорлор территорияны өнүктүрөт жана компаниянын брендин белгилүү кылат.

Жарандык сектор алар өздөрүнүн кирешелерин көбөйтүү үчүн КСЖ долбоорлорун аткарып жатышат деп компанияларды жемелесе дагы, бизнес – бул чарбачылык субъектиси экенин, эгер ал кийин бизнеске коммерциялык түзүм катары өнүгүүгө мүмкүндүк бере алса, ал территорияны өнүктүрүүгө даяр экенин түшүнүүсү маанилүү. Эгер уюм өнүгүп жатса, анда жергиликтүү коомдоштук дагы пайда табат – көп жумуш орундары пайда болот, персоналдын иштөө шарттары жана социалдык камсыз кылынуучулугу жакшырат.