Ал эми Кыргызстанда пандемиядан сырткары өлкөдөгү саясий туруксуздук да бизнес чөйрөсүнө өз кедергисин тийгизгендигин жашыра албайбыз.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Клоопко» маек куруп, учурда өлкөбүздө ишкерлердин абалы тууралуу жана эмне үчүн ири инвесторлор Кыргызстанга келбегенин айтып берди. Мындан сырткары ал бизнес тармагын туура жолго коюу үчүн өкмөт тарабынан кандай маселелерге көңүл бөлүнүшү зарыл деген суроого жооп берди.
«2020-жыл ишкерлер үчүн оор болду»
Сыдыковдун айтымында, 2020-жылдын башында «бизнести колдоо жаатында» бизнес чөйрө жана бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар уюштурулуп, ишкерлердин сунуштары өкмөттүн антикризистик пландарына киргизилген. Ошондой эле, Сыдыков бизнести коргоого багытталган бир катар чаралар кабыл алынганын билдирди.
«Анын ичинде бирдиктүү депозиттик эсеп алынып салынды, эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнөн бошотуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок ошол эле мезгилде базалык салыктан бошотуу маселеси, патент, социалдык төлөмдөр, киреше жана кошумча нарк салыгы сыяктуу бизнестин бир катар сунуштары кабыл алына элек болчу», — деди Сыдыков.
2020-жылдын 25-мартында өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, ал эми COVID-19 көп катталган аймактарга өзгөчө абал режими киргизилген. Кийинчерээк, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте массалык толкундоолор башталып, Кыргызстан саясий кризиске учурады. Нааразычылык акциялары акыры өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келди.
Бул жагдайлар бизнес-чөйрөгө дагы терс таасирин тийгизген. Анын кесепетинени 2020-жылы ишканалардын киреше бөлүгү кескин азайды дейт Сыдыков.
«Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгында экономиканын бардык тармагында жоготуулар орун алды. Белгилей кетүүчү жагдай, өлкөбүздө бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайыз өсүү катталды. Калган бардык тармакта төмөндөө болду. Курулуш тармагы 15,9%, соода-сатык 15,6%га түштү. Жалпысынан ишканалардын кирешелери 20 эсе төмөндөдү. Ал эми соода-сатык, ресторан жана туризм жаатында жүргүзүлүүчү бизнестер пандемиянын шартында жабык болгонуна байланыштуу кескин чоң чыгымга учурады десек болот. Октябрь айынын башында өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө пайда болгон саясий кризисте тоо-кен тармагы 20 млн доллардан ашык чыгымга учурады», — дейт Сыдыков.
«Ишкерлер өлкөгө инвестиция кылуудан коркушат»
«Азыркы ишкерлердин абалы чынында оор. Өзгөчө салык төлөөчү ишканалар көптөгөн көйгөйлөргө кабылат. Укук коргоо жана текшерүүчү органдар тарабынан тынымсыз, ошол эле мезгилде акыйкатсыз кысымдардын орун алышы да ишкерлерди туңгуюкка кептейт», — деди Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору.
Сыдыков «Скай Мобайл» жана «Чаарат ЗААВ» компанияларын мисал катары келтирди. Буга чейин салык кызматы «Скай Мобайлга» 75 млн доллардан ашуун, ал эми «Чаарат ЗААВга» 2 млрд сом кошумча салык эсептеген.
«Бирок эмненин негизинде ушундай чоң суммадагы каражат зыян келтирилгендиги тууралуу так далилдер жок. Ушундай алашемдиктердин айынан ишкерлер өлкөгө инвестиция кылуудан коркушат. Абдан жакшы мыйзамдар жазылган, бирок алар аткарылбагандыктан ишкерлер кыйналышат. Чет жактан келе турган инвесторлор “Кыргызстанда иштеген кандай экен? Кандай текшерүүлөр болот? Инвесторлорго болгон мамиле кандай?” деп ишкерлерден сурашат. Негативдүү жоопторду уккан бизнес өкүлдөрү “ири инвесторлорго ушундай мамиле кылса, анда бизди басмырлап салат го” деп ойлоп, келбей коюшат. Канчалык далалат кылып, сиздерди колдойбуз деп сөз бергенибиз менен башка ишкерлердин тажрыйбасын угат», — деди ал.
Сыдыков алар укук коргоо органдарына, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына «инвесторлорго ылайыктуу климат түзүп берели» деп айтып жүргөнүн белгиледи. Анын айтымында, эгерде бизнес-чөйрөсү кыйынчылыктарга кабыла берсе бийликке ишеним жоголуп, өлкөдөн ишкерлер да кетип калышы мүмкүн.
Бизнес-акыйкатчы жөнүндө
Сыдыков ишкерлер акыйкатчысы институтуна да токтолду. «Бизнес-акыйкатчы» кызматы 2019-жылдын башында түзүлгөн.
Бул институт ишкерлердин мамлекеттик органдар тарабынан бузулган укуктарын коргоо, коррупция менен күрөшүү, ишкердикти өнүктүрүү боюнча мыйзамдардын иштелип чыгуусуна жана иштөөсүнө түрткү берүү багыттарында иш алып барат.
«Мыйзамга ылайык каттоодон өткөн ишкерлер укугу бузулган учурларда бизнес акыйкатчыга кайрыла алышат. Бизнес акыйкатчысы институту иштеп баштаган күндөн азыркы күнгө чейин ишкерлерден алтымыштан ашык даттануулар түштү. Кыска убакытта бизнес өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо максатында алгылыктуу иштер жүрдү. Алсак, ар кандай бут тосууларга карабастан ушул мезгилге чейин 80 миллион сомдон ашык каражат ишкерлердин пайдасына чечилди», — деди Сыдыков.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору «Бизнес-акыйкатчы» институту өкмөт тарабынан колдоого алынып турса, текшерүүчү органдар алар менен «тыгыз иш алып бармак» деп эсептейт. Ошондой эле, Сыдыков бюрократиялык административдик тоскоолдуктарды кескин азайтып, жөнөкөй эрежелерди орнотуу зарыл деп эсептейт.
«Ошондо гана өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө салым кошулуп, көмүскө экономика ачыкка чыкмак», — деп жыйынтыктады Сыдыков.
Көмүскө экономика канткенде ачыкка чыгат?
Сыдыков 2008-жылы кабыл алынган Салык кодексине 80ден ашуун толуктоо-өзгөртүүлөр киргизилгенин эскертти. Сыдыков салык ченемдери улам-улам өзгөртүлө берсе, «ишкерлер жүдөйт» деп эсептейт.
«Ар бир өзгөрүү толгон-токой кагаздарды, документтерди талап кылат. Аргасыз жабылууга же кетип калууга туура келет. Андыктан бизге экономикалык саясаттын, анын ичинде фискалдык саясаттын туруктуулугу аба менен суудай зарыл. Ар кандай изилдөөлөргө ылайык, биздеги көмүскө экономиканын көлөмү 60%га чейин деп жатышат. Демек, экономиканын жарымынан көбү көмүскөдө, бул чоң көрсөткүч. Аны тескей албай жатабыз. Бул боюнча дүйнөдө кеңири колдонулган практика, ыкмалар бар. Бизге болгону мыйзамдарды, талаптарды жөнөкөйлөтүү керек. Өкмөт менен бизнес ассоциациясынын ортосунда туруктуу байланышты түзүп, биргелешип комплекстүү иш алып баруу зарыл», — деп эсептейт Сыдыков.
2020-жылдын октябрь айындагы массалык толкундоолордо ишкерлер ассоциациясы Сыдыковду өкмөт башчылыкка сунуштоону көздөшкөн. Сыдыков бул сунушту колдогон.
«Чындыгында өлкөдөгү ушундай оор кырдаалда бул кызматты аркалап, мамлекеттин жүгүн убактылуу болсо да моюнга алып, эл ишенимин актап кетүү абдан чоң жоопкерчилик. Мекенибиз оор кырдаалга кептелгенде ошондой жоопкерчиликти моюнга алуу керек. Мен ошого даяр болчумун. Азыркы убактылуу өкмөт да колдон келген аракетин жасап жатат. Бардык мүчүлүштүктөрдү кыска убакыттын ичинде оңдоп кетүү мүмкүн эмес. Мына буйруса акырындап бир нукка түшүп келе жатат. Келечекте өлкөбүздө бардыгы жакшы болот деген ойдомун», — деп жыйынтыктады Сыдыков.