Биз тууралуу / Өнөктөштөр /
Ассоциациялар

КР соода-өнөржай палатасы (СӨП)

КР соода-өнөржай палатасы (СӨП) - мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюм болуп, чет элдик жана өлкөдөгү партнердук ишкерлердин биригүүсү. Ал мамлекеттик уюмдар жана башка өлкөлөр менен байланыштарын кеӊейтип, КР экономикасынын өндүрүштүк, илимий-техникалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө жардам берет.

Палата 1959 жылы 24 декабрьда түзүлгөн.

КР Соода-өнөр жай палатасынын миссиясы Кыргызстандагы ишкерлерди өнүктүрүү жана коргоо, аларга ылайыктуу укуктук айлана чөйрөнү, инфраструктураны жана башка шарттарды түзүү. Ал улуттук жана эл аралык базарга чыгууга жана ар бир ишкердин өзүнүн ишин өнүгүүсүнө реалдуу, теӊ мүмкүнчүлүктөрдү бергенге умтулат.

КР СӨП чет өлкөлөрдө жана бардык региондордо өкүлдүктөрү бар, ал ишкерлерге ыӊгайлуу убакытта кызматтарын берүүгө камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Палата тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Жаш ишкерлер Ассоциациясы (ЖИА)

Жаш ишкерлер Ассоциациясы (ЖИА) - 2006 жылдын 26 декабрьда түзүлгөн коммерциялык эмес уюм. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын баардык региондорунан 300дөн ашык ишкерлер ассоциацияга кирет. Уюм өз ишкердигин өлкөнүн түштүк жагында да ишке ашырат. «ОшЖИА» түштүк областарынан 130дан ашык ишкерлерди бириктирет. ЖИАнын миссиясы - жеке ишкердикти өнүктүрүү жолу менен Кыргызстандагы патриотизмдин, демократиянын жана сабырдуулуктун нарктуулугун илгерилөө.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Ассоциация тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргызстандагы банктардын союзу (КБС)

Кыргызстандагы банктардын союзу (КБС) - бул КР Улуттук банкынын уруксаттамасынын негизинде КР аймагында жүргүзүлүүчү коммерциялык банктардын, филиалдардын жана резидент эмес банктардын өкүлдүктөрү жана финансылык-кредиттик адистештирилген мекемелердин өз эрки менен иштелүүчү бирикмеси.

КБСтин негизги маселери: КБС мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү ченемдик жана мыйзамдардык актыларын иштеп чыгуу, талкулоо жана лобирлоо, ылайыктуу мамлекеттик бийликтин органдарына жана башкармалыктарга сунуштарды киргизүү; мыйзам долбоорлордун экспертизасын, иштеп чыгуучулар менен өз ара аракеттери; банк союзунун мүчөлөрүнө уюштуруу, маалыматтык-аналитика, методикалык, укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүү.

Өз маселелерин башкарып, суроолорду талкулоодо коммерциялык банктардын кызыкчыларын расмий жолугууларда, конференцияларда, эксперттик топтордо жана иш отурумдарда, парламенттик каралышында болсо да ачык көз карашын ар түрдү иш-чараларда КСБ катышууга умтулат.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Союз тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Жеткирип берүүчүлөрдүн Ассоциациясы

Подробную информацию о Ассоциации вы можете найти пройдя по ссылке.

Бишкектик ишкердик клубу (БИК)

Бишкектик ишкердик клубу (БИК) 2002 жылы түзүлгөн. Клуб коомдук уюм болуп эсептеленет жана коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюм катарында каттоодон өткөн.

БИКтин миссиясы – Кыргызстанды ишкердик жана финансылык активдүүлүктүн регионалдык борборуна айландыруу жана ишкердик ишмердигинин шарттарын түп-тамырынан жакшыртуу.

Ошентип, Кыргызстан компаниялардын өкүлдүктөрүн, капиталды жана адамзаттык ресурстарды тартууга жетишет.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Клуб тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргызстандын ишкерлердин бирдиги (КИБ)

Кыргызстандын ишкерлердин бирдиги (КИБ) – бул 2002 жылдын 20 мартында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм. Бүгүнкү күндө 10,000 ашык мүчөлөрдү, 18 тармактык Ассоциацияларды жана 16 регионалдык ассоциацияларды жана кеӊештерди бириктирет. КР ЭИК (Эл арлык ишкерлер кеӊеши), СӨП (соода-өнөржай палатасы) жана башка бизнес-коомчулуктардын кызыкчыларын билдирүүчү жетекчи партнерлору менен эмгектештенет.

Кыргызстандын ишкерлердин бирдигинин миссиясы: кызматташтыкты өнүктүрүү жана кубатту, эффективдүү уюм менен гана бизнести бүтүн жана экономиканын ар кандай тармактарындай саясатын жана стратегиясын өнүктүрүү жана ишке ашыруу, бизнестин концентрациялоолук ой пикирин билдирүү, ишкердик коомчулукту өлкөлүк жана региондук деӊгээлдеги барктуу күчкө айландыруу.

КИБ Кыргызстандагы ишкерлердин жана кеӊештик чөйрөлөрдүн бирикмесинде; жайлуу ишкердик чөйрөсүн түзүүдө; кыргыз бизнесинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда; Кыргызстандын элинин татыктуу жашоосун жана экономикасын динамикалуу өнүгүүсүн камсыздоодо өз багыштоосун көрөт.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Бирдиги тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргыз-орус экономикалык кеӊеши

Кыргыз-орус экономикалык кеӊешинин Юридикалык жактардын биригүүсү – бул коммерциялык эмес уюму, ири орусиялык компаниялардын жетекчилеринин демилгеси боюнча 2012-жылдын 23 августта жаратылган. Кеӊеш КР аймагында ишмердигин жүзөгө ашырат. Ал мүчөлөрүн ищмердигин координациялоо максатында, башка компаниялар менен жана ишкердик биригүүлөр менен жалпы кызыкчыларды коргойт жана өкүлдөйт.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Кеӊеш тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Америкалык соода палатасы

КР Америкалык соода палатасы (AmCham) – бул 2005 жылы түзүлгөн бизнес ассоциациясы. Анын мүчөлөрү эл аралык жана жергиликтүү алдынкы компаниялар. Дүйнө боюнча 100дөн ашык филиалдары бириктирген AmCham глобалдык тармак болуп саналат. Мамлекетке чет элдик инвестицияларды тартуусунда AmCham жалпыга таанылган аталыш болуп саналат.

КР Америкалык соода палатасынын миссиясы – сыйлыктоо жолдору менен бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн жана кызыкчылыктарын эффективдүү лоббирлөөдө, жергиликтүү жана чет элдик компаниялардын жагымдуу ишкердик климатын түзүү.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Палата тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргыз-орус бирикмеси "Жаңы экономикалык демилгелер"

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Бирикмеси тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Борбордук Азия КСЖ (корпоративдик социалдык жоопкерчилик)

Борбордук Азия КСЖ – бул бизнестин социалдык жоопкерчиликтүү тармагындагы эксперттик уюм. Ал бизнестин өз ара аракетин борбордук ролун аткарат жана натыйжалуулуктун социалдык, экологиалык жана экономикалык тармагындагы программаларды ишке ашырат. Борбордук Азия КСЖ Казакстан жана Кыргыз Республикасынын аймактарында кызмат кылат.

Борбордук Азия КСЖ мисссиясы бул Борбордук Азиядагы экономикалык, экологиялык жана социалдык өнүгүүгө тийиштүү суроолорду массалык маалымат каражаттары, жарандык коом, бизнес сектор жана мамлекеттик органдар арасында талкулоону жана өз ара эффективдүү аракеттешүү практикасын бардык жерге таратуу.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Уюм тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргыз-тюрк ишкердик коом «КЫТИАД»

16 кыргыз-тюрк фирмаларынын башчылыгында Кыргызстан жана Туркия ишкерлеринин аралыгындагы өз ара жардамдашуу максатында 1996 жылы 16 июлунда «КЫТИАД» түзүлгөн.

Мамлекеттерди бириктирүү үчүн көп жолдор бар. Алардын бири бул тил, билим, маданият жана соода-сатык. Эки мамлекеттин арасындагы жолдорду бириктирип жана куруп кошкон Кыргыз-тюрк ишкердик коом «КЫТИАД», фирмалардын биргелешкен иш-аракеттердин жардамы менен эки мамлекеттин урматтоосун тааныган. «КЫТИАД» КРда маанилүү экономикалык ишмердигин Коомдун 110 мүчө-фирмалар аркылуу жүргүзөт. Кыргызстан жана Туркия арасындагы соода жана экономикалык мамилелерин өнүгүүсүнө маанилүү ролун ар күн сайын өнүгүп жаткан коом аткарат. Кыргызстан, Туркия жана Европа ишмердигин тааныштыруусун аткарып «КЫТИАД» эл аралык кадыр-баркын жабышты. Азыркы убакытта 250 тюрк фирмалардын алып келген инвестициялардын суммасы 350 млн. АКШ долларын түзөт. Ошого себептүү Кыргызстанда маанилүү жана күчтүү жарандык коом түзүлгөн.

Кыргызстанда инвесторлордун арасында Канададан кийин Турция экинчи орунду ээлейт.

«КЫТИАД» жумуш орундарын берүүдө биринчи орунду ээлейт. Азыркы убакытта «КЫТИАД» фирмаларында 8000ге жакын жергилик жана 1,500ге жагын чет элдик жарандары иштешет. Андан тышкары, КР 9,500ге жакын жарандар соода чөйрөлөрүндө жана филиалдардын кошумча кызматтарынын чөйрөсүндө жана тюрк фирмаларга камтыган компанияларда иштешет. Жалпысында, жумуш орундары 20,000ге жалпы санга жетет. «КЫТИАД» Кыргызстандын экономикасына маанилүү өнүктүрүүлөрдү киргизүү менен теӊ, жарандардын ишке орношуусу ар кандай тармактагы тажрыйбалуу адистердин даярдыкка себеп болот.

Тике элдештирүүчү болуп Бишкектеги Туркия Элчилигин жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын арасында ишенимдүү жана таза мамилелерди «КЫТИАД» камсыздайт.

Кыргызстанга Коом жаӊы чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча иштеп, программаларды жана иш-аракеттерди ишмердикке багыттайт. Кыйынчылыктар маалыматы менен ишкерлердин урунууларды компетентик мамлекеттик органдарына өткөрүп, Мыйзамдар жана жоболордун мамилесинде элге жана мамлекетке материалдык жана моралдык жардамдарды берет.

«КЫТИАД» коомунун мүчөлөрү экономиканын ар тармагында ишмердигин алып баруучу мекемелер болуп, өӊдүрүү, соода, тейлөө жана курулуш, азык-түлүк жана дыйканчылык, туризм жана курулуш, текстиль жана соода, банк иши жана билим, өнөр жай жана эмерек ишмердиги, курулуш жана соода борборлорун пайдалануу кирет. Алардын баары экономиканын локомотивдери болуп эсептеленип жана атактуу соода маркалары болуп түзүлгөн.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Коом тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргыз туроператорлордун ассоциациясы (КТОА)

Кыргыз туроператорлордун ассоциациясы (КТОА) - Кыргызстандагы эӊ чоӊ жана алдынкы туристтик индустриясында өкүлдүктөрүнүн ассоциациясы. Ал 1999 жылы коммерциялык эмес уюм болуп КР Юстиция министирлигинде ырасмий түрдө катталган. КТОАнын мүчөлөрүнүн саны 48 уюм эсептелинет (45 туристтик компания жана мамлекеттин үч жогорку окуу жайы).

КТОАнын миссиясы – региондордун өнүгүүсүн жана мындын ары да экономикалык өсүүгө мүмкүндүк берүүгө жетишсүү. Ассоциация өз катарында, бүт дүйнөлүк пайдаланган стандарттарына жана принциптерине негизделинет, ошондой эле жагымдуу туристтик тармагынын чөйрөсүн түзүүгө аракеттенет.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Ассоциация тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

«Союзтекстиль» Ассоциациясы

А«Союзтекстиль» Ассоциациясы, 30 ишкананын жана анда иштеген 1,500-2,000 адамдардын, индивидуалдык тигүү тармагынын ишкерлердин кызыкчылыктарын көрсөтөт.

«Союзтекстиль» коммерциялык эмес уюм - 2000 жылы, Германдык Техникалык Кызматташтык коомунун жана ишкерлер демилгеси боюнча түзүлгөн. Ал Кыргызстандын ички базарында жана эл аралык базарында өнүгүү үчүн эӊ жайлуу шарттарды түзүү максатында оӊой өнөр жай ишканалардын бириктирет.

«Союзтекстиль»дин негизги максаттары:

Ассоцияциянын мүчөлөрүнүн бизнесин туруктуу өнүгүүсүн жана эффективдүү өнүгүүсүнө түрткү берүү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыгы жана өзүнүн кызыкчылыктарын лоббирлөө маселелеринде текстиль өнөр жайын колдоо.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Ассоциация тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Мекендештердин гильдиялар Ассоциациясы

2010-жылы түзүлгөн Мекендештердин гильдиялар Ассоциациясы юридикалык жактардын уюмун статусун ээлеп, коммерциялык эмес уюм деп эсептеленет, анын ичинде коммерциялык уюмдар ар кандай тармакта өз ишмердигин жүзөгө ашырышат.

Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы менен коммерциялык түзүлүшү арасындагы өнөктүк мамилерерди дагы, коомдун кызыкчылыктарын активдүү көрсөтүүдө, коомдук макулдашылган көз караштардын түзүлүүсү, Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында Ассоциация түзүлгөн. КРдагы Россия Посольствасынын колдоосун жана баамдосун Мекендештер гильдиялар Ассоциациясынын максаттарын жана маселелерин тапкан.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Ассоциация тууралы толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Чет элдик инвесторлор Ассоциациясы

Бизнести жайлуу алып баруу шарттарын түзүү жолдорун, чет элдик инвесторлорго профессионалдык колдоо көрсөтүү бул Ассоциациянын башкы максаты болуп саналат.

Ассоциациянын миссиясы – технологиялык жана инновациялык чечимдерди тартуу жана киргизүү, чет элдик инвесторлорду колдоо, адал ниеттүү ишкердикти көтөрүү аркылуу КР атаандаштыкка жөндөмдүүлүк экономикасын өнүктүрүгө салымын кошуу.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Ассоциация тууралы толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Байланыш операторлордун Ассоциациясы (БОА)

Миссиясы:

Кыргыз Республикасындагы байланыш операторлордун кызыкчыларын активдүү коргоо жана өкүлдөө, лоялдуулук, таасирдүү жана профессионалдуу принциптеринде, коммерциялык коммукациондук технологияларын илгерилөө жана лобирлөө БОА катышуучуларынын бизнесин онүктүрүү жана чыныгы көйгөлөрүн чечүүгө умтулат.Маалыматтык-коммуникациондук технологиялар тармагындагы базардык мамилелерин түзүүгө умтулат.

Ишмердиги:

Ассоциациянын мүчөлөрүнүн кызыкчыларынын илгерилөө жана коргоо, Маалыматтык-коммуникациондук технологиялар тармагындагы укуктук маселер боюнча консультативдик жардам берүү, байланыш тармагындагы башкаруу, уюштуруу, улуттук техникалык саясатын түзүүдө жана жөнгө салууда катышат.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Ассоциация тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Директорлор гильдиясы

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Гильдия тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

«Жер азыгы» - Кыргызстандагы агробизнесмендердин Ассоциациясы

2002-жылдын 18 март айындан баштап «Жер азыгы» - Кыргызстандагы агробизнесмендердин Ассоциациясы өз ишмердигин жүзөгө ашырат.

«Жер азыгы» Кыргызстандагы агробизнесмендердин Ассоциациясынын миссиясы легалдуу бизнесин өнүгүүсүнө түрткүү берүү жана айыл чарба өндүрүү куралдарын, башкаруучулардын, жеткирүүчүлөрдүн жана релизаторлордун арасындагы байланыштарды жөндөө, жана мүчөлөрүнүн кызыкчыларын коргоо.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Ассоциация тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Салык консультанттардын палатасы

Миссиясы

Салык төлөөчүнүн жана мамлекеттин кызыкчыларынын балансын сактоо, салык консультантын кесибин өнүктүрүү жана илгерилөө.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Палата тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Менеджерлердин Ассоциациясы

Менеджерлердин Ассоциациясы (КР) – КР ишкердик чөйрөнүн өнүгүүсүнө жардам берүүгө ишмердикке багытталган коомдук уюм. Ассоциациянын негизги максаты төмөнкү шарттарды түзүү:

Мамлекеттеги алдынкы менеджерлер арасынында байланыштарды өнүктүрүү;

Жетекчилердин профессионалдык деңгээлин өнүктүрүү;

Бийликтин органдары жана бизнестин өз ара аракетинин конструктивдик механизминдерин жөндөө;

Эл аралык экономикалык мейкиндиктеги мамлекеттеги ишкердик коомчулуктун интеграциясы.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Ассоциация тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.