Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
Аскар Сыдыков, Кыргызстандын эл аралык ишкерлер кенешинин аткаруучу директору: Бюджеттин 20 пайызын толтурган тоо-кен ишканаларын мамлекетке алабыз дебей, тескерисинче инвесторлорго колдоо көрсөтүшүбүз керек!

sayasat.kg
7 апрель 2022

- Маегибизди учурдагы жалпы экономикалык кырдаал боюнча баштасак. Украинадагы согуштук аракеттер Кыргызстандын экономикасына кандай таасирин тийгизет?

- Бул суроо абдан маанилүү. Анткени, кесепеттери бизге сезилип жатат. Мындан да терең сезиле берет. Биздин экономикабыз Россия экономикасы менен тыгыз байланышта, валютабыздын дагы рублге байланышы бар. Акыркы убакта валютабыздын куну да өзгөрүүгө дуушар болду, ар кандай товарларга баа көтөрүлдү. Бул бир гана биздеги эмес, дүйнө жүзүндөгү кризис. Анын бизге таасири сөзсүз тиет. Мындан ары кызматтарды жеткирүүдө, төлөмдөрдү төлөөдө дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Ошондой эле, биздин чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибизге да кыйынчылык жаралышы ыктымал, кирешелери азаят же иштеген иши токтоп калат дегендей. Ошондуктан, биз антикризистик чаралар боюнча көп талкуулап жатабыз, өкмөт жана башка бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен кызматташуудабыз.

- Өкмөт жакында антикризистик планын жарыялады. Жеке сиз өкмөттүн бул жаатта жасап жаткан иштерине канааттандыңызбы?

- Антикризистик пландын акыркы версиясын окуй элекпиз, ачык жарыяланган жок. Кызматтык пайдаланууга таандык деп коюшту. Эми байкап туралы кандай болоорун. Менимче, көбү мурдатан пландалган иш чаралар. Ошол эле ирригация, айлыктарды жогорулатуу, агроөнөр-жайга бөлүнгөн жеңилдетилген насыялар ж.б. Ошондуктан, толук кандуу канааттандыраарлык план болду деп айта албайбыз. Бирок жакшы иш чаралар камтылганын белгилей кетишибиз керек. Кризистин кандай кесепеттерди алып келээрин эч ким алдын ала айта албайт. Планды алдыда ийне-жибине чейин карап, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизебиз деген үмүттөбүз. Бул финалдык жыйынтыктоочу документ эмес.

- Бүгүнкү күндө бизнес менен бийликтин мамилеси кандай болуп жатат? Пандемиядан бизнес кандай жабыр тартканы баарыбызга маалым, эми иштейин деп жатышканда өлкөдө бийлик алмашып, туруксуздук орун алды. Эми гана абал стабилдешип калганда Россия-Украина жаңжалы чыкты. Ушундай шартта бийлик бизнеске колун сунуп, жардамын берүүгө аракеттенип жатканы сизге сезилдиби?

- Сезилип жатат, диалог бар. Себеби, көп платформада президентке чейин, өкмөттүк деңгээлдеги дагы бизнес боюнча кеңешме бар. ЖК төрагасынын, Башкы прокуратура, ал турмак Жогорку соттун алдындагы дагы аянтчаларыбыз бар. Чакырышат, акылдашышат, кеңешишет, бирок андан толук кандуу жыйынтык чыгып жатат дегенден алыспыз. Анткени, анын баарын ишке ашыра турган кадрлар жетишпей жатат. Көп чыгаан кишилер мамлекеттик кызматтан кетишти, акылдуу, билимдүү жаштардын көбү мамлекеттик кызматка барышпайт. Аны эске алып биз жардам берип жатабыз. Азырынча мурда эле кабыл алынышы керек болгон иш чаралар кабыл алына элек. Кээ бир сунуштарыбыз каралган жок. Бирок дагы деле үмүтүбүз бар. Ооба, жыйынтыкка жетпей калышыбыз, кабыл алынган чечимдердин баары аткарылбай калышы мүмкүн, бирок диалог бар.

- Аянтчалардагы жолугушууларда, талкууларда сиздер тарабынан кандай конкреттүү сунуштар болуп жатат?

- Бизден бир сунушубуз – мыйзамдын иштөөсүн камсыздоо. Аны ар бир жерде какшап жатабыз. Мыйзамда көп жакшы нерселер кабыл алынган, бирок аткарылбай жатат. Эл аралык эксперттер дагы “Силерде мыйзам жакшы жазылган, бирок мыйзамдын үстөмдүгү болбой, ошол нерселер аткарылбай жатат”, - дешет. Бул купуя эмес, бир эле мыйзам мындайынан дагы, тигиндейинен дагы иштеп кетет. Ар кайсы жакка буруп койсо болот. Ошону турукташтырып, бир багытта гана болуусун камсыздасак жакшы болот эле. Экинчиден, соттун адилеттүүлүгүн камсыздашыбыз керек. Ишкерлер айтып калышат: “Эгерде мамлекет бизнес үчүн бир гана иш жасай турган болсо, ал сот адилеттүүлүгүн камсыздоо болсунчу”, - деп. Анткени, эмне болбосун жыйынтыгында сотко кайрылабыз. А азыр сотко толук ишеним жок. Эч ким алардын тараза ташына тагдырын кепилдик менен кое албайт. Үчүнчүсү, бюрократиядан арылуу деп жатабыз. Санариптештирүү дегенибиз менен ушул азыр дагы эл справка алууга чуркап, уруксат берчү документтерди жасатуу түйшүгүндө жүрүшөт. Төртүнчүсү, басым – кысым, текшерүүнү жок кылуу.

- Текшерүү учурда азайдыбы?

- Бир жагынан, укук коргоо органдары тарабынан азайды. Салык кызматы тарабынан тескерисинче, көбөйгөнүн айтып жатышат. Жаңы Салык кодексинин, өкмөттүн бюджетти толтуруу саясатынын негизинде салык кызматкерлери текшерүүлөрдү, рейддерди жүргүзүп жатышат да, бул алардын моюнуна жүктөлгөн. Ушулардын баарын көрүп-билип туруп айтпай кое албайбыз. Бизнеске тиешелүү болгон чаралардын баары белгилүү, мында велосипед ойлоп табуунун кереги жок. Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө ал чаралар аткарылган, биз болгону аны өзүбүзгө ылайыкташтырып алышыбыз кажет. Бирок кадрдык туруксуздук да кесепетин тийгизип жатат. Жаңы министр келип 2-3 ай иш менен таанышат, анан эми иштейин деп жатканда алмашып кетет. Ал аз келгенсип, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин макамы акыркы жылдарда 3-4 жолу алмашты. Министрлик болду, кайра агенттик болду, азыр эми улуттук агенттикке айланды. Канча айдан бери туруктуу башчысы да жок эле, жакында жаңы жетекчи дайындалды. Эми ал кандай иштери белгисиз, убакыт көрсөтөт.

- Негизи, бул агенттиктин зарылчылдыгы барбы?

- Сөзсүз түрдө агенттик болушу керек, ыйгарым укуктары болушу керек. Инвесторлорду колдон-буттан алып, жерди бөлүп берип, керек болсо уруксат кагазы менен камсыздап, каржы булактарына жардам берип, мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоп, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздай турган орган да. Агенттиктин ролу ушул болушу зарыл. Бирок улам структура алмаша берсе, иштин ырааттуулугу да бузулат.

- Аталган агенттиктин негизги милдети инвесторду тартууда да болуп жатпайбы. Анан азыркы шартта инвесторду алып келүүгө агенттик менен өкмөт кандай шарттарды түзүү керек? Бизде инвестор келип, ишенип акчасын сала тургандай шарт барбы?

- Кандайдыр бир шарттар бар, бирок тобокелчиликтер абдан көп. Эң биринчиси, мыйзамдын улам улам алмашуусу. Мисалы, качантан бери эле Салык кодексин какшап келатабыз. Бизде ушундай – көз ачып жумгуча жаңы кодекстүү болуп чыга келебиз. Ишкерлер, инвесторлор, эл жаңы кодекс менен кантип иштей турганын билбей калышат. Абдан көп суроолор жаралат. Ал турмак январдын башында бажы, салык кызматкерлеринин өздөрү дагы жаңы кодекс менен кантип иштөөнү билишчү эмес. Андан сырткары, инвестиция тууралуу мыйзамды да өзгөртөбүз деп жатышат. Ал кандай болот, мурдагы жеңилдиктер калабы же алынабы, белгисиз. Мамлекеттин саясаты кандай болот, сырткы инвесторлорго меймандостук мамиле сакталабы, же мамлекетке өткөрүп бергиле деген талап башталабы, же баарын сомго которгула дейби – алдын ала айта албайсың. Же бирөөлөр келип рейдерлик жол менен басып алабы деген кооптонуулар болбой койбойт да. Ушунун баарын угуп жатабыз.

- “Кумтөрдүн” фонунда айрым саясатчылар башка дагы тоо-кен ишканаларын ревизиядан өткөрүп, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбегендерди мамлекетке алуу керек деген билдирүү жасай башташты. Мындай билдирүүлөр жалпы инвестициялык климатка таасирин береби? Аңтар-теңтер болуп дүйнө экономикасы жабыркап жатканда мамлекеттин ушул кадамга барганы туурабы?

- Абдан жакшы суроо болду. Бул көп тобокелчиликти камтыйт, себеби, тоо-кен тармагындагы долбоорлордун көбү ири долбоорлор. Аларга 100 миллиондон 500 миллион долларга чейин каражат сарпталган. Бизде мындай ири долбоорлор бир гана тоо-кен тармагында бар. Анан беш-алты ири долбоорубуз болсо, анан аларды кайра карап чыгалы деп жатсак, инвесторлорду гана эмес башкаларды да кооптондурбайбы. Ансыз да инвесторлор “Биздин долбоорбу дагы кайра карашпайбы, мамлекетке өткөргүлө деп чыгышпайбы?” – деген суроо менен кайрылып жатышат. Тоо-кен тармагындагы компаниялар биздин соода өнөктөш өлкөлөргө – Россия, Казакстан, Кытай, Түркияга таандык эмеспи. Ошол өлкөлөрдүн өкмөттөрү дагы бул жаатта тынчсызданууларын билдирип жатышат. Өткөн жылы Кытай айтпадыбы: “Биз чек араны ачууда инвесторлордун коопсуздугун эске алабыз”, - деп. Алардын бизге инвестор болгон ишкерлери барып, мыйзамдын иштебей жатканына даттанышат экен. Биз мыйзамдын иштешин, инвестордун өзүн коопсуз сезүүсүн камсыздашыбыз керек. Кайсы бир долбоордо мамлекеттин үлүшү болсун десек, аны башынан айтыш керек. Иш башталып, инвестор 300- 400 миллион долларын салгандан кийин айтып баштабай. Бул кылганыбыз менен башка тармактардан кыйынчылыкка дуушар болуп калышыбыз мүмкүн. Мисалы, бизге Россия, Кытай, Казакстан чек аралары абдан маанилүү да. Демек, ошол өлкөнүн бизде иштеп жаткан ишкерлерине кылдат мамиле кылышыбыз керек. Кандай инвестор болбосун пайда табам деп келет. “Пайданын кереги жок, мен жөн гана акча салам”, - дегендердин шектүү кызыкчылыгы болушу мүмкүн же кайрымдуулук. Бирок дүйнө жүзүнөн тоо-кен тармагында кайрымдуулукту учурата элекмин. Аларга биринчи кезекте пайда табыш керек. Болгондо да 15-20 жылда. Ушунча жылдан кийин гана салган акчасын актап, пайда таба алышат. Ошондо, элестетсеңиз, инвестор насыяга акча алды, аны тоо-кен ишканасына салды, а биздикилер ишин эми баштап, пайда таба элегинде мамлекетке алалы деп чыгышты. Жаңы долбоор мейли, а бирок көп жылдан бери иштеп жаткан долбоорлордун коопсуздугун карашыбыз керек.

- Тоо-кен компаниялары инвестиция алып келгенден тышкары бюджетти да толтуруп жатышпайбы. Жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга, жергиликтүү тургундарын жашоо турмушун оңдоого да салым кошушууда. Алардын экономикабызга тийгизген пайдасы канчалык?

– Ар кандай эсептөөлөргө таянып, божомолдоп айтканда, бюджеттин ар бир бешинчи сому, демек, 20 пайызы тоо-кен тармагынан келет. Биз да эсептегенбиз, бул боюнча расмий маалыматтар да бар. Болгондо да ошол бешинчи сомду 15 чакты гана компания берет. Ошондо элестетип көрүңүз, Кыргызстанда болжол менен 600 миң салык төлөөчү бар. Анын ичинен 15и бюджеттин 20 пайызын толтурат. Демек, тоо-кен тармагындагы ишканалардын жүгү абдан чоң. 20 пайыз кайсы жактарга жумшалып жатат? Ошол эле айыл чарбага берилген жеңилдетилген насыяларга, айыл чарбасын өнүктүрүү программалар боюнча, насыялардын ставкаларын ылдыйлатуу үчүн миллиарддаган сом бюджеттен келет. Айлык маяналар, пенсия, пособиелер... Ошол эле инфраструктурага, жол курууга, көчөлөрдү жарыктандырууга багытталган каражаттар. Ошондуктан, биз дагы 10-15 тоо-кен ишканасын ишке киргизсек, бюджет дагы 20 пайызга көбөйөт. Бул ишканалардын өлкө экономикасындагы ролу абдан чоң. 17 миңдей жумуш орунун түзүшкөнүн эске алганда, ар бир жумушчу кеминде 3-4 үй-бүлө мүчөсүн багат, ошондо алардын эсебинен 50-60 миңдей кыргызстандык тиричилигин жүргүзүп жатат.

- Ошондой эле, ишканалар өзүнө керектүү продукцияны жергиликтүү ишкерлерден сатып алат. Анын баарын кошкондо эффективдүүлүгү биз ойлогондон да көп болушу мүмкүн.

- Мисалы, Чаткал районун жакшы билебиз. Шарты татаал, тоолуу аймак. Бишкектен гана эмес, облус борбору болгон Жалал-Абаддан да алыс жайгашкан. Азыр ушул райондун элинин жашоо-турмушу жакшыра баштады. Эл азык-түлүк, айыл чарба продукцияларын райондогу тоо-кен компанияларына сатышууда, аймактын ички жолдору оңдолду. Ала-Бука районунда тигүү цехтери ачылып, продукциясын Кыргызстанга гана эмес, Россияга чыгарып жатышат. Бул аймактардын эли өз жеринен киреше таап баштагандыктан, башка жактарга көчүүлөр токтоду. Ушундай тоолуу аймактарыбыз – Чаткал, Тогуз-Торо, Чоң-Алай, Алай, алыскы аймактар – Баткен, Лейлек, Ала-Буканы тоо-кен ишканаларына басым жасоо менен оңдосок болот да. Балким, аймактарда жер тартыштык кылаар же айдоо иштерине шарт жок болоор, бирок Кудай берген кендери болсо, ошолорду акылдуу багытта иштете алсак, элге пайдасын тийгизебиз.

- Соңку суроо. Президентибиз Садыр Жапаров “Кумтөр” толук бойдон мамлекетке өткөнүн билдирди. Биз мындан уттукпу же утулдукпу, кандай ойлойсуз?

- Бул татаал суроо, аны убакыт көрсөтөт. Былтыр май айында, “Кумтөр” маселеси башталып жаткан убакта биз позициябызды билдиргенбиз. Кандай тобокелчиликтер болушу мүмкүндүгүн айтканбыз. Андай тобокелчиликтер болдубу же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.

Маектешкен Нургазы Анаркулов