Кыргыз Республикасындагы экономиканы жана ишкердикти өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатка таасирин тийгизүүчү ири коммерциялык уюмдун бири болуу менен ЭИК бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көптөгөн аянтчаларга мүчө болуп саналат, алсак алардын катарында: КРны Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеши; КР Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеши; Ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуунун мамлекеттик системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы; Жер казынасынын объектилерин пайдалануу укугуна аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиясы; Менчик укугун коргоо жаатында мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиясы; Инвестициялар чөйрөсүндө мыйзамдарды мыктылоо үчүн сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу; КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча комиссиясы; министрликтердин жана ведомстволордун алдындагы 30 дан ашык Коомдук байкоочу кеңештери (КБК) ж. б. бар.
ЭИК мыйзам процессине активдүү катышып келет, атап айтсак:
2012-жылы ЭИК эксперттери тарабынан жер казынасын пайдалануу жөнүндө биринчи («Жер казынасы жөнүндө», «КРнын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» КР Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамдарынын долбоорлору) жана экинчи («КРдагы концессиялар жөнүндө», «Тоо-кен концессиясы жөнүндө», «Продукцияларды бөлүштүрүү тууралуу макулдашуулар жөнүндө», «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамдарынын долбоорлору) мыйзам долбоорлорунун пакеттерине комментарийлер жана сунуштар берилген;
2012-жылдын 28-сентябрында – ЭИК «КР территориясынан чыгарылып кете турган товарларга алынуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын аныктоо жөнүндө» КР ЖКнын токтомунун долбооруна сын-пикирлери жана сунуштары менен кат жолдогон, ал токтомдо ТН ВЭД 2616 коду менен классификацияланган рудаларга жана баалуу металлдардын концентраттарына алынуучу (эксперттик) бажы алымдарынын аныкталышы каралган. Андан сырткары, 2012-жылдын 4-декабрында ЭИКтин өкүлдөрү ушул маселе боюнча КР ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда чыгып сүйлөштү. Натыйжасында, аталган Комитет ЭИКтин комметарийлерин эске алып, токтомдун долбоорун кем жерин иштеп чыгууга жөнөттү;
2013-жыл – ЭИКтин ишинин натыйжасында КР Салык кодексинин 217-беренесине киргизилген түзөтүүлөр өзгөртүлдү. 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген түзөтүүгө ылайык, ишканалар жана бөлөк чарбачылык субъектилеринин мойнунда пайда салыгына квартал сайын түшкөн акчанын 1%ы өлчөмүндө кошумча сумманы төлөп туруу милдеттенмелери болгон. ЭИК бул өзгөртүү менен макул болгон жок, анткени авансылык төлөмдөр пайда салыгы боюнча алдын ала төлөм болуп саналат, демек, алардын эсеби пайда салыгынын салык салына турган базасынын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзамдын долбоору (бардык тарапты биринчи абалына алып келе турган КР СКнын 217–беренесине киргизилген түзөтүү) үчүнчү окууда кабыл алынган жана 2013-жылдын 18-апрелинде президент кол койгон.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорунан сырткары ЭИК бөлөк ченемдик укуктук актыларды талкуулоого активдүү катышкан, анын ичинде оффшордук зоналарда бардык банк операцияларын жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салынуу каралган «КРдагы банктар жана банктардын иши жөнүндө» КР Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоору боюнча; «КРдагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө» КР мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору, «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоору, ошондой эле «Административдик иш жана административдик процедуралар жөнүндө» КРнын Конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча ж.б.
Негизги операциялык жана институттук ишмердүүлүгүнөн сырткары ЭИК көп жылдар аралыгында эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен ар кандай долбоорлорду жұзөгө ашырууга катышып келет.
2012-жылы ЭИК Европа бирлигинин, GIZтин долбоорлору боюнча, USAID «Реформа» долбоору боюнча иштеген.
ЭИКтин башкы өнөктөшү Эко- жана агротуризмдин Европалык борбору (ECEAT) болгон «Кыргызстанды жана Борбор Азияны туруктуу өнүктүрүү үчүн бизнес-ассоциацияларды бекемдөө» долбоорунун алкагында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилген:
9 негизги туристтик бизнес-ассоциацияларды жана республиканын үч облусун бириктирген «Кыргызстандын туризмин алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү боюнча кеңеши» коомдук фонду түзүлгөн;
Кыргызстандын аймактык маркетинги үчүн конкурс менен логотип жана жарнамалык лозунг тандалып алынган жана туризмди илгерилетүү үчүн веб-сайт түзүлүп, кийин КР Маданият жана туризм министрлигине берилген;
2012-жылдын 6-7-декабрында Бишкекте туризм боюнча «Борбордук Азияда туристтик секторду биргелешип алдыга жылдыруу жолунда» аттуу эки күндүк регионалдык конференция болуп өттү.
2013-жылы ЭИК «20 жылга Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын «жол картасын» түзүү жолунда» деген жергиликтүү өнүктүрүү боюнча USAIDдин Программасынын долбоорунун аткаруучусу болду.