Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
Дүйнөлүк акча жумалыгы 2018: Компаньон Банкы каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүздү

26 март 2018

Март айынын 12-18-күндөрү , Компаньон Банкы Дүйнөлүк акча жумалыгына (Global Money Week 2018) карата, Кыргызстандын баш калаасында жана аймактарында, 8-11 класстын мектеп окуучуларынын каржылык сабаттулугун жогорулатуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Кадамжай, Кербен, Ош, Талас, Токтогул, Токмок, Каинды, Нарын, Кочкор, Балыкчы, Каракол жана Бишкектин мектептеринде лекциялар уюштурулуп, Компаньон Банкынын бөлүмдөрүндө болжолу менен 700 мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күндөрү өткөрүлдү.

Окуучулар банктардын ишинин өзгөчөлүгү, киреше-чыгашаны пландаштыруу, акчаны үнөмдөө жөнүндө маалымат алышты. Андан тышкары, окуучулар менен банктын адистери интерактивдүү түрдө улуттук валютанын 25-жылдыгына байланыштуу, анын уникалдуулугун талкуулашты.

Ошондой эле, Бишкекте каржылык квест оюну уюштурулуп, ага 12-16 жаштарындагы 40 окуучу катышты.

Каржылык сабаттуулук боюнча лекциядан кийин, катышуучулар ар кандай тапшырмаларды аткарышып, туура жооп үчүн "билим" деп аталган оюн акчаларын алышты. Оюндун аягындаөткөрүлгөн торук учурунда, алар "билим"дерди төмөндөгү сыйлыктарга алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту: 5000, 4000 жана 3000 сомдук депозит эсептерин ачуу тастыктамалары, акча оюндары, китеп сатып алуу тастыктамалары ж.б.

Окуучулар оюн менен алек болуп жаткан учурда, алардын ата-энелери үй-бүлөлүк бюджетти туура пландаштыруу жөнүндө лекция уга алышты.

Үстүбүздөгү жылда, Дүйнөлүк акча жумалыгы 137 өлкөдө 7 800 000 бала үчүн уюштурулду. Ал, адаттагыдай эле, Child and Youth Finance International аттуу балдарга каржылык билим берүү боюнча эл-аралык уюмунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Биздин өлкөдө каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тейлейт. Ошондой эле, мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар жана башка эл-аралык жана коомдук уюмдар активдүү түрдө катышышат.

Банк жөнүндө:

Компаньон Банкы Кыргызстандын калкына агробизнестин өнүгүшүнө багытталган банктык өнүмдөрдү жана кызматтарды толугу менен сунуштайт. Компаньон Банкы 2004-жылы негизделгенден баштап, институцианалдык өнүгүүнүн ар бир басамагын өтүп, Кыргызстандын каржы тармагындагы ордун кеңейте билди. 6,5 млрд сомдук активдери жана 1 млрд сомдон көп уставдык капиталы болгон банк, 91 миң кардарды тейлейт дагы, өлкө боюнча 115 филиалында иш жүргүзөт. Банктын акционерлери – Кайрымдуулук корпусу (Mercy Corps) эл-аралык өкмөттүк эмес ишканасы, Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management аттуу европалык инвестиция фонду. Тагыраак маалыматты www.kompanion.kg сайтынан ала аласыздар.