ЭИК мүчөлөрү
үчүн кирүү

Сайтыбыздын жабык бөлүкчөлөрүнө ЭИКтин мүчөлөрү гана кире алат.Эгерде Сиз ЭИКтин мүчөсү болсоңуз, логин жана ачкыч сөзүңүздү ушул жерден териңиз.Логин жана ачкыч сөзүңүздү алыш учун, бизге кайрылууңузду суранабыз.

Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн жана Өнөктөштөрдүн Жаңылыктары /
КРУБ Жумабаев Эркинбек Алтымышевичди «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы кызматына кабыл алды

25 август 2017

2017 жылдын 17 август күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы Жумабаев Эркинбек Алтымышевичдин талапкерлигин «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы кызматына дайындоого макул болушту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Эркинбек Жумабаев жети жыл бою «Компаньон Финансылык Тобу» МКК ЖАК Башкармалык Төрагасынын Орун Басары кызматында иштеген. 2016 жылы январда бул уюм «Компаньон Банкы» ЖАК уюмуна ийгиликтүү трансформацияланган. 2005 жылдын июнь айында Компаньон командасына кошулганга чейин Эркинбек Жумабаев 12 жыл бою экономика, каржы жана банктык чөйрөдө иштеген.

Маалымат: «Компаньон Банкы» ЖАК - 6 млрд сомдон көп активдери жана 1 млрд 616 миң сом уставдык капиталы бар туруктуу банк. Банктын 112 бөлүмдөрүндө 95 миңге жакын кардарларга кызмат көрсөтүлөт. Эл аралык бейөкмөт уюму Кайрымдуулук Корпусу (Mercy Corps), Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонддору Банктын акционерлери болуп саналат.