Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
FINCA банк “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” сыйлыгына ээ болду

17 ноябрь 2016

Жакын арада Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн ар бир жылда ишке ашырылуучу жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун алкагында жетишкен ийгиликтери жана жасаган эмгектери үчүн жети номинация боюнча: “Инновация жана технологияда жетишкен ийгиликтери үчүн”, “Жылдын мыктысы”, “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн”, “Жылдын өнөктөшү”, “Жылдын жетекчиси”, “Жылдын ишкери”, “Мыкты иш берүүчү” сыйлыктарын тапшыруу салтанаты өткөрүлдү.

Көп сандаган талапкерлердин арасынан FINCA Банк Кыргызстандын коомун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” номинациясын жеңип алды.

Адамдарга активдерин, жумуш орундарын түзүүгө жана жашоо-турмушунун деңгээлин көтөрүүгө жардам берген узак мөөнөттүү чечимдердин жардамы аркылуу жакырчылыкты азайтуу максатында FINCA Банк коомчулук үчүн маанилүү иш-чараларды өткөрүп келет. Бул иш-чаралардын негизинде ишкердигин өнүктүрүүдө, жашоо-турмуш деңгээлин жакшыртуу жана жаркын келечек түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү үйрөнүүдө жардамга муктаж болгон жөнөкөй киши турат.

FINCA Банк калктын жашоо-турмушунун деңгээлин жакшыртуу үчүн финансылык сабаттуулук боюнча узун мөөнөттүү долбоорун ишке ашырып келет. “Финансылык сабаттуулук”- бул түрдүү ыкма жана аспаптар аркылуу адамдардын билим деңгээлин жогорулатууга жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган толук билим берүү программасы.

FINCA Банк демилге берген ири долбоор кайрадан кредит алуунун алдын-алууга жана кредит алуу маселелеринде калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга негизги басым жасалган тренингдерден башталган. Учурда долбоор аманат сактоо тармагын өнүктүрүүнү, финансы каражаттарын жана өздүк бюджетти туура башкаруу ыкмаларын үйрөтүүнү камтыйт. Азыркы күндө 26 000ден ашуун адам үчүн 1200дөн ашык акысыз тренингдер өткөрүлдү. Калк арасында акча каражаттарын жана аманаттарды туура бөлүштүүрүүнү өнүктүрүү аркылуу FINCA Банк финансы мекемелери менен иштөөдө керектелүүчү маалыматтардын негизин түзүүнү көздөйт.

Муну менен бирге FINCA Банк калкка банктын кеңселеринин аймагына жакын жайгашкан мектепке чейинки билим берүүгө, жалпы билим берүү мекемелерине, балдар интернатына, медициналык мекемелерге “Жакшы коңшулук” долбоору аркылуу жардам берүү менен коомчулукка колдоо көрсөтөт.

FINCA Банк – кардарларды коргоо принциптерине жана адилеттүү жумуш ыкмасына таянган, ошондой эле принциптерге шайкештикти камсыз кылуу максатында катаал саясат колдонгон Smart Campaign сертификациясынан өткөн.

FINCA Банктын долбоорлору жана кызматтары тууралуу кененирээк маалымат www.FINCA.kg сайтында.