Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
FINCA Банк башкы кеңсесинин Операциялык бөлүмүнүн расмий ачылышы

6 октябрь 2016

FINCA Банк өзүнүн мааракелик жылын жагымдуу жаңылыктар менен улантат. Ошентип, 27-сентябрда Башкы кеңсенин Операциялык башкармалыктын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш чарага банктын өнөктөштөрү жана кардарлары, ошондой эле FINCA Банк менен кызматташууга кызыккан компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Башкармалыктын башчысы Маргарита Черикбаева иш чараны ачып жатып кардарлар жана өнөктөштөр менен мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн жана финансылык кызматтардын бардык түрлөрүн жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуунун зарылдыгын белгиледи.

“Бүгүн FINCA Банк- бул алдыга коюлган максатка умтулган кесипкөйлөрдүн командасы. Кыргызстанда FINCA тармагынын баардык аймактарда 24 филиалы бар. Бизде 1 200дөн ашык адам иштейт жана 110 000ден ашык кардар ишеним артып кызматташып келет.

FINCA Банктын башкы милдети – өз кардарлары үчүн ишенимдүү жана кесипкөй өнөктөш болуу, туруктуулукту сактоо жана сапаттуу тейлөөнү камсыздоо.

Рыноктун заманбап талаптарына жооп берген кеңселерди ачуу банкты өнүгүүсүндө приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Жасалганы жаңыртып жатканда, биз сиздер – кардарларыбыз жөнүндө ойлондук. Сиздер үчүн FINCA Банктын кеңселеринин тейлөө кызматтары ыңгайлуу жана жайлуу болуп, өзүңүздөрдү жакындарыңыздын арасында жүргөндөй жакшы маанайда сезүүңүздү каалайбыз.

Биздин жаңыланган кеңседе финансылык кызматтар эле көрсөтүлбөстөн, меймандостук салтын улап бир чыны чай же кофе берип, кардарларга консультация да берилет. Ошондой эле кичинекей балаңыз кошо келсе, ал дагы эрикпестен өзү үчүн пайдалуу убакыт өткөрөт. Сиздер – кардарларыбыз менен бирге бизнестин, жалпы эле өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошобуз деген терең ишеничтебиз», – деп билдирди Маргарита Черикбаева.

Банктын жакынкы пландарында Бишкекте жана өлкө аймактарында жаңы аманат кассаларын ачуу, продуктыларынын жана кызматтарынын түрлөрүн кеңейтүү, кошумча заманбап тейлөөнү киргизүү иштери турат.

FINCA Банктын башкы кеңсеси:

Шопоков көчөсү, 93/2

МААЛЫМАТ БОРБОРУ уюлдук тел.: 4400 (чалуу акысыз) же 0(312) 440 440