Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Жаңы жылыңыздар менен!

МДС
31 декабрь 2021

Кирип келе жаткан 2022-жаңы жыл алдында биздин чын дилибизден чыккан куттуктоолорду жана каалоолорду кабыл алып коюңуздар!

Жаңы жыл ар дайым келечекке зор ишенимди жаратат. Келе жаткан жаңы жыл сиздин иштериңиздин өнүгүшү жана ийгиликтүү болушу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берсин. Мындан ары дагы сиздер менен биргеликте өлкөбүздү өнүктүрүп, ишкердикти жүргүзүү жана элдин жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылаарыбызга үмүтүбүз чоң.

Сизге жана жакындарыңызга чын жүрөктөн бекем ден-соолук, бакубат жашоо, бардык жаңы баштаган иштериңизге ийгилик, туруктуулук жана жаркын маанай каалайбыз.

Жаңы жылыңыздар менен!

Урматтоо менен,

Аткаруучу директор А. Сыдыков