Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Ысык-Кɵл областында Евразиянын жаш адистеринин “Жашыл Ой 2015” үчүнчү эл аралык форуму болуп ɵттү

23 июль 2015

2015-жылдын 15-21-июлунда Ысык-Кɵл областынын Кажы-Сай шаарчасында Евразиянын жаш адистеринин “Жашыл Ой 2015” үчүнчү эл аралык форуму болуп ɵттү. “Жашыл Ой” республикалык экологиялык программасы “Кумтɵр Голд Компанинин” финансылык колдоосу астында “Жаштар демилгелерин ɵнүктүрүү фонду” тарабынан жүзɵгɵ ашырылууда.

Быйыл форумдун башкы темасы “жашыл” ишкердик болуп калды. Форумга Кыргызстандан, Россиядан, Польшадан, Ɵзбекстандан жана Казакстандан 18ден 35 жашка чейин курактагы “жашыл” бизнес чɵйрɵсүндɵгү жаш ийгиликтүү ишкерлер, коомдук ишмерлер, активисттер, окумуштуулар, журналисттер, блоггерлер жана медиа адистер катышты. Тренингдерге жана семинарларга атайын чакырылган эксперттер жана бул багытта ийгиликтүү иштеп жатышкан коомдук уюмдардын жетекчилери катышты. Форум дагы бир жолу курчап турган чɵйрɵ тармагында тажрыйба жана эӊ мыкты практиканы алмашуу боюнча аянтча болуп калды.

Форумдун алкактарында катышуучулардын бир бɵлүгү “Кумтɵр” кен ишканасында болуу мүмкүнчүлүгүн алды, алар ɵндүрүштɵ жүзɵгɵ ашырылып жаткан жаратылышты коргоо чараларын ɵз кɵздɵрү менен баалашты. Форумда белгилүү кыргызстандык фотограф Влад Ушаковдун “Ак илбирстин изи менен” кɵргɵзмɵсү коюлду жана КМШда ɵтүп жаткан “Эко кесе” фестивалынын алкактарында экология жɵнүндɵ филмьдерди жана мультфильмдерди кɵргɵзүү болду, жашыл тематикага кызыгышкан жаш режиссерлор ал ленталардын авторлору болуп саналышат.

“Жаратылышка жоопкер мамиле Кумтɵрдɵ жүзɵгɵ ашырылып жаткан туруктуу ɵнүктүрүү стратегиясынын башкы элементтеринин бири болуп саналат. Биз ар жылы кен ишканасынын территориясында жаратылышты коргоо чараларына жана экологиялык мониторингге дээрлик 7,5 млн. доллар гана жумшабастан, жалпысынан кɵлдүк жаштардын жаратылышты коргоо демилгелерине да колдоо кɵрсɵтɵбүз. Биз “Жашыл Ой” лагеринин ишмердүүлүгүнүн алкактарында жаш адистерди кесипкɵй даярдоого каражат жумшоону, ошондой эле экологиялык кыймылдын болочок лидерлери менен баалуулуктар системабыз жана тажрыйбабыз менен бɵлүшүүнү да ɵзүбүз үчүн ɵтɵ маанилүү деп эсептейбиз”, - деп айтты «Кумтɵр Голд Компанинин» экология бɵлүмүнүн директору Бен Феррис.