ЭИК мүчөлөрү
үчүн кирүү

Сайтыбыздын жабык бөлүкчөлөрүнө ЭИКтин мүчөлөрү гана кире алат.Эгерде Сиз ЭИКтин мүчөсү болсоңуз, логин жана ачкыч сөзүңүздү ушул жерден териңиз.Логин жана ачкыч сөзүңүздү алыш учун, бизге кайрылууңузду суранабыз.

Кыргызстан тууралуу

Кыргыз Республикасы Борбор Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк–чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Климаты континенталдуу, кышында абаанын температурасы -40°С тан, жайында +40°С чейин өзгөрүлөт. Кыргызстан 7 областан турат, анын борбору Бишкек шаары. Мамлекеттик тили – кыргыз, расмий тили – орус тил. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – көз карандысыз, унитардуу, демократикалык, укуктук мамлекеттин принциптеринде түзүлгөн республика.

Кыргызстанда жогорку мамлекеттик бийликти төмөнкүлөр аткарышат:

Президент

Жогорку Кенеш (парламент) – укуктук бийликти аткарган өкүлчүлүк органы

Өкмөт жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

Конституциялык сот, Жогорку сот, башка соттор

Жалпы маалымат

Президент: Алмазбек Атамбаев

Премьер Министр: Темир Сариев

Калк саны (2014): 5,895,062; жашоо мөөнөтү: 69.74 жыл

Этникалык топтор: Кыргыздар 64,9%; Өзбөктер 13,8%; Орустар12,5%; Дунгандар 1,1%, Украиндер 1%; Уйгурлар 1%, башкалар 5,7%

Диний топтору: Ислам 75%, Православтар 20%, башкалар 5%

Тилдер: Кыргыз тили (мамлекеттик) Орус тили (расмий)

Калктын сабаттуулугу: 98,7%

Борбор жана ири шаар: Бишкек (мурунку Фрунзе), 1,250,000 ( 2007)

Территория: 76,641 кв. м (198,500 км2)

Климат континенталдуу, жай мезгилинде туздуктордогу орто температурасы 26 C, кышында -5 C

Акча бирдиги: Сом

Убакыт: +5 Гринвич сааты боюнча

Административдик бөлүктөр: Жети област райондорго бөлүнгөн

Мыйзамдуу бийлик Жогорку Кенеш – орундар партия боюнча бөлүнгөн: СДПК - 38, "Республика — Ата-Журт" — 28, "Кыргызстан" партиясы — 18, "Онугуу-Прогресс" — 13, "Бир Бол" — 12, "Ата Мекен" - 11.

Сот системасы Жарандык системасындагы КР мыйзамдын негизинде түзүлгөн (27.06.2010)

Экономикалык маалымат

Инфляция: 7.9% (2014)

Жумушсуздук: 8.3% (2014)

Жумушчу күчү: айыл-чарба: 48%; өнөр жайы: 12,5%; кызматтар: 39,5% (2005)

Негизги өнөр жайы: текстиль өнөр жайы, тоокен өнөр жайы, энергетика

Экспорт: 2,732,122,988 $ (2014)

Экспортолуучу товарлар: пахта, жүн, эт, тамеки, алтын, сымап, уран, энергетика (2008)

Экспортолуучу өлкөлөр (2009): Швейцария (25,96%), Орусия (25,88%), Өзбекистан (15,72%), Казахстан (12,47%)

Импорт: 6,525,009,272 $ (2014)

Ташылып келген товарлар: нефть азыктары, газ, машина тетиктери, химикаттар, аш (2008)

Импорттогон өлкөлөр (2009): Кытай (57,03%) Орусия (19,34%), Казахстан (5,9%)

Коммуникациялар: Уюлдук телефондор 7 млн (2014)

Интернет колдонуучулар: 4.136 млн. (2014)

Транспорттук система: Темир жолдор: 470 км, жол жүрүүгө узундугу 34,000 км (2014)

Кеме жолдору: 600 км

Порттор: Балыкчы (Ыссык-Көл обласы)

http://data.worldbank.org, http://www.nbkr.kg