Сереп / Макалалар /
Өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө кантип жетишүүгө болот, же андан ары кайда баруу керек?

Актилек Тунгатаров, ЭИКтин аткаруучу директору
1 январь 2015

Кыргыз Республикасы өзүнүн анча чоң эмес тарыхында ар кандай масштабдагы жана деңгээлдеги кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келди жана өткөрүүсүн улантууда. Ар кандай убактарда эл электр энергиясына жетүү, кошуна мамлекеттердин чек араларынан кесип өтүү, жумушсуздук менен байланышкан көйгөйлөргө дуушар болуп келишет. Салык төлөөчүлөр республика бюджетине өздөрүнүн акчаларын которуп, бюджет жыл сайын өсүп жаткан фактыга карабастан элдер сапаттуу билим алышпайт жана сапаттуу мамлекеттик кызматтар көрсөтүлбөйт.

Кыргызстанда бизнестин жүргүзүлүшү менен кырдаал жеңилдебейт. Мамлекет менен компаниялардын ортосундагы чечилбеген талаш маселелердин айынан биз инвесторлорду жоготуп жатабыз. Кыргызстандын экономикасына чет өлкөлүк инвесторлор гана эмес, жергиликтүү инвесторлор тарабынан салынуучу салымдарды өзүнөн качыруучу негизги факторлор болуп төмөнкүлөр саналат: жеке менчиктин корголбогондугу; мыйзамдардын жана эрежелердин аткарылбагандыгы; бюрократиянын жогорку деңгээли жана оюндардын так эрежелеринин жоктугу; мамлекет лидерлеринин саясатынын ишин улаантуучулуктун жоктугу жана алдын ала айтууга болбогон саясий-экономикалык чөйрө; мыйзамдын күн мурун айтууга болбогондугу жана чет өлкөлүктөрдүн иштөөгө уруксат алышынын кыйындыгы жана башка көптөгөн маселелер.

Натыйжада жарандардын бийлик органдарына карата нааразылыгы жана ишенбөөчүлүгү өсөт, эки төңкөрүш (же революция) анын күбөсү болуп саналат. Алардын натыйжасында саясый режим өзгөрдү жана жаңы Конституция кабыл алынды. Митингдер жана жол тосуулар менен коштолгон өлкөнүн бардык региондорундагы көйгөйлөр элдин нааразылыгынын айкын мисалы болуп саналат.

Өкмөт алардын алдында коюлган маселелерди чечип, биздин республиканын элдеринин жыргалчылыгын жакшырта ала тургандай кылып элдин ишенимине ээ болушу үчүн эмне зарыл? Бул үчүн биздин алдыбызда турган көп маселелерди чечүү керек.

Реформалар үчүн мүмкүнчүлүктөр

Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүү жана социалдык кыйынчылыктарды чечүү боюнча айкын багыттары же программасы болуусу зарыл. Жана бул программа өкмөт үчүн дайыма колдонулуучу китептин кызматын аткарууга тийиш. Ал бардыгы үчүн жол көрсөткүч болушу керек, өлкө кайда бара жатканын жана 5, 10 жана 20 жылдан кийин биз кандай өлкөнү кааларыбызды эл билүүгө тийиш. Бүгүн биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (ТӨУС) бул функцияны кандай аткарып жатат деген суроону алдыбызга коюшубуз керек. Министрликтер менен ведомстволор ортосундагы командалык иштин жоктугу, мыйзамдардын аткарылбагандыгы, Жогорку кеңештин депутаттарынын өкмөттүн ишине ашыкча кийлигишүүлөрү, өлкөдөгү адамдык дараметтин төмөнкү деңгээли, мамлекеттик кызматкерлердин жеке кызыкчылыктарынын жалпы улуттун кызыкчылыктарынан жогору коюлушу жана көптөгөн башка нерселер өлкөнүн ТӨУС жана бөлөк өнүктүрүү стратегияларында коюлган максаттарына жетүүсүнө жол бербей келет.

Республиканын экономикасына инвестицияларды тартууга жардам бере турган жагымдуу инвестициялык климаттын жана бизнес-чөйрөнүн түзүлүшү – өлкөнүн жогорку бийлигинин гана эмес, бизнес-коомдоштуктардын да экономикалык саясатынын негизги багыттары. Азыркы учурда ЭИК Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жатат. Бизнестин жана инвесторлордун негизги багыттары Кыргызстандын бардык жарандарынын кызыкчылыктарын жана умтулууларын чагылдырат, атап айтканда: натыйжалуу мамлекттик бийлик органдарын түзүүнү, ак ниет сотторду, сапаттуу билим берүүнү, акыйкат салык салууну, ошондой эле коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүнү жана коопсуздукту камсыз кылууну.

Алсак, жеке секторду активдештирүү үчүн ЭИК мамлекетке административдик чечимдерди макулдашууну жана кабыл алууну тездетүү, мамлекеттик органдардын кайталанган ыйгарым укутарын алып салуу боюнча чараларды көрүүнү жана электрондук документ жүргүзүү системасын жакшыртууну активдүү уланта берүүнү сунуш кылат. Мыйзамдар менен мыйзам актыларынын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн мыйзам системаларын үндөштүрүү боюнча иштерди активдештирүү жана аларды ар кандай түшүндүрүү мүмкүндүгүн четке кагуу сунушталат.

Кыргызстанда коррупциянын деңгээли өтө жогору, бирок коррупцияны түшүнүү деңгээли андан да бийик, бул социалдык чыңалышты жаратат жана элди, ошондой эле чет элдик өкүлдөрдү да туура жолдон чыгарат. Бирок, албетте, биринчи кезекте коррупциянын өзү менен болгон көйгөйдү чечүү зарыл, анан убакыт өткөн сайын аны түшүнүү өзгөрөт. Бул үчүн ЭИК мамлекеттик кызматкерлер үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек шарттарын жана анын акысын камсыз кылууну, окуу жайларынын каржыланышын көбөйтүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү процесстерин автоматташтыруу аркылуу коррупциялык көрүнүштөр үчүн шарттарды жок кылууну, мамлекеттин пайдасына мыйзам тарабынан белгиленген милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө ыңгайлуулукту камсыз кылууну жана башка көп нерселерди сунуштайт.

Кыргызстандын Бажы бирлигине (ББ) кириши менен биздин өлкө жагымдуу салык режимин орнотуу аркылуу инвестицияларды тартуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Бул Кыргызстанда өзүнүн бизнесин ачып, салыктарды биздин өлкөгө төлөөгө ББнын мүчө мамлекеттеринен компанияларды тартууга өбөлгө түзөт. Бул үчүн бизге стабилдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана алдын ала айтууга боло турган салык режими керек, ал бизнеске инвестицияларды салуу үчүн ишенимди берет.

Эл аралык тажрыйба жана баалоо

Ал тургай пайдалуу кендердин жана бөлөк жаратылыш ресурстарынын олуттуу жетишсиздигинде экономика кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн, жогорку технологиялардын жана кошумча наркты көбүрөөк түзгөн экономиканын башка тармактарынын эсебинен динамикалуу өсө аларын өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбалары көрсөтүп турат. Бирок бул зарыл болгон адам ресурстарын, технологияларды, капиталды тартуу менен жана өлкөдө коомдук-саясый жана экономикалык стабилдүүлүк болгондо гана мүмкүн болот.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Япониянын экономикасынын кайра жаралуу тажрыйбасы өлкөнүн өнүгүшү үчүн адамдык потенциалдын жана кажыбас эмгектин маанилүүлүгүн айкын көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө Япония – ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү өлкө, ал дүйнөлүк финансылык активдердин 13,7%ына ээлик кылат.

Деңизге чыгууга жолу жок жана пайдалуу кендерге өтө бай эмес Швейцария дүйнөдөгү эң ишенимдүү банк системасынын бирин курууга жетишти. Ал азыркы учурда эң стабилдүү экономиканын бири болуп саналуу менен, элдин жан башына карата ИДП боюнча дүйнөдө 7-орунду ээлейт.

Кыргызстандын мындай уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендигин эске албаганда, мисалга алсак, поликристаллдык кремнийди өндүрүү, аны жогорку технологиялар өндүрүшүндө колдонууга (иштебей турган завод, бир кездеги «Кристалл» ААК, Таш-Көмүр ш.), ишкердик үчүн түшүнүктүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана стабилдүү «оюн эрежелерин» жана жалпысынан салыштырма стабилдүүлүктү түзүүдө экономиканын тез жана туруктуу өнүгүшү үчүн зарыл болгон ресурстарды тартууга болот эле.

Кыргызстандын позициясы көбүнесе инвестициялык климаттын абалын чагылдыруучу абройлуу эл аралык рейтингдерге акыркы үч жыл аралыгында акырындык менен жакшырып бара жатканы менен, алар дагы эле канааттандырарлык эмес бойдон калууда. (айрыкча Коррупцияны түшүнүү индекси боюнча). Ошентсе да чөлкөмдүк масштабда ушул көрсөткүчтөр алгылыктуу болууда, бул жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү бөлүгүндө кошуна өлкөлөр менен келечекте ийгиликтүү атаандаштыкты түзүү үчүн мүмкүндүктү түзөт жана түрткү берет.

Эл аралык экономикалык рейтингдердеги Кыргызстандын позициясы

***

Инвестицияларды тартуу жана коргоо

Биз инвестициялар жөнүндө айтпай кое албайбыз, анткени экономикага экономикалык өсүштү берген башкы түзүүчүнүн бири инвестициялар болуп саналат. Инвестициялар жумуш орундарын түзөт жана өлкөнүн бюджетин толтурат. Кыргызстан жетишерлик либералдуу мыйзамдарга ээ болгонуна карабастан, мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда такай сүйлөшүү жана кызматташуу бар, инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө (мисалы, 2012-жылы кабыл алынган «Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамы) жана инвестицияларды коргоо жана алга жалдыруу жаатында мыйзам жакшырууда (Мисалы, өкмөт тарабынан демилгеленген, стабилдештирилген режим жөнүндө мыйзам пакетинин долбоору, азыр ал КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттеринин кароосунда жатат), биз өлкө үчүн зарыл болгон жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвестициялардын агымын көрө элекпиз.

Ишти инвестицияларды тартуудан баштабай, Кыргызстандын экономикасына акча салып коюшкан инвесторлордун көйгөйлөрүн чечүүдөн баштасак. Жыл өткөн сайын компаниялар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн саны өсүп баратат, тилекке каршы, көбүнесе чечимдер мамлекеттин пайдасына чыгарылбайт. Иш эл аралык арбитраждарда «КутессайII» (ушул жылдын июлунда РФ ТППнын алдындагы Эл аралык арбитраждык соту (ЭКАС) КР Өкмөтүнөн инвесторлордун пайдасына 118 млн. АКШ долларын өндүрүүнү милдеттендирген) жана «ЭЭАны өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия корпорациясы» ЖЧКсы долбоорлору боюнча (2013-жылы ноябрда ЭКАС КРдан 22,5 млн. АКШ долларын өндүрүүнү милдеттендирген) иштер сыяктуу мындай териштирүүлөрдөн биз утулуп калганга чейин жетти.

Андан сырткары, тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстанда өз долбоорлорун иштетишкен жана өнүктүрүшкөн бир катар ири инвесторлор эбак эле өздөрүнүн капиталдарын башка өлкөлөргө чыгарып кетишкен жана Кыргызстандагы жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлордон чыгышкан. Төмөнкү инвесторлор мунун айрым мисалдарынан боло алышат: «Сантос Интернэшнл» ЖАК, Австралия (өлкөнүн түштүгүндөгү мунай-газ долбоорлору – «Түштүк Мунай Компаниясы» ЖАК, «Текстоник» ЖАК, «КНГ Гидрокарбонс» БИ); Петрофак компанияларынын тобу, Улуу Британия, (мунайды алуу, кайра иштетүү жана сатуу –«Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК); «КенторГолд ЛТД» ЖАК, Австралия (Таластагы жез-алтын кени, Ысык-Көлдөгү алтын кени – «Андаш Майнинг Компани» ЖЧК, «КенторГолд ЛТД» ААКтын Кыргызстандагы филиалы); «ГолдФилдз ЛТД», Түштүк Африка (Таластагы жез-алтын кени - «Талас КопперГолд» ЖЧК).

Адам ресурстарынын потенциалы

Туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн адам ресурстары, технологиялар жана капитал керек деп ойлойм. Ошентсе да, өлкөнүн экономикалык жактан да, жалпы өнүгүшү үчүн да адам ресурстарынын өзгөчө маанилүү экендигин белгилей кетким келет. Биздин өлкө кандай жаратылыш же бөлөк ресурстарга ээ болбосун, акыр түбү аларды пайдалануунун натыйжалуулугу (анын ичинде капиталдык салымдардын эффективдүүлүгү жана технологияларды колдонуунун сапаты) адам потенциалынын деңгээлинен көз каранды болот. Глобалдык атаандаш экономикада капиталдык инвестициялар адам ресурстарынын потенциалынын натыйжасы болуп чыгат.

Өлкө тарабынан тарбияланган адамдын образы мектеп жашына чейинки мекемелерден тартып өмүр бою калыптанат. Буга карата мектепке чейинки, орто, кесиптик-орто жана жогорку билим берүүнүн, ошондой эле элдин идеологиялык тарбиялануусунун камсыз кылынышында мамлекеттин ролу өзгөчө маанилүү.

Биз бири-бирибизге, мамлекетке, инвесторлорго талап коюуну уланта берүүнү каалайбызбы жана алардын аткарылышын чыдамсыздык менен күтө беребизби, бүгүн биздин бардыгыбызга аныкталышыбыз маанилүү. Же өзүбүздү баарыдан жакшы көрсөтө алган тармакта иштөөнү колго алууну чечип, экономиканын өнүгүшүнө өзүбүздүн салымыбызды кошууга, бизнести жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга, жумуш орундарын түзүүгө, сын көз менен ойлонгон, прогрессивдүү, билимдүү жана гүлдөгөн коомду курууга аракет кылганыбыз оң.