Сереп / Макалалар /
Аскар Сыдыков, Ишкерлер кеңешинин төрагасы: “Экономиканын жарымы көмүскөдө, жеке менчиктин корголуусу да кыйын болууда”

Эркин Тоо
1 март 2019

Кыргызстанда ишкерлердин азыркы абалы кандай? Алар эмнеден аксашат? Эмнеге ири инвестицияларды Кыргызстандын өзүнө салышпайт? – деген өңдүү суроолорго жооп табуу максатында Аскар Сыдыковго кайрылып, арай көз, чарай маек курдук.

- Президент С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бизнести текшерүүнү эки жылга токтотуу маселесин айтты. Сиз дагы көп жерлерде өз оюңузду ачык айтып жүрөсүз. Дегеле бизде бизнес канчалык деңгээлде өнүгүп өстү. Же дагы эле акча бир ууч адамдардын колуна топтолуп, көп адамдар кур жалак калуудабы?

- Азыркы ишкерлердин абалы чынында татаал. Өзгөчө салык төлөөчү ишканалар көптөгөн көйгөйлөргө кабылышат. Кандай гана иш болбосун акыры сот менен бүтөт. Иш кылган адамдар жеке менчиктин корголушунда өз тагдырын сот системасына тапшырып коебу деген да кооптонуу жаралат. Абдан жакшы мыйзамдар жазылган, бирок алар аткарылбагандыктан ишкерлер кыйналышат.

- Мыйзамдар эмнеге аткарылбайт? Анын себеби эмнеде?

- Ал мамлекеттик башкаруу тутумунан, коррупциянын деңгээлинен, маяналардын аздыгынан, материалдык шарттардын төмөндүгүнөн болуп жатат деп ойлойм. Ыксыз текшерүүлөр да маселени татаалдаштырат. Бул ири ишканаларда. Ал эми орто ишканаларда каржылоо маселесине банктар, Кыргыз-Орус фонду, эл аралык уюмдар жардам берип жатышат. Бирок күрөө маселесинде көп ишканалар күрөөгө кое турган эч нерсеси жок отуруп калышат. Айыл чарбасында лабораторияларды куруу маселеси курч турат. ЕАЭБге кирген Россия, Белоруссия, Казакстан буга эчак эле даяр болушчу. Бизде эмгиче курула элек. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн адистери бизге контрабанда көп кирээрин айтышкан, бул жагын да тартипке келтирүү керек.

- Ишкерлер салыктын көптүгүнөн көмүскө иштегенге өтүп алганы көпчүлүккө маалым.

- Бул абдан чоң маселе. Салык кодекси 2009-жылы кабыл алынганы менен андан бери 80ден ашуун толуктоо-өзгөртүүлөр киргизилди. Ишкерлер негизи узак мөөнөткө өз ишин пландайт, мисалы 10-20-30 жылга. Ал эми салык өлчөмдөрү жана мыйзамдар ар жыл сайын өзгөртүлө берсе, ишкерлер жүдөп, жабылууга же кетип калууга дуушар болушат. Андыктан бизге экономикалык саясаттын, анын ичинде фискалдык саясаттын туруктуулугу керек. Анда турукташтыруу режими деген бар, бирок ал иштебей жатат. Ар кандай изилдөөлөргө ылайык, биздеги көмүскө экономиканын көлөмү 39дан 60%га чейин деп жатышат. Демек, экономиканын жарымы көмүскөдө, бул чоң көрсөткүч. Аны тескей, каттай албай жатабыз. Бул боюнча дүйнөдө кеңири колдонулган практика, ыкмалар бар. Бизге велосипед ойлоп табуунун кереги жок, болгону мыйзамдарды, талаптарды жөнөкөйлөтүү. Бул акыркы 4-5 жылда иштелген, ЕККУ тарабынан каржыланган, бардык ишкерлерге тийиштүү ченемдик-укуктук актылар изилденген. Анда кайсыларды жок кылуу, кайсынысын жөнөкөйлөтүү же тийбей коюу керектиги айтылган. Ушуларды аткарсак эле жыйынтык чыкмак. Өкмөт анын 40%ы аткарылганын, анын жыйынтыгын күтө турууну айтып жатат.

- Мыйзам жүзүндө көп нерсе айтылган, практика жүзүндө андай болбой жатат. Мисалы, жеңил өнөр жайында кийим тиккен кыз-келиндердин көбү мамлекет үчүн салыктарды төлөбөйт, Канчалаган миллиондор бюджетке түшпөй, чөнтөктө айланат. Туризмде да ушундай көрүнүш. Биз айтып жаткан мыйзамдар, токтомдор, эл аралык уюмдардын программалары элге жукпай жаткандай. Эмнеге кыргыздар өздөрү Кыргызстанга ири инвестицияларды сала албайт?

- Туура. Бизде деле акчалуу адамдар бар. Бирок эртеңки күнүнө ишенишпейт. Себеби – жеке менчиктин корголуусу кыйын. Эгер бирөө 100 миң долларды инвестиция катары бир жерге салгысы келсе, “буга эч ким тийбейби, ким кепилдик берет?” деп коркуп турат. Ошондуктан, же кыймылсыз мүлк алышат же банкка салышат. Мисалы, Кытайда саясий система Батыштан башкача болгону менен жеке менчиктин корголуусу жогорку деңгээлде. Эгерде бирөө Кытайга барып акча салса, эч ким тийбейт. Бизнеске салса, жемишин көрөт, өнүкпөй калса, сатып жиберет. Ошондуктан Кытай өнүгүп, экономикасы жылыга 6-7%га өсүп жатат. Өнүккөн Батыш өлкөлөрү жылына 1-2% менен өсүүдө. Акыркы жылдарда Кытайда 10%га чейин да көрсөткүчү болгон.

- Биздин Бишкекте жашаган ишкерлер мейманкана же тойкана салат. Жумуш менен камсыз кыла турган өндүрүш ишканаларын куруу негедир аз. Мыйзам, кодекс көп,бирок көзгө көрүнгөн нерсе аздай. Мамлекеттик социалдык обьектилер курулбай жатат, жада калса Бишкектин ичинде жаңы заңгыраган мектеп курулган жок.

- Бала бакча, спортзалдарды куруу боюнча чакан жана орто ишкерлердин демилгелери бар. Чоң демилгелер тоо-кен тармагында, бирок алар дагы чет элдик инвесторлор. Булар биржадан өткөн ири компаниялардын ишканалары. Булардын да көйгөйлөрү көп. Бирок ошолор жер-жерлерде обьекттерди курууга чоң жардам беришүүдө. “Жерүй” иштеп кетсе, бир топ мекеме-уюмдар, жолдор, ишканалар ишке кирмек. Таласта “Андаш”, “Талды-Булак” кендери иштеп кетсе бай облуска айланмак. Жалал-Абаддын Ала-Бука, Чаткал райондорунда да көптөгөн тоо-кен ишканалары бар. Тоо кен тармагынан сырткары IT маалыматтык технологиясы өнүгүүдө. Ири инвесторлордон LG, ДЭУ ишканалары келели десе келтирбей коюп, алар Өзбекстанга кетишкен. Улуу Британиядан бир ишкер аял келип, Чүйдөн жер тилкесин алып, ага күнөскана салып, кулпунай өстүргөн. Андан жакшы түшүм ала баштаганда, башка адамдар келип бизнесин тартып алган. Ал укук коргоо органдарына кайрылып, соттошуп, өз бизнесин алууга аракеттенип жүрөт.

- Демек сырттан келгендер үчүн Кыргызстанда бизнес жүргүзүү кооптуу экен да.

- Ооба, кооптуу. Ишкерлер дагы Өкмөттөн эмес, ишкерлерден сурашат: “Кыргызстанда иштеген кандай экен, иштесе болот бекен? Канча текшерүүдөн, канча сүйлөшүүлөрдөн өттүң?” - деп. Анан алардан жоопторду уккандан кийин “ири инвесторлорго ушундай мамиле кылса, анда бизди басмырлап салат го” деп ойлоп, келбей коюшат. Канча өзүбүзгө чакырсак деле ишкерлердин тажрыйбасын ишкерлер угат. Биз дайыма укук коргоо органдарына, жергиликтүү бийликтегилерге ишкерлерге кол кабыш кылалы деп айтабыз. Эгер кыйынчылыктарга кабыла берсе, ал башка досторун чакырмак түгүл, өздөрү да кетип калышат. Акыркы 5-10 жылда эле канчасы кетип калды. Биз дагы аймактарга барып жүрөбүз. “Бозумчак” кенинин тегерегиндеги элдин жашоо-турмушун көрдүм. Кудайга шүгүр, элдин жашоосу жакшы. Анткени, ишкана курулду. Мурда анклав сыяктуу болуп турчу деп жашоочулар өздөрү айтышат. Азыр жолдор салынып, жашоолору оңолгон. Биз ишкерлердин узак мөөнөттүү иштей алаарын эске алышыбыз керек. Кыргызстан негизинен бай өлкө. Суу, алтын, аба да бар. Элибиз да жөнөкөй, ак көңүл. Дүйнө жүзүндө экономикалык алдыңкы көрсөткүч 8,5 миң доллар, бизде 1 миң 200 доллар. Эгер мүмкүнчүлүктөрдү пайдалансак, эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирүүгө болот. Болгону, иштешибиз, эркин экономикага шарт түзүүбүз керек. Үмүтүбүз бар.

- Буга бийликтин саясий эрки гана керек го.

- Ооба, саясий эрк керек. Бардык бийлик бутактарынын бир жакадан баш чыгарган биргелешкен иши керек.

- Ишкерлердин башын көтөртпөй жаткан коррупциянын да шумдук оюндары болсо керек.

- Толтура мындай мисалдар. Коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан дагы деле оор абалда. Быйыл санариптештирүү жылынын болгону жакшы болду. Бардык документтерди электрондук тартипке өткөрсөк, убакытты, акчаны үнөмдөп, коррупцияга да бөгөт болот. Санариптештирүүнү ийгиликтүү бүтүрсөк, кызматкерлердин саны азаят. Алардын айлыгын башка иштеп жаткандарга бөлсөк, жакшы колдоо болот. Коррупция адамдар адилеттүүлүк таппаган жерде гүлдөйт. Адилет жок жерде адамдар ишин пара менен бүтүрөт. Бизде мыйзамдын үстөмдүгү орношу керек. Сингапурда деле мыйзам биринчи иштеди, баары электрондук форматка өттү, таза кишилерди иштетип, билим берүү деңгээлин көтөрүштү. Ал эми бизге жакын Грузияда дагы реформалар жакшы жүрдү. Коррупцияны абдан азайтышты. Андан жакынкы коңшу – Өзбекстан бир эле жылда Россия менен 20 млрд долларлык, Германия менен 2 млрд евролук келишимдерди түзүштү. А бизде болсо 2 млрд долларлык келишим бир гана жолу түзүлгөн. Калган учурларда 1-1,5 млрд доллар менен гана чектелет. Алар бардык өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешүүнү башташты. Биз менен дагы мамилесин жакшыртып, товарларын Кыргызстанга беш эсе көп киргизишти. Туризм тармагын дагы жакшы колго алышты. Ташкент-Самарканд темир жолуна ылдамдатылган поезд жүргүзүшүп, 350 чакырым жерге 2 саатта жете тургандай кылышты. Ага Испаниядан поезддерди алып келишти. Ал эми Казакстанда эл аралык финансы борборун Астанада жасашты. Ошол аймакта Британиянын мыйзамдары иштеп, көз карандысыз соттор отурат экен.

- Бизде ишкерлер акыйкатчысы туура түзүлдүбү? Ал ишкерлердин проблемасын чече алабы?

- Ал туура түзүлдү. Аны каржылаган булактар табылды. Жакшы каржылоо булактары болгондо жакшы адистерди тартып, жакшы иштейт деген үмүтүбүз бар. Бул демилгени биз дагы колдогонбуз. Украинада иштеген ишкерлер акыйкатчысынын дагы тажрыйбасын көрдүк, ал ишкерлердин укугун абдан коргойт экен, бизде дагы ушундай болот деп ишенебиз.

Сымбат Максутова,

Эркин Тоо гезити, 2019-жылдын 12-февралы