Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
Бишкек Индиядан инвестиция күтөт

Азаттык
15 июнь 2019

2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 37 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда айтты.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин жыйынында кыргыз бийлиги Индия менен соода-сатыкты жакшыртуу ниетин билдирип, инвесторлорду Кыргызстанга чакырды. Ал эми Индия Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген насыя бермей болду.

14-июнда Бишкекте өткөн бизнес-форум Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында болду.

Моди кыргыз-индия ишкерлеринин жыйынына Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинен кийин катышты.

Бизнес-форумга Индиядан отуздай, Кыргызстандан 150гө жакын бизнесмен келди. Анда сөз сүйлөгөн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүргүртүү

«2018-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү - болгону 37 миллион долларды түздү. Соода жаатындагы кызматташтыктын дарамети толук кандуу колдонулбай жатат деп эсептейм. Азыркы кыргыз-индия соода-сатык мамилесин бир кыйла жакшыртууга потенциалдык мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр экенин белгилейм».

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Индиядан инвесторлорду чакырып, өлкөдө бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, инвестордун активдери менен жеке менчиктери коргоого алынганын билдирди.

Ал буга жаңы түзүлгөн ишканаларды текшерүүгө үч жылга тыюу салынганын, Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен соода-логистика борборлору пайда салыгынан толук бошотулганын жана электр энергиясынын тарифи өлкөдө төмөн экенин мисал кылды.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да эки өлкөнүн соода-алакасы солгун экенин айтып, Индия Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген насыя бере турганын билдирди жана экономикалык мамилени жакшыртуу боюнча оюн мындайча ортого салды.

«Биздин экономикалык мамилебизде бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулбай жатат. Ошондуктан бүгүнкү бизнес-форум өтө зарыл учурда өтүүдө. Менин пикиримде, инвестицияны жогорулатууда негизги үч нерсе бар. Алар: инвесторлорго жакшы шарт түзүү, тыгыз байланышта болуу жана ишкерлердин тез-тез жолугуп турушу».

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы жылдык соода жүгүртүү 40 миллион доллардын тегерегинде. Анын ичинен Кыргызстан Индияга 5 миллион долларлык товарды экспорттойт. Ал эми Индиядан келген импорттун көлөмү 30 миллион доллардан ашат.

Кыргызстан Индияга айыл чарба продукцияларын, анын ичинен сүт азыктарын, кургатылган мөмө-жемиштерди жана бал сатат. Индиядан Кыргызстанга көбүнчө дары-дармек келет.

Индиянын өндүрүш өнөр жай палатасынын жетекчиси Сандип Сомани эки мамлекеттин ортосундагы соода алмашуунун көлөмү тууралуу буларга токтолду.

«Ооба, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өтө эле аз. Бирок муну беш эсе көтөрсө болот. Индиянын премьер-министринин бул жолку сапарында эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча реалдуу иштер жасалат деп ишенем».

Бизнес-форумда «1 миллиарддан ашык калкы бар мамлекет менен болгон соода алмашуунун көлөмү эмнеге аз?» деген маселе көтөрүлдү. Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков мунун себептерин төмөнкүдөй чечмеледи.

«Биринчиден, Индия Кыргызстандан алыс жайгашкан. Экинчиден, биз көбүнчө Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттер менен соода-сатык кылабыз. Андан тышкары Кытай биздин кошунабыз болгондуктан ал өлкө менен да соода жүгүртүүбүз жогору. Бирок Индия менен фармацевтика, туризм, энергетика жаатындагы долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат».

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга болгон расмий сапарында Кыргызстан-Индия өкмөттөрүнүн ортосундагы инвестициялык келишим, маалыматтык-байланыш технологиялар жаатында кызматташуу, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча жол картасы сындуу 11 документке кол коюлду.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_india_business_2019/30000000.html