Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
Аскар Сыдыков: “Кыргызстан үчүн кызмат көрсөтүү функциялары дагы кирешелүү булактардын бири болмокчу”

ЭИК
17 июль 2019

“Жаштар-биздин келечегибиз”-деп, ар дайым айтып келебиз. Билимдүү, ар тараптуу өнүккөн, элин ойлогон жаштарыбыз арабызда көп. Алардын бири, келечектен көптү үмүттөндүргөн Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

Аскар Сыдыков биздин гезитке инвесторлорду коргоо, алар менен иштешүү заман талабы экендигин айтып, кызыктуу маек куруп берди. Муну менен катар эле, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткарган ишине дагы токтолуп өттү.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө” токтому кабыл алынган. Бул документ боюнча, 2019-жылдын 1-январынан кийин түзүлгөн ишканалар 5 жылдык мөөнөттө жана 10 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен салыктын төрт түрү боюнча – сатуу салыгынан, киреше салыгынан, жер салыгынан жана өндүрүштүк, экспортко багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизүүдө кыймылсыз мүлк салыгынан бошотулмакчы. Ушул боюнча өз оюңуз менен бөлүшүп кетсеңиз?

- Чындыгында, бул ыкма республиканын аймактарында жана калктуу конуштарында экономикалык жана инвестициялык ишмердүүлүктү өбөлгөлөөгө багытталгандыгы белгилүү. Менин оюмча, бул чечим региондорду өнүктүрүү жана өлкөнүн санариптештирүү боюнча КР Президентинин Жарлыгынын негизинде кабыл алынды деп ойлойм.

Адатта, өкмөт салык наркын оңой менен азайтпайт. Бирок, ушундай чечим кабыл алынган болсо, демек багыт туура жолдо. Жалпысынан алганда, аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек. Жер-жерлерде өндүрүш ишканаларын ишке киргизүү менен бирге заманбап технологиялар менен жабдып, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу заман талабы. Ушундай эле ыкманы Өзбекстан дагы колдонуп, жүзөгө ашырууда. Менин билишимче, ал жакта ишкер алгачкы убакта салыктын бардык түрүнөн бошотулат. Учурда болсо, кичибизнестин ээлери салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулушту. Эгерде, адам өз күчү менен иш ачып, жумуш менен камсыз болсо анда ал мамлекетке салык төлөбөйт.

Биз мына ушундай кадамдарды дайыма колдоп, мамлекетти дагы ушул багытта көмөкчү болууга чакырмакчыбыз. Ар дайым Өкмөттү ырааттуу салык саясатын жүргүзүүгө чакырабыз. Эгерде, мамлекет салыктарды жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алса, анда ал мурда иштеп келген компаниялар үчүн мурункудай эле деңгээлде сакталып турушу абзел. Тактап айтканда, баланс болуусу зарыл.

- Ишкерлер чөйрөсү Кыргыз Республикасындагы салык акысы башкаларга салыштырмалуу аз деген оюн баса белгилеп келишет, бул жаатта Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) ролу барбы?

- Албетте, бар. Алардын айрымдарына токтоло кетсем. Мисалы, өткөн жылы Экономика министрлиги тарабынан нак төлөмдөр үчүн сатуудан түшкөн салыктын ченин 2ден 5%га чейин жогорулатуу демилгеси көтөрүлүп чыккан. Биз Өкмөттү андай кадамга барбоого ынандыра алдык.

Ошондой эле, тоо-кен компаниялары үчүн киреше салыгын мурунку деңгээлде калтырууга жетиштик. Биз Кыргызстандын алтын казып алуу тармагын ийне-жибине чейин изилдеп, анын мамлекеттин казынасына кошкон салымы тууралуу дагы бир катар иштерди аткардык. Чындыгында, кошумча бонустар компаниянын ишмердүүлүгүн илгерилетип, жаңы кендерди дагы издөөгө өбөлгө болуп бермекчи.

Эки жыл мурун, парламентти, баалуу металл кендерин жана кошулмаларын экспорттоодо бажы алымдарын киргизбөөгө ынандыра алдык. Мына, Өкмөт менен мына ушундай ийгиликтүү иш алып баруунун негизинде чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу салык сиситемасын кармап турууга көмөкчү болуп келүүдөбүз. Чындыгында, биздин салык акысы башкаларга салыштырмалуу төмөн.

- Өкмөттү салыкты көтөрбөөгө кандай жол менен ынандырып келесиздер, же бюджетти толтуруунун башка жолун сунуштайсыздарбы?

- Биз салыкты жогорулатууну эмес, салык базасын, компанияларды көбөйтүүнү сунуштап келебиз. Бул ыкма бүтүндөй дүйнө жүзүндө колдонулуп, тастыкталган система. Канчалык деңгээлде салык акысы жагымдуу болсо, ошончолук деңгээлде жаңы ишканалар ачылып, саны көбөйөт. Албетте, муну менен катар бюджетке дагы акча көп түшөт.

- Салык базасы көбөйүүдөбү, изилдөө иштерин жүргүзүп көрдүңүздөр беле?

- Эгерде, тоо-кен тармагын алып көрсөк, 2015-жылы “Кумтөр” компаниясы гана ири салык төлөөчүлөрдөн болгон. Андан кийин, бир катар ири компаниялар өз ишмердүүлүгүн башташты. Мисалы, “Бозумчак” жылына 10 миллион АКШ долларынын тегерегинде салык төлөйт. “Алтынкен” компаниясы дагы ушул сумманын тегерегинде Кыргызстандын жылдык бюджетине киреше алып келүүдө.

Учурда, 10го чукул тоо-кен компаниясынан түшкөн салык Кыргызстандын жалпы салыктан түшкөн акчасынын 20%ын түзөт. Эгерде, дагы ушундай 10 ишкананы ишке киргизип алсак, анда бул дагы бюджетке бараандуу салым кошо тургандыгы белгилүү. Ошондуктан, бул багытта иш алып баруу заман талабы. Биз инвесторлорду коркутуп албообуз абзел. Алардын ийгиликтүү иш алып баруусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү керек. Эгерде, ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүп берсек, башка инвесторлор дагы тартылат. Алар өз кишилерине ишенишет. Ошондуктан, инвестор ыраазы болуусу зарыл. Бул багытта Кыргызстан тууралуу эң мыкты жарнаманы ишкерлер чөйрөсү кылат.

- Бизде инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгү тууралуу көп айтылып келет, бирок ошол эле учурда, ишкер менен жергиликтүү калк ортосунда түшүнбөөчүлүктөр көп болуп жаткандыгына күбө болуп жүрөбүз. Сиздин оюңуз боюнча, бул маселени кандай чечүүгө болот?

- Чындыгында, бул оңой маселе эмес. Бул көйгөй компекстүү иш алып барууну талап кылат. Биринчиден, эл арасында жеткиликтүү түрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөйт. Массалык маалымат каражаттарында терс ой-пикирлер абдан көп. Бул жерде ММКлардын ролу маанилүү. Коомдук телекөрсөтүү, басма сөз кызматтары бул социалдык кызматын жакшы аткаруусу керек. Албетте, баары эле жакшы иштебейт дегенден алысмын, бирок бул багытты дагы тереңдеп изилдеп, элге маалыматты туура жеткирүү абзел.

Муну менен катар эле, ушуга тиешелүү ведомстволордун жетекчилери өздөрү баш болуп, эл арасында жүрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерине катышуулары зарыл. Баары бир алардын айткандары элге жакшы таасир калтырат. Буга кошумча, ушул жааттагы ийгиликтүү окуялар дагы ашыктык кылбайт. Мисалы, “кайсы бир жердеги компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизинде элдердин жашоосу кандай жакшырды, канча жумуш орундары түзүлдү, кандай өндүрүш ишканалары ачылды?” деген сыяктуу позитивдүү окуялар, маалыматтар дагы калкка керек.

Мындан тышкары, эл менен инвестордун ортосундагы карама-каршылыктарды атайын үчүнчү күчтөр дагы жаратып жатуусу толук мүмкүн. Өзүмчүлдүктүн негизинде жалпы элге кедергисин тийгизип, атайын туура эмес маалыматтарды жайып, эки тарапты кайчылаштырган учурлар дагы кездешет.

Дагы бир айта кетчү нерсе, компаниядан келген акча-каражаттары кээде жергиликтүү бийлик тарабынан туура колдонулбай калууда. Ошондуктан, аны туура бөлүштүрүү үчүн атайын иш алып баруу керек. Аймакты өнүктүрүү үчүн программа кабыл алынуусу абзел. Жеке гана мектеп, бала-бакчаларды куруу эмес, кайра өзүн-өзү жаап, киреше алып келе турган өндүрүш ишканаларын куруу зарыл.

Кээ бир учурда, жергиликтүү бюджетке мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча, компаниядан түшкөн кирешенин эсебинен кыскартылып коюлат. Бул учурда, карапайым калк үчүн эч кандай айырма байкалбайт. Мына, ушундай себептер дагы эки тарапты бир-бирин түшүнүүсүнө өз кедергисин тийгизип келүүдө.

- Кыргызстан энергетика, айыл чарба, туризм, тоо-кен, жеңил өнөр жай, транспорт жана курулуш тармактарынан сырткары дагы кайсы тармактарды инвесторлорго сунуштай алат?

- Жогоруда айтылган тармактардан сырткары, албетте дагы башка кызматтарды ишкерлерге сунуштай алабыз. Мисалы, IT технологиялар. Кыргызстандын программисттери чындыгында күчтүү. Белгилүү болгондой дүйнөнү дүңгүрөткөн IT компанияларына программа жазып, иштеген мекендештерибиз бар. Бизде акыл эмгеги арзан.

Ошондой эле чалуу борборлору (колл-центр). Мисалы, Европада чалуу борборлорун Пакистанга куруп койгон учурлар кездешет. Себеби, Пакистан бир топ эле арзанга түшөт. Ал эми, чалып жаткан адамга анын эч кандай айырмасы жок. Эң башкысы ал өзүнө керектүү маалыматты алса болду да. Биздин эл эки тилдүү. Учурда, англис тилинде эркин сүйлөгөн жаштарыбыз дагы абдан көп. Ошондуктан, бизде дагы чалуу борборлорун ачууга толук шарт бар.

Мындан сырткары, билим берүү борбору болууга дагы мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мисалы, жакында эле болуп өткөн Кыргызстан-Индия форумунда Индия тарап медицина жана башка адистиктерди даярдоо үчүн атайын институт куруу сунушу менен кайрылышты. Биз буга Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин жаштарын тартсак болот. Элдер эркиндик жана демократия бар мамлекетте окууну көздөшөт. Биз дал мына ушундай “Билим аралчасына” айланууга толук шартыбыз бар. Медициналык, тоо туризмин дагы өнүктүрүү заман талабы. Муну менен катар эле, каржы кызматтарын көрсөтө турган дагы компанияларды ачсак болот. Анткени, башка мамлекеттерде бул кызматтар абдан кымбат. Чындыгында, бизде ушул сыяктуу кызматтарды көрсөтүп, өнүктүрүү зарыл. Бул жаат дагы кирешелүү булактардын бири болуп саналат.

Эл аралык ишкерлер кеңеши деген эмне?

Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) - 2000-жылдын декабрь айында түзүлгөн бизнес-бирикме. Азыркы учурда ЭИК ири жана орто бизнес компанияларды бириктирет. ЭИК мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдар менен зарыл мыйзамдарды жана натыйжалуу иштөө ыкмаларын жана кызматташтыкты өнүктүрүп, Кыргызстанда ишке ашчу бизнес климатты түзүүгө көмөк көрсөтөт. Бүгүн биз ар түрдүү иш-чаралар менен ишкердик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, анын ичинде, анын мүчөлөрүнүн комплекстүү тейлөө кызматтары менен камсыз кылып, өлкөдөгү ири - бирикмелердин бири болобуз деп сыймык менен айта алабыз.

ЭИК жалпы пайыздыкты жылдыруу үчүн өзүнүн мүчөлөрүнө тиешелүү маалымат жана акыл-насааты менен камсыз кылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен бирге иштеп, актыларды жана натыйжалуу ишкердик ыкмаларды алдыга жылдыруу менен ишке ашчу бизнес климатты Кыргызстанда түзөт, ошондой эле ар кандай жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдар менен иштейт.

Жигердүү ченем кабыл алып жана коомдук иш-чараларга катышып, ЭИК ишканалардын мыйзамдуу пайыздыктарын коргойт, жана өлкөдө жагымдуу салык климатын түзүүгө көмөк көрсөтөт. ЭИК өлкөнүн маанилүү багыттары боюнча жаңы ой-пикирлерди чогултат, жаратат жана таратат. ЭИК Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн дайыма көз карандысыз изилдөө жүргүзөт. ЭИКнин мезгилдүү маалыматтары мамлекеттин салым климатын билиш үчүн бизнес-коомчулукка, мамлекеттик секторга, өлкөдөгү бизнес-чөйрөгө жана жалпы коомчулукка жардам берет.

ЭИК эл аралык уюм эмес. ЭИК – Кыргызстанда катталган, өлкөнүн кызыкчылыгында иштеген коомдук коммерциялык эмес уюм. ЭИК коммерциялык эмес мүчөлүк уюм болуп, мүчөлүк төлөм эсебинен каржыланат. ЭИК ишмердүүлүгү ар кандай түрдөгү таасири тарабынан көз карандысыз болуп саналып, толук Ассоциациясынын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.

Мүчөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган ЭИКнин комитеттери Кыргыз Республикасынын ишкер коомчулугуна тийиштүү болгон бир катар маселелер боюнча ЭИКнин саясатын иштеп чыгышат жана көрсөтүшөт. Алар бизнестин алдында турган милдеттерди аныкташат жана баарынан маанилүүсү, ЭИКнин саясатынын позициясын иштеп чыгуу менен аларга түшүндүрмөлөрдү берүү жана толкуулоо жаатында иш алып барышат.

ЭИК 110го жакын компанияларды бириктирип турат, алардын 90у – инвестицияларынын жалпы көлөмү 18 миллиард АКШ долларынан ашуун болгон тоо-кен казуу, банктар, телекоммуникациялар, консалтингдик кызматтар, өндүрүш ж.б. сыяктуу секторлордогу алдыңкы компаниялар.

ЭИКтин ишмердүүлүгү

Кыргыз Республикасындагы экономиканы жана ишкердикти өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатка таасирин тийгизүүчү ири коммерциялык уюмдун бири болуу менен ЭИК бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көптөгөн аянтчаларга мүчө болуп саналат, алсак алардын катарында: КРны Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеши; КР Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеши; Ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуунун мамлекеттик системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы; Жер казынасынын объектилерин пайдалануу укугуна аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиясы; Менчик укугун коргоо жаатында мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиясы; Инвестициялар чөйрөсүндө мыйзамдарды мыктылоо үчүн сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу; КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча комиссиясы; министрликтердин жана ведомстволордун алдындагы 30дан ашык Коомдук байкоочу кеңештери (КБК) ж. б. бар.

ЭИК мыйзам процессине активдүү катышып келет, атап айтсак:

2012-жылы ЭИК эксперттери тарабынан жер казынасын пайдалануу жөнүндө биринчи (“Жер казынасы жөнүндө”, “КРнын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” “КР Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамдарынын долбоорлору) жана экинчи (“КРдагы концессиялар жөнүндө”, “Тоо-кен концессиясы жөнүндө”, “Продукцияларды бөлүштүрүү тууралуу макулдашуулар жөнүндө”, “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамдарынын долбоорлору) мыйзам долбоорлорунун пакеттерине комментарийлер жана сунуштар берилген;

2012-жылдын 28-сентябрында – ЭИК “КР территориясынан чыгарылып кете турган товарларга алынуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын аныктоо жөнүндө” КР ЖКнын токтомунун долбооруна сын-пикирлери жана сунуштары менен кат жолдогон, ал токтомдо ТН ВЭД 2616 коду менен классификацияланган рудаларга жана баалуу металлдардын концентраттарына алынуучу (эксперттик) бажы алымдарынын аныкталышы каралган. Андан сырткары, 2012-жылдын 4-декабрында ЭИКтин өкүлдөрү ушул маселе боюнча КР ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда чыгып сүйлөштү. Натыйжасында, аталган Комитет ЭИКтин комметарийлерин эске алып, токтомдун долбоорун кем жерин иштеп чыгууга жөнөттү;

2013-жыл – ЭИКтин ишинин натыйжасында КР Салык кодексинин 217-беренесине киргизилген түзөтүүлөр өзгөртүлдү. 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген түзөтүүгө ылайык, ишканалар жана бөлөк чарбачылык субъектилеринин мойнунда пайда салыгына квартал сайын түшкөн акчанын 1%ы өлчөмүндө кошумча сумманы төлөп туруу милдеттенмелери болгон. ЭИК бул өзгөртүү менен макул болгон жок, анткени авансылык төлөмдөр пайда салыгы боюнча алдын ала төлөм болуп саналат, демек, алардын эсеби пайда салыгынын салык салына турган базасынын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзамдын долбоору (бардык тарапты биринчи абалына алып келе турган КР СКнын 217–беренесине киргизилген түзөтүү) үчүнчү окууда кабыл алынган жана 2013-жылдын 18-апрелинде президент кол койгон.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорунан сырткары ЭИК бөлөк ченемдик укуктук актыларды талкуулоого активдүү катышкан, анын ичинде банк операцияларын жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салынуу каралган “КРдагы банктар жана банктардын иши жөнүндө” КР Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө КР Мыйзамынын долбоору боюнча; “КРдагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө” КР мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору, “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору, ошондой эле “Административдик иш жана административдик процедуралар жөнүндө” КРнын Конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча ж.б.

Негизги операциялык жана институттук ишмердүүлүгүнөн сырткары ЭИК көп жылдар аралыгында эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашырууга катышып келет.

2012-жылы ЭИК Европа бирлигинин, GIZтин долбоорлору боюнча, USAID “Реформа” долбоору боюнча иштеген.

ЭИКтин башкы өнөктөшү Эко- жана агротуризмдин Европалык борбору (ECEAT) болгон “Кыргызстанды жана Борбор Азияны туруктуу өнүктүрүү үчүн бизнес-ассоциацияларды бекемдөө” долбоорунун алкагында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилген:

9 негизги туристтик бизнес-ассоциацияларды жана республиканын үч облусун бириктирген “Кыргызстандын туризмин алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү боюнча кеңеши” коомдук фонду түзүлгөн;

Кыргызстандын аймактык маркетинги үчүн конкурс менен логотип жана жарнамалык лозунг тандалып алынган жана туризмди илгерилетүү үчүн веб-сайт түзүлүп, кийин КР Маданият жана туризм министрлигине берилген;

2012-жылдын 6-7-декабрында Бишкекте туризм боюнча “Борбордук Азияда туристтик секторду биргелешип алдыга жылдыруу жолунда” аттуу эки күндүк регионалдык конференция болуп өттү.

2013-жылы ЭИК “20 жылга Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын “жол картасын” түзүү жолунда” деген жергиликтүү өнүктүрүү боюнча USAIDдин Программасынын долбоорунун аткаруучусу болду.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

Жибек Жолу маданий өнүгүү, № 179, 2019