Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
Компаньон Банкы бизнес насыялары үчүн пайыздык чендерди төмөндөттү

29 ноябрь 2016

Компаньон Банкы өзүнүн 12-жылдыгына АКШ долларындагы бизнес-насыялары акциясын баштады. Компаньон Банкы бул акция чегинде пайыздык чендерди төмөндөттү, ошондуктан эми, ишкерлер бизнес өнүктүрүүгө 10 миңден 100 миңге чейин АКШ долларында 12 % жылдык бекитилген чен боюнча насыя ала алышат. Насыялоонун максаты: жүгүртмө каражаттарын толуктоо жана өндүрүш активдерине инвестициялоо. Жеңилдетилген чендер боюнча насыялар 2016 жылдын аягына чейин берилет.

«Биз кардарларыбызга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн жаңы банк продуктыларын киргизүүнү улантуудабыз. Компаньон Банкынын ишинин эң маанилүү багыттарынын бири чакан жана орто бизнестерди насыялоо болуп саналат. Бул акциянын жардамы менен ишкерлер үчүн банктык каржылоо дагы жеткиликтүү болуп калды», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК төрагасы Уланбек Термечиков белгилеп кетти.

Толук маалыматты бул номер 0 (312) 33 88 00 боюнча чалып, же www.kompanion.kg сайтынан, жана Банктын бөлүмдөрүнөн алыңыздар.

Маалымат үчүн:

2004 жылы уюштурулган «Компаньон банкы» ЖАК, институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн жана бүгүнкү күндө 6.8 млрд сом активдери жана 1 млрд 616 миң сом уставдык капиталы бар туруктуу Банк болуп саналат. 2016 жылдын 31 октябрдагы абалга жараша, Компаньон Банкынын 97 000 кардарлары, миңден көп кызматкерлери, жана Кыргызстандын бардык региондорунда 109 бөлүмдөрү бар.

Эл аралык бейөкмөт уюму Кайрымдуулук Корпусу (Mercy Corps), Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана европалык инвестициялык фонду Triodos Investment Management Банктын акционерлери болуп эсептелет.