Сереп / Макалалар /
Бирдиктүү депозиттин булагы кайдан?

Кубанычбек Жолдошев
14 февраль 2020

Укук коргоо жана текшерүүчү органдар ишкер чөйрөгө басым жасап, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозитти толтуруу үчүн өз ара жарышып жатканы тууралуу сөз болду.

Ошондуктан ишкер чөйрө укук коргоо органдары депозитке которулган каражат кандай зыяндын ордун толтуруунун эсебинен жүргөнүн ачык түшүндүрүүнү талап кылды.

Президент ишкерлердин даттануусун териштирүүдө бирдиктүү саясат жүрбөй жатканын сынга алды. Башкы көзөмөл орган бизнести коргоонун чараларын күчөтүүгө убада берди.

Кысымга кабылган ишкердик

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жетекчилик кылган Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды, ишкердикти колдоо боюнча комитеттин жыйынында ишкердикти коргоо жана инвестициянын чыгып кетишин алдын алуу чаралары талкууланды.

Бул комитеттин ишкер чөйрөдөн көрсөтүлгөн орун басары Аскар Сыдыков бизнесмендерди пара берүүгө мажбурлаган көрүнүштөр тууралуу баяндама жасады. Ал Дүйнөлүк банк жүргүзгөн сурамжылоого таянып, Кыргызстандагы миңге чукул ишкананын ар бир үчүнчүсү пара берүүгө аргасыз болгонун мисал келтирди.

Мындан сырткары Аскар Сыдыков укук коргоо жана фискалдык органдар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозитти жарыша толтуруп жатканын, бирок ал каражаттын көбү каяктан алынганы белгисиз экенин айтты. Анын айтымында, басымга дуушар болгон ишкерлер төлөөгө мажбур болуп, анын негизинде тиешелүү органдар бирдиктүү депозитти толтуруп жатышы мүмкүн.

Аскар Сыдыков бизнес кысымга кабылып, ошондуктан өлкөдөн инвестиция качып жатканын белгиледи:

"Азыркы учурдагы ишкерлердин маанайы кандай? Биринчиден, алардын салган инвестициясынын жана мүлкүнүн коопсуздугуна ишенич жок. Ага эч кандай кепилдик жок. Ишкердин ар-намысына шек келтирген жагдайлар көбөйүп бара жатат. Ишкерлер укук коргоо, сот органдарынын жана текшерүүчү органдардын адилетсиз мамилесине тынымсыз дуушар болушат. Мына ушундай жагдайдан улам, ишкерлер өлкөдөгү бизнести өнүктүрүүнүн келечегине үмүт артпай калышты".

Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 2-июлунан 2020-жылдын 3-февралына чейин коррупцияга каршы күрөш боюнча укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине 2 миллиард сомдон ашуун каражат келип түшкөн.

Анын ичинен Финансалык полициядан – 1 036 396 110,76 сом; Башкы прокуратурадан – 628 307 432 сом; УКМКдан – 396 446 812,73 сом; Ички иштер министрлигинен 11 983 373,72 сом келип түшкөн. Бирок мунун бардыгы эле коррупциялык кылмыштарды ачуудан эмес, анда экономикалык кылмыштардын жана каржылык мыйзам бузуулардын эсебинен келтирилген зыяндын орду толтурулганы көрсөтүлгөн.

Бирдиктүү депозит кантип толтурулат?

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Анастасия Пискур ишкерлерди кысымга алып, депозитти толтуруу өнөкөтү бар экенин четке кагып, зыян каяктан жана кантип өндүрүлгөнүн ырастоочу далилдер бар экенин кошумчалады:

Азамат Аттокуров.

"Биз бир катар иштер боюнча маалыматтарды ачык эле беребиз. Мисалы, каттоого алынбаган кымбат баалуу автоунааларды ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу алып кирген кылмыштуу схемалар ачылган. Мына ошол фактылар боюнча зыяндын орду толтурулган. Анан “Акнет” компаниясы мурда жашырган салыкты ордуна койгон. Кээ бир компаниялар зыянды төлөп берип, бирок аны ачыкка чыгарбоону суранышат. Бирок ачыкка чыкпаган учурда деле депозитке которулган акча экономикалык кылмыштарды ачуудан жана каржылык мыйзам бузуулардын эсебинен зыяндын орду мыйзам чегинде өндүрүлгөнү ырасталган. Ошондуктан ишкерлерге кандайдыр бир басым болсо, алар жөн эле унчукпай калышмак эмес. Биз тескерисинче, мына ошондой кысымдар болсо, кайрылгыла, бизнестин мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого кепилдик беребиз деп айтабыз".

Президент бирдиктүү саясатты талап кылды

Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана текшерүүчү органдар ишкердикке жасаган басымдын азайбаганын, коррупция менен күрөштү шылтоолоп, бизнестин иштөөсүнө тоскоолдук жаратканын белгиледи.

Ал соңку мезгилде ишкерлер негизсиз камакка алынганы тууралуу кайрылуулар президентке түшүп жатканын мисал келтирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкердикти коргоодо бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү талап кылды:

"Ишкерлердин даттанууларында көрсөтүлгөн көйгөйлөр төмөнкү системада маселелер чечилгенде өзүнөн өзү жоюлат. Бул иштер бийлик органдарынын күн тартибиндеги курч маселе катары каралышы кажет. Бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда бир багыттуу аракеттер болбой, чаржайытуулук байкалууда. Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча жоопкерчилигин толук сезбей, байкоочулук ролду ээлеп алган учурлар болууда".

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Укук коргоо, сот жана текшерүүчү органдар менен бизнестин мамилесин жакшыртуу үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу маселесин көтөрдү.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ишкердикти коргоо чараларын күчөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтты:

"Натыйжада, ишкерлер жогору турган органдарга арыз менен кайрылууга аргасыз болуп жатат. Ошол себептүү ишкердик тармагындагы саясатты ишке ашыруу жана алардын укуктарын коргоо боюнча кошумча чараларды киргизүү, текшерүүлөрдү каттоого алуу маселесин мыйзамдык тартипте жөнгө салуу тууралуу ченемдик-укуктук актыларга, иштеп жаткан кодекстерге жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү зарыл".

Кыргызстанда 2018-жылдын июль айынан тарта коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу үчүн укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозит эсеби ачылып, ачылган кылмыш иштеринин эсебинен келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды которуу чечими кабыл алынган. Мына ошол түшкөн акчанын эсебинен мектеп, оорукана жана бала бакча сыяктуу объектилерди куруу пландалган.

Ссылка: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_corruption_politics/30434292.html