Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон Салык кодексинин тексти президенттин сайтында жарыяланды. Анда жалпы 449 беренеден турган Салык кодексинин артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү кыскача берилген.
Анда салык кодексинин максаты - системанын туруктуулугун камсыздоо, санариптештирүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экени айтылат.
Жаңы кодекске ылайык, салык эки режимде жыйналат.
1. Жалпы салык режими. Анын ичинде пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы бар. Бул режим менен товар жүгүртүү 30 млн. сомдон ашкан бизнес төлөйт.
2. Бирдиктүү салык режими. Бул режим менен түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес төлөйт. Мындан сырткары, электрондук алып-сатууга 2% салык салуу каралган.
Эми жаңы Салык кодексиндеги айрым серепчилер сындап жаткан беренелерге токтололу.
Жарандык активист Атай Бейшенбек уулу салык боюнча жаңы кодекстин кабыл алынышына каршы чыгып жаткандардын бири. Ал салык мыйзамдары кеңири талкууланбастан, ишкерлердин пикири эске алынбай иштелип чыккан деп сындады. Бейшенбек уулу 19-январда жарыяланган Салык кодексин бир сыйра окуп чыкканын айтып, буларга токтолду.
"Текст парламент 3-окууда караган боюнча кабыл алыныптыр. Маселе мында болуп жатат. Кимдин жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейин болуп, ККМ (контролдук кассалык машинаны) пайдаланса, салык төлөбөйт деген президенттин буйругу 6-декабрда чыккан. Ал эми бул Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүмүндө жалпы түшкөн акчадан 2022-жылы 0%, 2023-жылы 1%, 2024-жылы 2%, 2025-жылдан баштап 4-6% деп көрсөтүлүп турат. Ошондой карама-каршылык бар. Маселен, тамактануучу жайлардын баарынан бирдей 8% түшкөн акчадан салык төлөө киргизилди. Демек, бир күндө 100 миң сом тапкан кафе болсо, ал 8000 сом төлөйт. Ал 100 миңдин ичинде жарык, ижара, айлык, товар сатып алуу деген эске алынбайт", - деди Атай Бейшенбек уулу.
Жарандык активисттин айтымында, жаңы салык кодексине байланыштуу айрым тармактарда товар, кызмат көрсөтүүнүн баасы эл үчүн кымбаттайт деп эскертүүдө.
Салыкчылардын укуругу узарат
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева салык кызматына тергөө сыяктуу ашыкча укук берилип калгандыктан, ишкерлерге кысым болушу мүмкүндүгүн белгилейт. Эргешбаева бир нече тобокелдиктерди санап берди.
"Кошумча отчет киргизилип жатат. Бул салык жүгүн жогорулатат. Экинчиси, салыктык санкцияларды жогорулатуу аркылуу жоопкерчилик күчөтүлүүдө. Үчүнчүсү, салык кызматына тергөө органынын укуктарын берүү тобокелдиктер болуп саналат. Бул нормалардын кабыл алынышы салык органдарында коррупциянын өсүшүнө алып келиши мүмкүн", - деди Эргешбаева.
Көмүскө экономиканы азайтуу аракети
Салык кодексинин долбоору талкуулана баштагандан күндөн тарта бийлик жаңы мыйзам ишкерлерге бирдей шарт түзүп, ириде экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталганын айтып келе жатат.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов салыкты мыйзамдуу төлөгөн ишкерлерге эч кандай тынчсызданууга негиз жок экенин ишендирет.
Умтулов салык кодексинин аткарылышында келип чыккан кемчиликтерди оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, маселен Салык кодексинин 423-беренеси президенттин буйругу менен шайкеш келтириле турганын билдирди. Ал учурда айтылып жаткан сындарга мындай жооп берди.
"Өз ыктыяры менен төлөгөн салыкчыга эч кандай коркунуч жок. Убагында салык төгүп, убагында ачык отчет берсе ага эч кандай кысым же башка нерсе болбойт. Бир дагы салыктын ставкасы көтөрүлгөн жок. Мурдагы кодекстеги жеңилдиктер калды. Тескерисинче, жеңилдиктер дагы кошулду. Мисалы, тигүү тармагына 0,25% салык болуп төмөндөтүлдү. Ошондой эле патент боюнча дагы 0.25% калды", - деди Умтулов.
Салык негизинен бизнеске тиешелүү, мыйзам талкууга алынганы ишкерлер арасында деле пикир бир кылка эмес. Айрым байкоочулар азырынча кодекстер түшүнүксүз болуп жатканын айтып жатышат. Ишкер Илгиз Шаменов буларга токтолду.
"Азыркы салык кодекси аябай түшүнүксүз. Ишкерлерди категорияга бөлбөй эле ККМ аппараттарды койдуруп жатат. Казынаны толтуруунун бирден бир варианты болуп жатат окшойт. Тапкан кирешеңден 12% төлө деп жатышат. Бул ишкерлерге аябай эле зыян болот", - деди ал.
Салык кодекси ишкерлердин "Конституциясы"
Кандай болгон күндө дагы жаңы Салык кодекси кабыл алынды. Президенттин сайтында кодекс 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин деп жазылып турат.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин эксперти Жанабил Давлетбаев мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда ишкерлер коомчулугу бир топ сунуштарды бергенин билдирди. Анын айтымында, алардын негизгилери эске алынбай калды. Эксперттин пикиринде, чийки иштелип чыккан кодекс өзгөртүүлөргө дуушар болот.
"Биздин тажрыйба көрсөткөндөй акыркы кодекстер өзгөрдү. Ошондой эле бул кодекс дагы өзгөрөт. Бул колдонула баштаганда кайсы бир берене, тарифтер туура эмес болуп калат. Салык кодекс – ишкерлердин "Конституциясы". Ал кабыл алынганда башынан жакшылап иштелип чыкса болмок. Азыр салыкчылардын өздөрү биз менен чогуу жаңы мыйзамды окуп жатса керек. Жаңы кодексти киргизүү алдында жарым жыл окутуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек болчу", - деди эксперт.
Кыргызстанда жаңы Салык кодекси 2021-жылдын сентябрь айынан баштап коомдук талкууга коюлган. Документ 6-чакырылыштагы парламенттен дагы талаш-тартыш менен кабыл алынган. Өткөн жылдын аягында Бишкектеги “Дордой” баш болгон ири базарлардын соодагерлери контролдук кассалык машинаны (ККМ)колдонууга каршылыгын билдирип чыгышкан. Бул өлкө тарыхында салык тармагында жаңы редакция менен кабыл алынган үчүнчү кодекс болуп калмакчы.
https://www.azattyk.org/a/talashtuu-salyk-kodeksi-ishke-kirdi/31661512.html