Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
Компаньон Банкы – ийгиликтүү өнүгүүнүн 12 жылы!

17 октябрь 2016

12 октябрда Компаньон Банкы өзүнүн 12-туулган күнүн белгилеп жатты.

Компаньон беш микрокредиттик агенттиктеринин активдерин бириктирүү аркылуу эл аралык бейөкмөт уюму Кайрымдуулук Корпусу (Мерсико) тарабынан уюштурулган. 12 лет жыл ичинде Компаньон Банкы институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн жана бүгүнкү күндө 7 млрд сомдук активи менен коомчулуктарды өнүктүрүү боюнча туруктуу каржы уюму болуп саналат. Кыргызстандагы 25 банктын арасында Компаньон уставдык капитал боюнча 8 орунда жана кредиттик портфель боюнча 9 орунда турат.

Компаньон Банкы негизделгенден бери өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстандын рыногунда бир кыйла кеңейтти. Бүгүнкү күндө банктын миңден көп кызматкерлери бүткүл өлкө боюнча 109 бөлүмдөрүндө 98 000 кардарларга кызмат көрсөтүшөт. Кайрымдуулук Корпусу, Голландиялык Өнүгүү Банкы(FMO) жана Триодос европалык инвестициялык фонддору банктын акционерлери болуп саналат.

Банк өзүнүн ишинде бир-бирине ишеним, сый жана чындыктын негизинде кардарлар менен узак мөөнөттүү мамиле курууга өзгөчө көңүл бурат. Кардарларды тейлөөнүн эң жогорку стандарттарына умтулуу менен, Компаньон каржы тармагында эл аралык деңгээлде кабыл алынган кардарларды коргоо принциптерин сактайт. 2014 жылдын апрель айында Компаньон Борбордук Азияда биринчи болуп Smart Campaign тастыкташтыруусун өткөн. Бул Компаньондун социалдык-жоопкерчиликтүү насыялоонун эрежелерин сактагандыгын далилдейт.

Белгилей кетсек, Компаньон Кыргызстанда агрономия жана мал чарбачылык боюнча 30 жогорку кваливикациялуу адистен турган өнүгүү тобу бар жалгыз банк болуп саналат. Компаньон Банкынын бизнес өнүктүрүү боюнча каржы продуктыларын жана кызматтарын сунуштоодо колдонгон уникалдуу биргелешкен ыкмасы кардарларга жаратылыш ресурстарын жана өндүрүштүк активдерди башкарууда этноэкологиялык ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Банктын агрономдору жана ветеринарлары 5 жыл ичинде 12 300 акысыз тренингдерди өткөрүшкөн. Аларга Кыргызстандын 725 айылдарынан 31 000 көп үй чарбалары катышкан. Өздөрүнүн алган билим жана ыкмаларын колдонушуп, үй чарбалары мал өндүрүмдүүлүгүн жана түшүмдү арттырып жатышат. Мындай жакшы жышаан калктын кирешесин көбөйтүүдө.

«Биз кардарларыбызга ишеним үчүн, өнөктөштөрүбүзгө ишенимдүү кызматташтык үчүн, кесиптештерибизге берилип иштеп, Банктын өнүгүүсү үчүн баа жетпес салымдарын кошкондугу үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз биздин көп жылдык тажрыйбабызды баалайбыз, өзүбүздүн тарыхыбыз менен сыймыктанабыз жана Кыргызстандын элине эң жакшы каржы чечимдерин сунуштоо менен өзүбүздүн миссияга умтулууну улантуудабыз», - деп Компаньон Банкынын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Термечиков белгиледи.