Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
FINCA Банк «ЮНИСТРИМ» системасынын катышуучусу болуп калды

14 октябрь 2016

FINCA Банктын 71-тейлөө түйүнү кардарларга эми ЮНИСТРИМ эл аралык системасы боюнча акча которуулар, ошондой эле эсепке которуулар, дүйнө банктары тарабынан чыгарылган VISA жана Master Card карталарына которуулар жеткиликтүү кылды.

FINCA Банктын кеңселеринен акча которууларды КМШ, Грузия, Россия, Литва, Латвия жана Түркия өлкөлөрүнө жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жөнөтсө болот. Акча которуу же алуу үчүн кардар банкка паспорту менен кайрылышы керек.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чолпон-Ата, Талас, Нарын жана Кыргызстандын башка көптөгөн шаарларында жана айылдарында FINCA Банктын кеңселеринен накталай каражаттарды жөнөтүп жана ала аласыз.

“FINCA Банктын кошулуусу менен Кыргызстандагы өнөктөштүк тармагы көбөйдү, – деп билдирди “ЮНИСТРИМ” банк башкармалыгынын төрагасы Кирилл Пальчун, – биз өлкөдөгү өзүбүздүн катышуубузду кеңейтип, сүйүктүү кардарларыбызга акча которууларды жөнөтүүдө жана алууда ыңгайлуулукту камсыздап жатканыбызга кубанычтабыз”.

Акча которуулар тууралуу кошумча маалымат: http://www.finca.kg/?p=8002