Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
2015 –жылы финансылык сабаттуулукту кантип жогорулатышкан?

18 февраль 2016

«Финансылык сабаттуулук»- бул түрдүү ыкмалар жана аспаптар аркылуу адамдардын билим деңгээлин жогорулатууга, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган бүтүндөй окутуу программасы. FINCA Банк демилге кылган бул ири долбоор 3 жыл мурун ашыкча кредит алууну алдын-алууга багытталган тренингдер менен башталган.

Убакыттын өтүшү менен, долбоорду иштеп чыккандар жана тренерлер калкка финансылык мекемелер менен иштөөдөгү негизги учурларды гана түшүндүрбөстөн, жеке бюджетти түзүүдөн тартып, банк кызматтарына чейинки бардык темаларды киргизүү маанилүү экендигин түшүнө башташкан. Мындан тышкары, маалыматтарды жеткирүүнүн ыкмалары да жайылтыла баштады.

Долбоорду өнүктүрүү максатында, өткөн жылы Deutsche Bankтын колдоосу менен FINCA Банк жогорку класстын окуучулары үчүн окуу модулун, ошондой эле, жеке каражаттарды туура бөлүштүрүү, акча топтоолор, өспүрүмдөр үчүн депозиттердин артыкчылыктары жана кемчиликтери, банкты туура тандоо жана пайдалуу адабияттардын тизмеси тууралуу кеңештерди камтыган “Финансы дүйнөсүнө саякат” аттуу окуу куралын иштеп чыкты. Китеп мектептерде өткөрүлгөн тренингдерде таратылат. Мындан тышкары банкта Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан иштелип чыккан биринчи комикс “Акча азбукасы” басылып чыгарылган.

Окутуу материалдары банктагы эсеп эмне үчүн керек экендигин, жөнөкөй үч кадамды жасоо менен кантип эсеп ачууга боло тургандыгын көрсөткөн инфографикалар менен да толукталган.

Банк продуктыларын жана кызматтарын пайдалануудагы жөнөкөй кадамдар тууралуу финансылык сабаттуулук боюнча роликтерде да айтылган. 11 анимациялык роликтен турган бүтүн бир серия интернет-айдыңында жарыялоо жана банктын окутуу иш-чаралары убагында көрсөтүү максатында даярдалган.

FINCA Банктын кызматкерлери технологияны өнүктүрүү менен катар эле, адамдар менен диалог түзүүгө жардам берген аспаптарды да өнүктүрүү керек дешет. Азыр көпчүлүк адамдар көп маалыматты уюлдук телефондон алышат, ошондуктан, ушул сыяктуу медиа-продуктуларды иштеп чыгуу максатыбызга жетүүгө жардам берет.

Бул долбоордун негизи– атайын окутулган тренерлердин өлкөнүн бардык областтарында өткөргөн бекер тренингдери. Банктын кызматкерлери финансыларды кантип башкаруу керектиги, кантип финансылык жактан көз карандысыз келечекти куруу туурасында мектептерде, медициналык мекемелерде, тигүү цехтеринде айтып беришет.

Банкта жыл ичинде 506 тренинг өткөрүлүп, ага 11 128 адам катышкан. Ал эми бүтүндөй долбоор башталгандан бери, 2012-жылдан тартып 22 259 адамдын катышуусунда 1030 тренинг өткөн.

Долбоор тууралуу толук маалыматты www.FINCA.kg сайтынан ала аласыздар.