Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Комитет менен Эл аралык ишкерлер кенештин отуруму болуп өттү.

2 март 2018

Ушул жылдын 1-мартында ӨЭЖМК борбордук аппаратында Комитеттин кызматкерлеринин катышуусунда Эл аралык ишкердик кеңештин минералдык ресурстар Комитетинин отуруму болуп өттү. ӨЭЖМК өкүлдөрү баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартиби тууралуу кылдаттык менен сунуш-пикирлерди иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилешти.Ошону менен бирге, өзгөчө баалуу бактарды кыюуну компенсациялоо боюнча ченемдик укуктук акты иштеп чыгуу зарылчылыгы козголду.

http://www.gkpen.kg/kyr/index.php/press/news/173-2018-03-02-13-38-06