Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Жалал-Абад шаарында эл аралык бизнес-форум өтөт

30 июнь 2015

2015-жылдын 9-10-июлунда Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулган «Жалал-Абад – 2015» I - Эл аралык бизнес-форуму өтөт. Форум Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата улуттук стратегиясынын бир бөлүгү катары өткөрүлүүдө.

Бизнес-форум инвестициялык климатты жакшыртуу жана аймактагы экономикалык өнүгүүгө, соода жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, элди жумуш менен камсыздаган жаңы ишканаларды ачууга түрткү болгон чет элдик жана ички инвестицияларды тартуу максатында уюштурулуп, Жалал-Абад областындагы олуттуу бизнес жана инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга керектүү болгон конструктивдүү диалог үчүн заманбап аянтча болуп берет.

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын Жалал-Абадга келүүсү жана тегерек стол менен панелдик талкууларда катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын программасында төмөнкүлөр каралган:

- Секциялар боюнча тегерек столдор: айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, энергетика, инфраструктура жана курулуш индустриясы, туризм жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү;

- Потенциалдуу инвесторлорду Жалал-Абад областы боюнча даяр бизнес долбоорлор менен тааныштыруу (презентациялар);

- B2B форматындагы (бизнес бизнес үчүн) панелдик талкуулар жана сүйлөшүүлөр;

- Жергиликтүү жана чет элдик ишканалар чыгарган продукциянын, жана ошондой эле элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү/жарманкеси;

- Жалал-Абад областындагы ири өнөр жай ишканалары менен таанышуу/жеринен көрүп келүү;

- Пресс-конференция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан конокторду кабыл алуу аземи.

Форум – Кыргыз Республикасынын баардык аймактарынын, чет мамлекеттердин (Орусия, Кытай, Түркия), алдыңкы кыргыз жана чет элдик ишканалардын өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялардын башчылары, эл аралык өкүлчүлүктөр менен агенттиктердин, чет жакадагы жердештердин диаспораларынын, соода-өнөр жай палаталары менен соода бирикмелеринин, инвестициялык банктардын жана микрокредиттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүүчү эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чара.

Бизнес-форум БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Соодага көмөктөшүү» долбоору, ЮСАИДдин «Агро Горизонт» долбоору, ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги борбору жана Германиянын Эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) «Агро Лид» долбоору тарабынан колдоого алынып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад кыргыз-түрк балдар лицейи, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасы жана Экономика жана ишкердик университетинин көмөктөшүүсү менен өткөрүлүүдө.

Форумдун салтанаттуу ачылышы 9-июлда саат 9:00дө Жалал-Абад шаарынын башкы аянтында өтөт.

Кошумча маалымат үчүн сайт: www.gov.kg/dj/ +996 3722/ 24335, 0772576060 (уюл.) телефондору же kadyralyuulu@gmail.com электрондук адреси боюнча кайрылыңыздар.

Байланыш үчүн жооптуу: Кадыралы уулу Маратбек – уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика, инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар секторунун башкы адиси.