Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
"Менин атам(апам) - ишкер" сүрөт тартуу жана дилбаян конкурсу

28 май 2015

1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи, Баластан журналы жана ЖИА биргеликте уюштуруп жаткан "Менин атам(апам) - ишкер" сүрөт тартуу жана дилбаян конкурсунун салтанаттуу жыйынтыктоо аземи жана көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы 30-майда, Г. Айтиев атындагы музейде өтөт. Конкурска республика боюнча 200 дөн ашуун балдардын иштери кабыл алынды.

Бул күнү балдарды:

- Балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү

- Концерттик программалар

- Роботтордун таймашы

- Сүрөт тартуу, кагаздан буюмдарды жасоо ж.б. боюнча масстер класстар

- Балдар жазуучуларынан өз чыгармаларын окуп берүү

- Куурчак театры ж.б. кызыктуу оюн-зоок программалар күтмөкчү.

Ошондуктан бул күндү балдарыңызга арнап, балдарыбыздын иштерин баалап, үй-бүлөңүз менен эс алып кетүүгө чакырабыз.

Өткөрүлүүчү жай: Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи, Абдрахманов көчөсү, 196. (Советский/Фрунзе көч.кесилиши)

Балдарга арнап белектерди топтоп жатабыз, белектериңиз болсо ЖИАга кайрылыңыздар.

Толугураак маалымат алуу үчүн ЖИАга кайрылыңыздар. 0312895362, 0701145455(Бектурсун)