Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Түштүк борбордо «Ош – 2015» бизнес-форуму өтөт

26 май 2015

2015-жылдын 27-майында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин жардамында «Ош-2015» бизнес-форуму өтөт. Бизнес-форумдун негизги максаты – инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасынын региондорунда, өзгөчө түштүк облустарында бизнестин өнүгүүсүнө жана ишкердик байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү.

Иш-чарага 200дөн ашык катышуучулар – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишкерлер, бизнес-ассоциациялар жана эксперттер – катышышат. Форумдун ишинде чет элдик инвесторлорду тартууга өзгөчө маани берилет, андыктан форумга Орусия Федерациясы, Казахстан Республикасы, Кытай Элдик Республикасы, Түштүк Корея, Жапония жана башка өлкөлөрдөн ишкерлер чакырылган.

Катышуучуларды жана конокторду түштүк регионунун инвестициялык дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында форумдун уюштуруу комитети тарабанынан инвестициялык климат жана бизнес долбоорлор тууралуу материалдар даярдалып, алар форумда сунушталат. Мындан тышкары форумдун катышуучулары топторго бөлүнүшүп, экономиканын төрт тармагы боюнча долбоорлорду талкуулашат:

- Айыл чарба жана кайра иштетүү/тамак өнөр жайы.

- Тоо-кен казып чыгаруу жана таш иштеп чыгаруу өнөр жайы.

- Курулуш жана инвестициялар.

- Туризм жана инфраструктура.

Форум учурунда эң тез өсүп бараткан бизнес бирикмелердин бири ЖИА-Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү бизнести илгерилетүү жана инвестицияларды тартуу боюнча ийгиликтүү моделдер тууралуу, жана ошондой эле ишкердүүлүктү өнүктүрүүдө өз ара кызматташуунун жана ишкерлердин потенциалы менен бизнес жүргүзүүнүн жана аны өнүктүрүүүнүн жаңы жолдору жөнүндө билимди үзгүлтүксүз жогорулатуунун маанилүү ролу тууралуу айтып беришет.

Иш-чаранын алкагында тематикалык презентациялар, сүйлөшүүлөр, консультациялар, Ош облусунда чыгарылган продукциянын көргөзмө жана бизнес-форумду жыйынтыктоочу пресс-конференция да өтөт.

«Ош – 2015» бизнес-форуму БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагындагы «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун, Германиянын Эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) «Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү» программасынын, ЕККУнун Ош шаарындагы жергиликтүү кеңсесинин жана Өнүгүү жана кызматташуу боюнча Швейцариялык башкармалыгынын (ӨКШБ) жардамы менен уюштурулган.

Пресса өкүлдөрүн каттоо жана бизнес-форум тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн уюштуруу комитетине кайрылыңыздар:

- Ош ш., Ленина көч. 221, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, тел. (03222) 5 50 30, 5 72 27 , 0(770) 000112, 0(770) 82 00 55, электрондук дарек: ibraev_gov@mail.ru

- Байланыш үчүн жооптуу: Ибраев Урмат Ажыкулович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдыңкы адиси – уюштуруу комитетинин катчысы.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигине да кайрылсаңыздар болот: (0312) 623842, 623853, http://www.invest.gov.kg/ru/