Сереп / Макалалар /
Ийгиликтүү ишкер – күчтүү өлкө

Фархад Пакыров, «ЖИА» жаш ишкерлер ассоциациясынын инвестициялар боюнча менеджери
1 январь 2015

2006-жылы түзүлгөн биздин ассоциациянын негизги максаты болуп ишкерлердин укуктарын коргоо, ошондой эле коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө алардын кызыкчылыктарын көрсөтүү эсептелет. Адегенде ЖИА 10-15 ишкерди бириктирген, негизинен алар чет өлкөлөрдө окушкан жана бизнес-ассоциациянын миссиясы менен тааныш болушкан жаштар болчу. Бүгүн биз бүтүндөй Кыргызстан боюнча компанияларды жана жеке ишкерлерди кошкондо 400 мүчөнүн башын кошуп турабыз. Ассоциацияга кирип жатканда алкоголду, тамекини, зыяндуу химикаттарды жана курал-жарактарды чыгаруучу чөйрөдө иштегендерден башкасына чектөөлөр коюлбайт.

Биз бардык региондордогу ишкерлерге активдүү колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз, биздин Таласта, Ошто жана Жалал-Абадда кеңселерибиз бар, калган региондордо биздин өкүлдөрүбүз иштейт. Оштогу өкүлчүлүккө 100 дөн ашык, Таластагыга -30дан ашык ишкер кирет. Кыргызстандын бардык региондорун акырындык менен камтууну пландаштырып жатабыз.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын миссиясы – жеке ишкердикти өнүктүрүү жолу менен Кыргызстанда патриоттуулуктун, демократия менен толеранттуулуктун баалуулуктарын алга жылдыруу.

Биздин Ассоциация өткөрүлүп жаткан тендерлер, жарманкелер, семинарлар, тренингдер жана көргөзмөлөр жөнүндө маалыматтарды өзүнүн мүчөлөрүнө жөнөтүүлөр түрүндө беришет. Бул маалыматтарды ар кандай булактардан издөөгө ишкерлердин убакыты болбойт.

Биз коомдук ишмерлер, көрүнүктүү ишкерлер, эл аралык эксперттер менен жолугушууларды, ошондой эле өзүбүздүн мүчөлөрүбүз үчүн семинарларды жана тренингдерди такай өткөрүп турабыз. Мисалы, акыркы жолугушуулардын бири маалыматтык-технологиялар жаатындагы белгилүү америкалык эксперт жана инвестор Бенджамин Сливка менен болду, ал Майкрасофт компаниясында он жылдан ашуун иштеген. Ушул жылы биз 24 иш-чара өткөрүп, ага 500дөн ашуун бизнесмен катышты.

Мүчөлөрүбүз үчүн биз маркетинг, бизнес, юридикалык, салык маселелери боюнча консультациялык колдоо көрсөтөбүз. Бул жылы биз маалыматты социалдык тармактар аркылуу таратуу менен, мүчөлөргө гана эмес, ишкерлердин бардыгы үчүн эки жолу «Акысыз юридикалык консультациялар» акциясын өткөрдүк.

Биздин ассоциация мамлекеттик деңгээлдеги форумдарга жана конференцияларга катышат жана уюштурат, мисалы, жыл сайын өтүлүүчү Кыргыз-түрк форуму. Өткөн жылы ЖИА КРнын Жогорку Кеңеши жана КРнын АКШдагы Элчилиги менен бирдикте Вашингтондо биринчи Кыргыз-америкалык бизнес-форумун өткөрдүк. Бул форумга Кыргызстандан 55 ишкер, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты. Форумдун натыйжасы катары, 2014-жылдын сентябрында II Кыргыз-Америкалык эл аралык бизнес-форумду Бишкекте өткөрүү пландаштырылып жатат. Жайында бизге АКШдан эксперттер келишип, экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, Кыргызстандын экономикасынын америкалык ишкерлерди кызыктыра турган потенциалдуу багыттарын ачып көрсөтүштү. Андан сырткары, Кыргызстандын Түркиядагы диаспорасы – Кыргызстандын достук жана маданият коому менен бирдикте биз Стамбулда «Кыргызстан» деп аталган бизнес-форумду өткөрдүк.

Акыркы эки жылда биз чет өлкөлөргө биздин ишкерлерибиздин иштиктүү сапарларын уюштуруп жатабыз, анткени Кыргызстанда бизнес жаш, жана биз көптү үйрөнүшүбүз керек – бизнести кантип жүргүзүүнү, жаңы технологияларды киргизүүнү. Өткөн жылы биз АКШга, Түркияга, Кытайга, Азербайжанга, Россияга жана башка өлкөлөргө бир топ мындай сапарларды уюштурганбыз. Жыл ичинде биздин ишкерлер сегиз өлкөдө болуп кайтышты. Сапардын учурунда, адаттта, алдыңкы профилдик ишканаларга, тармактык жана тематикалык көргөзмөлөргө барууну, ошондой эле иштиктүү алакаларды жөнгө салуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жолугушууларды өткөрүүнү уюштурабыз. 2014-жылдын октябрында Токиого иштиктүү сапар тартуу алдында турабыз, ал жерде Биринчи Кыргыз-Япон бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылып жатат.

«Биз – өнөктөшпүз» долбоорунун алкагында ишкерлер ар кандай ишканаларга, объектилерге жана ассоциация мүчөлөрүнүн кеңселерине барышат. Долбоордун максаты болуп алакаларды жөнгө салуу, ассоциациянын мүчөлөрүнүн арасында тажрыйба менен мүмкүндүктөрүн алмашуу үчүн платформа түзүү саналат. Ушул жылы биз 19 ишканага барууну уюштурдук.

Дагы бир биздин кызмат көрсөтүүбүз – бул мүчөлөрүбүзгө квалификациялуу кадрлар жагынан көмөк көрсөтүү, бул үчүн бизде кадрдык агенттигибиз бар. Бирок өлкөдө көптөгөн жумушсуздар бар убакта, керек болгон кызматкерди жарым жылдай таба албай калган учурларыбыз болуп калат. Керектүү адистерди Кыргызстандан таба албаган соң, биздин ишкерлер чет элдиктерди жумушка чакырууга аргасыз болушат.

Мындай кемчиликтердин ордун толтуруу үчүн биз өлкөнүн көптөгөн ЖОЖдор менен кызматташып жатабыз, ал жактарда семинарларды такай өтүп турабыз. Бүгүн жаштар арасында бул жакта келечегибиз жок жана окууну бүткөндөн кийин Россияга же АКШга кетиш керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Биз аларды ойлогон ойлорунан кайтарууга аракет кылып, ийгиликке жетишкен бизнесмендер менен жолугушууларды уюштуруп, «шыктандыруучу лекцияларды» өткөрөбүз. Көп учурларда жолугушууларды чет өлкөлөрдө окуп келишкен жана Кыргызстанда бизнестерин ийгиликтүү жүргүзүп жатышкан ишкерлер өткөрүшөт. Биз ийгиликке жетишкен ишканаларга экскурсияларды уюштурабыз, ал жакта студенттер өндүрүш менен түздөн-түз таанышат.

ЖИА өлкөнүн социалдык-экономикалык жагдайын жакшыртуу боюнча ар кандай долбоорлорго катышып келет. Биздин ассоциациянын көмөк көрсөтүүсүнүн астында, ашар ыкмасы менен, Чүй облусунун Байтик айылында «Кут Билим» мектеби курулду. Бул интернет-мектеп, анда жогорку квалификациялуу окутуучулар иштешет. Айтмакчы, биздин ассоциациянын кеңсеси да ашар ыкмасы менен курулган, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштесин деп бизге ишкерлер колдоо көрсөтүштү.

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аларга колдоо көрсөтүү үчүн ассоциациянын алдында JIAinvest бөлүмү иштейт, ал чет элдик уюмдардын ушул сыяктуу түзүмдөрү менен кызматташат. Биздин Казакстанда, Түркияда, Россияда, Кытайда, АКШда өнөктөштөрүбүз бар. Алардын ишкерлери бизге келе жатканда алар бизге кайрылышат, биздин ишкерлерге алардын өлкөсүнөн бир нерсе керек болуп калса, биз аларга кайрылабыз. Биз Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн элчиликтери менен да жигердүү иштешебиз.

“ЖИА -эртең мененки тамак” долбоору - бул ишкерлердин мамлекеттин өкүлдөрү менен эртең менен такай жолугушуусу. Мамтүзүмдөр менен биз мыйзамдарды жакшыртуу, пландаштыруу, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери боюнча кызматташабыз.

Азыркы учурда биз ассоциациянын брендин өзгөртүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз, анткени бизде «жаш ишкер» деген сөзгө өтө маани беришпейт. Биз «ЖИА бизнес-ассоциациясы» деп аталабыз.