Биз тууралуу / Өнөктөштөр /
Мамлекеттик бийлик органдары

Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппараты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу максатында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Президентине тикелей баш ийген мамлекеттик орган болуп эсептелет.

Шилтеме тилкеси боюнча Кеӊеш тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин сактоо менен, мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдоочу функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

Шилтеме тилкеси боюнча Кеӊеш тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

Шилтеме тилкеси боюнча Өкмөт тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

Шилтеме тилкеси боюнча Министрлиги тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

КР Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеши

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан координацияланган, Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык жагдайды жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн тездетүү үчүн зарыл иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кыла турган консультативдик-кеңешүү органы болуп саналат.

Кеңештин негизги милдети болуп Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык жагдайды жакшыртуу маселелери боюнча мамлекет менен бизнестин ортосунда сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Шилтеме тилкеси боюнча Кеӊеш тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.

КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү агентствосу

Чет өлкөлүк потенциалдуу инвесторлорду издөөдө, ата мекендик ишканаларга жардам көрсөтүү, бизнес-коомчулуктарга жана мамлекеттик эмес секторлоруна, мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестицияларды киргизүү жана тартуу максатында Экономика министирлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү агентствосу түзүлгөн.

Шилтеме тилкеси боюнча сиз Агентство тууралу толук маалыматты таап алсаӊыз болот.