Журналистика / Статьи участников Клуба /
ПАЙДА ТАБУУНУ ГАНА ОЙЛОЙ БЕРСЕК, ПЛАНЕТАБЫЗДЫ ЖОГОТУП АЛАБЫЗ!

Зирек Асанова
3 мая 2019

Акча, пайда, ишкердик, инвестор, соода, соопчулук дегендер оюбуздан орчундуу орунду ээлеп турганы менен, жоопкерчилик дагы бар экенин унутпайлы, дейт Америкалык ишкер айым Виктория Сильченко.

Жакында Бишкекте Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги тарабынан ишкерлер үчүн өткөрүлгөн иш-чараларда дарс окуган бул айым тууралуу маалымат берели да, андан ары аны менен маекти улай кетели:

Виктория Сильченко АКШда ишкер, кеңешчи, экономист жана альтернативдик каржылоо боюнча алдыңкы адис. Альтернативдик каржылоо жаңы санарип доорундагы венчурдук каржылоонун кийинки баскычынын алдыңкы сабынан орун алган. Ал Калифорниянын Лос-Анжелесиндеги «Metropole Capital Group» жана «World Funding Summit» уюмдарынын негиздөөчүсү; Калифорниянын Лютеран университетинин адъюнкт-профессору жана учурда Калияфорния фондулук биржасынын Консултадивдик кеңешинин мүчөсү.

ИДЕЯНЫ ИЗДЕБЕГИЛЕ

Америка, Кыргызстан, Бразилия жана Россиянын 25 жаштагыларынын көпчүлүгү өздөрүндө сонун идея бар экенин айтышат. Алардын “Виктория, бизге инвестор таап бер”, дегендери мен үчүн кадыресе көрүнүш. Мен алардан силерде инвестор үчүн эмне бар, деп кайра сурайм. Алардын адаттагы жообу — жаңы эле кылт эткен ойлор же дагы кандайдыр бир идеялар.

Негизинен идеялар боюнча танкыстык жокко эсе. Идеаялар көп, бирок алардын баары эле ишке аша бербейт. Мен ошондуктан бул өңдүү жолугушууларда ишкерлерге, керек болсо, ошол эле АКШнын ишкерлерине “идея издебегиле же сунуштабагыла, андан көрө, көйгөйлөрдү көрө билгиле” деп айтамын. Анткени, көйгөйдүн өзү аны өзгөртүү, болгондо да, дурус тарапка жылдырууну кыйытып турат. Болгону, аны жакшылап байкап, чечүү жолдоруна аракет көрүү зарыл.

Көптөр кызыгып сурагандай, Америкадагы ишкерлер боюнча айтканда, ал жактагы ишкерлер каражат, капитал издебейт, деп ойлосоңор жаңыласыздар. Алар дагы издешет. Акча деле бар, ошол эле учурда идеялардын баары эле колдоо таба бербейт. Бул жагынан алганда, мага берилген суроолордун төркүнү бирдей эле.

ИНВЕСТОР ДАГЫ АКЧАНЫ КӨРГӨНДӨ ИЙГЕ КЕЛЕТ

Сиз инвесторду тартканда тобокелди кошо тартасыз. Же, өзүңүздөгү тобокелди ошол ивестор менен бөлүшөсүз. Инвестор үчүн өзүңүздүн баштапкы салымга каражатыңыз бар экендиги же баарын

инвестордон алууну каалап турганыңыз кызык. Штаттарда 50%га 50% деген түшүнүк бар. Ал эми, ошол 50%ды кайдан табасын, бул өзүнчө маселе. Бирок бизде кредиттик карточкалар, краудфандинг деген каражаттар иштейт.

Кыргызстанда краудфандинг кандай экенин билбейм

Бишкектеги жолугушууда бул сөз эмнени билдире турганын сурап жатышты. Ошондуктан, бул жерде краудфандинг кандай экенин мен жакшы билбеймин. Штаттарда бул бир топ жыл илгери эле кеңири колдонулган пайдалуу каражатка айланган. Россияда да жакшы жүргүзүлөт.

Ооба, Ашар деле краудфандинг

Менин краудфандунгге биздин ашар деген кол кабышыбыз окшоп кетет экен, деген сөзүмдү Виктория айым мындай улап кетти.

-Туура, бул бир түрү. Эгерде үйү жок адам акча сурап, ага жардам берилип, үйү курулуп калса, бул краудфандинг. Бирок мен бул жерде үйү жокторду жолуктурган жокмун, бул жакшы көрсөткүч, албетте. Ал эми Сан-Францискодо болсо үйү жоктор көп.

Эми, азыркы учурдун сөзү менен айтканда, краудфандинг бул интернет аркылуу элдик каржылоо системасы. Бир аз болсо да сумманы көпчүлүктөн чогултуп алуунун санариптик платформасы.

ИЗДЕНСЕҢИЗ ЭЛЕ ИТИҢИЗ ЧӨП ЖЕЙТ

Азыр биз жашап жаткан доордо баары колубузда. Мен гугл аркылуу, ютубдан орус тилинде материалдар менен таанышууну сунуштаймын. Азыр баарын өзүң

үйрөнүп алганга шарт бар, бирок маалымат көп болгондуктан аларды синтездей алуу кыйынга турат. Ошондуктан өзү ишкер, өзү окутуучу болгон, мен сыяктуу адамдардын жардамына дагы муктаждык чоң. Мен буйруса, бул жакка дагы чакыруу болуп калса, атайын краудфандинг дарсин окуп кетүүгө даярмын.

ЖАДЫБЫЗДА ЖООПКЕРЧИЛИК БОЛГОНУ ЖАКШЫ

Эгерде мен 2 сомго бөтөлкө сатып алып, аны кайра 5 сомго сата койсом – бул соодагерлик. Ал эми мен өндүргөн нерсе коомдогу социалдык, маданий абалдын жакшырышына салым кошо алса – бул ишкердик. Болгондо да, өзөгүндө социалдык жоопкерчилик камтылган ишкердик десек болот.

Мен туу туткан, электротехника жана радиотехника жагындагы ойлоп табуучу Никола Те́сла бул маселеге көп токтолгон. Мен өзүм Мен Linkedin тармагында жашаймын жана бул ойлоп табуучунун “Азыркысы аларга, ал эми, жан үрөгөн эмгегимдин келечеги меники” деп айтканы профайлымда турат. https://www.linkedin.com/in/victoriametropolecapital. Каалоочулар болсо бул тармакка туташып, өздөрүнө профайл түзүп, пайдаланышса болот.

Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Милтон Фридман мамлекет экономиканы социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу менен гана чыңдай алууга боло турганын 70 жылдары тастыктаган.

Мындай чакырыктар көп эле. Ошого карабай, экология маселеси, дүйнөдө адамдардын 70% ашыкча салмак менен жабыркашы, айрым өлкөлөрдө ачкачылык же чала тоют көйгөйлөрү биздин

баарыбызды түйшөлтпөй койбойт. Эгерде, пайданы гана ойлой берсек Планетаны жоготуп алабыз. Ошондуктан, биз, дүйнөлүк коомчулук, чогуу кызматташа турган учур келди. Мен дайыма оптимистмин!

БИШКЕККЕ БИРОТОЛО КЕЛДИМ

Менден Кыргызстанга канча убакытка келдиңиз, деп сурап калышканда, мен биротоло келдим деп жооп бердим (күлүп-жайнап). Себеби, Бишкек мага аябай жакты жана мен бул тууралуу соцтармактар аркылуу досторума дароо бөлүштүм. Бул жакта жагымдуу энергетика, мени болсо сиздер менен чогуу иштөөгө тарткан жылуу пикир ээлеп алды.

Маектешкен Зирек Асанова, Бишкек шаары

http://aimak.kg/janylyktar/52541-pajda-tabuunu-gana-ojloj-bersek-planetabyzdy-zhogotup-alabyz.html?fbclid=IwAR0s22Fwx__cAOy_y1OfhyUsHKpWsRz-uyIz50au_xZDL1NGWIFBguaLUdw