Анын айтымында, чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорду салыштырганда жергиликтүүлөргө кыйыныраак. Чет элдик инвесторлор өлкөдөн кетип, капиталын чыгарып кете алса, жергиликтүү инвесторлор үчүн Кыргызстан көп учурда бизнес жүргүзүүнүн бирден-бир чекити болуп саналат. «Бул жерде айта кетчү нерсе, алар ушул жалгыз чекиттен да кетишке туура келип жатат. Ушул жылдын ичинде көбү капиталын, бизнесин чет өлкөгө чыгарып кетишти жана чет жерге көчкөндөр да көп болду», – деди Сыдыков.
«Биз компаниялар менен сүйлөшкөндө маанилүү көйгөй катары кадрлардын жетишсиздигин айтышат. Компаниялар айткандай, мындай көрүнүш улана берсе, 5-10 жылдан кийин жумушка алууга эч ким калбай калат, же көп акчага жалдоо керек болуп калат», – деди ал.
ЭИКтин жетекчиси бул квалификациялуу кызматкерлерге гана эмес, иш жүзүндө бардыгына тиешелүү экенин кошумчалады. Кафе-ресторандар администраторлорду, ашпозчуларды, курулуш компаниялары ширетүүчүлөрдү, сантехниктерди таба албай калышы мүмкүн.
«Адамдар чет өлкөгө чыгып, 3-4 эсе көп айлык алып, азыраак квалификациялуу жумуштарда иштеп акча чогултуп, кайра келип, кыймылсыз мүлк сатып алып, өз бизнесин ачып жатышат. Мына ушундай модель. Демек, инвестиция бизнеске эмес, негизинен пассивдүү активдерге – кыймылсыз мүлккө жумшалууда», – деди Сыдыков.