Журналистика / Статьи участников Клуба /
ПАВЛОВНИЯ ЖЕ ПАУЛЕМИЯ- ПАЙДАСЫ АРБЫН АДАМ ДАРАГЫ

Зирек Асанова
29 октября 2018

Павловния дарагы да, Адам дарагы да бар экенин укканым менен, экөө бир эле дарак болорун, кечиресиздер, түк билбептирмин.

Ысык-Көлдүн кара суугу калчылдатып, шамалы ыркырап, учуруп кетчүдөй болгон Өрнөк айылына, оо, өткөндө Эл аралык ишкердик кеңешинин экономикалык журналистика клубунун мүчөлөрү бардык эле. Машинеден түшүп эле, жолдун тигил өйүзүнө чуркап өтүп, бизди күтүп турган Кубан Тазабеков байкени тегеректеп, карап калдык.

Бул дарактын калемче-сабактарын Болгария өлкөсүнөн алып келгенбиз, деп сөз баштаганда эле, арабыздагы айрымдардан аты кандай эле дарактын деген суроо чыгып кеткенде, Павловния же Адамово дерево катары да аталат деп жооп берди Кубан байке. Ии, суроо ырас эле чыккан турбайбы, Адам дарагы экенин билип калдым эми дедим ичимден мен өзүмчө.

Албетте, суроо-жооп андан ары да уланды.

 Ошол сабактарды атайын питомникте тамырлатабыз. Былтыркы жылы 5,5 гектар, быйыл 6 гектар жерге отургузулган. Кийинки жазга дагы 5 гектарды пландап жатабыз. Азыр дарактар 3-4 метрге жетип калган. Көчөттөр жер бетине чыгары менен шактары буталып, дарактын түз өсүүсүнө көңүл бурулат. Анткени бул дарактардан 5 жылдан кийин өнөр жайы, курулуш үчүн жыгачтар алынат.

Бир тамырдын баасы 250-280 сом тегерегинде, себеби канчалык көп даана алынса, баа төмөндөйт. Негизинен, кызыккан жеке адамдар, ишкерлер атайын кооздук үчүн сатып алышууда.

Өзүнүздөр байкагандай, тамчылатып сугарып турабыз, жумасына бир жолу, ысык учурда 2 жолу. Бул жерде илгери скважина болгон, ошону оңдоп, калыбына келтирип, пайдаланып жатабыз.

Бул турган эле пайдалуу дарак экен, себеби жетилип, пайдаланууга даяр болуп, кыйылгандан кийин деле, тамырынан өсүп чыга берет. Жалбырактары беде катары малга тоют, мөмөсүнүн дагы дарылык касиети бар экендиги тастыкталган. Мисалы, чөптү тандап жеген жылкылар дагы жалбырактарын жеп жатат.

Тамырларды отургузуу, көчөттөрдү кароого 15-20 адам жумушка тартылып, тиешелүү акыларын алып турушат, -деп айтып жатканда тегерек четте жумушчулар суукту тоготуп койбогондой иштеп жатышканын биз дагы көрүп турдук.

Сөз дагы бир азга жүрүп, бир маалда булар кантип үшүбөй иштеп жатышат, деп үшүгөнүбүздү жашыра албаганыбызды байкаган байке, кошумча маалыматты Арстан инимен алсаңар болот, деп телефонун айта калды.

Калтырап-титиреп, тиштерибиз шакылдап, араң турган бизге бул сөз табыла бербей, утуру-утуру ыракматыбызды айтып, баарыбыз машинеге жабыла чуркап, ордубузга отуруп, жылып жөнөгөн машине жылуулугуна муюп, уйкусураган абалда Аврора пансионаты тарапка жөнөп кеттик.

Экономика, экология эсептери эмине дейт, ыя?

Жогоруда айткандай, калган орчундуу суроолорго жооп алуу үчүн Арстан Тазабековго кайрылганда, ал буларга токтолду:

 Бул, 20 гектар жер өздөшүрүүгө каралган. Бир гектар жерге тамыр отургузуу үчүн 8-10 миң АКШ доллары сарпталды. Өзүңүздөр байкагандай, бул жер таштуу жана арык болчу. Эгерде жер аянты семиз болсо 5 миң доллар сарптаса деле болот. 1 гектардан 5-6жылдан кийин 100 миң АКШ долларын алуу эсептелген. Бул биздин биринчи кадамыбыз болгондуктан, азыр дарактарды жакшы багып, өстүрүү менен тынбай алекпиз.

Бул дарактан жекече эле пайда алуу эмес, негизинен,экосистеманы, био ар түрдүүлүктү, суу ресурстарын сактап калуу аракети турат. Тамчылатып сугарууда биз болгону 120 куб суу коротобуз. Эгерде арык суусу менен сугарганда 10-12 миң куб суу керектелмек. Байкадыңызбы? Биз канчалаган куб сууну үнөмдөп калдык.

Дарактар суу ичкенче, жер кыртышы дагы семирткичтер (удобрение) аркылуу байып жатат. Дарактар өстүрүлө баштаганы,бул жерде чымчык, чыйырчыктар, курт-кумурскалар, жыландар, коен, кирпи чечен, ж.б. макулуктар байырлай баштаганы кубантарын айтты Арстан мырза.

Сунуштар суу кечеби же сумсайтып коебу?

-Мен өзүм “Социалдык дарак” коомдук бирикмесинин директорумун. Ушул жылдын 26-сентабрында Кыргы Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чарасында бул даракты көбөйтүү – Кыргызстандын ар бир районунда бир гектардан өстрүү маселесин койдук. Анткени, бул иш-аракет аркылуу ошол жергиликтүүлөргө жеринде көрсөтүп, кантип өстүрүп, кароо, пайдасы тууралуу айтуу менен, даракты көбөйтүүгө коомчулукка чакырык жасоо эле. Бул даракты атайын Болгриядан алып келгендиктен, 30 градус суукка чейин туруштук бере алат. Тактап айтканда, өлкөбүздүн бардык аймактарында өстүрүүгө болот.Сунушубуз колдоо табабы же.. азыр күтүп жатабыз деди, Арстан Тазабеков.

Кабатыр боло бербеңиз…

-Бул дарак тууралуу жазында өткөрүлгөн Тоо-токой форумунда угуп, айрым адистердин алма, жангак токойлоруна терс таасир этиши мүмкүн дегендей божомолун угуп калганмын. Ушул кабатырланууга кандай карайсыздар деген суроомо Кубан байке “эми баарын орду менен караса коркунуч жок” десе, Арстан мырза “бул дарак уруктары жерге түшүп, өзүнөн-өзү көбөйбөйт деп, ак кайың, картөшкөлөрдү, авропа-немистердин изилдөөлөрүн мисал келтирип, кабатыр болбоңуз Зирек айым, деди.

Иш илгери…

Илгээри, илгээри эмес, дал ушул азыркы заманда ущундай иштин ажарын ачкан – менежер, инвестор жана дагы ишкер үч бир тууган Тазабековдордун иштери ушундай жүрүп жатыптыр. Ийгиликтүү улана берсин демекчибиз.

Ал эми, “Бул бат өскөн даракты багып, мен деле байыйт элем, булардын телефону бар бекен?” дегендерге, маалкатпай эле айта калайын: Кубан байке –0550557345, Арстан – 0705709888. Анда эмесе, кеттик, алгааа!

Зирек Асанова, Бишкек-Өрнөк-Бишкек, 2018-жылдын 20-октябры

http://aimak.kg/janylyktar/sayasat_jana_koom/43095-pavlovniya-zhe-paulemiya-pajdasy-arbyn-adam-daragy.html