Журналистика / Статьи участников Клуба /
Алыскы аймакта ийгилик жараткандар

Сайпидин Султаналиев
12 декабря 2018

Бизнес жасоо үчүн сөзсүз эле шаарга келүүнүн кажети жок. Жашоодо чоң бурулуш жасайм дегендер кай жерде болсо да ийгилик жарата аларын жеринен барып көрүп келдик.

Ысыралиев Калыйкул аксакал учурда 67 жашта. Мурда өкмөт жумушунда жүрүп качан гана пенсияга чыккандан кийин ишкерликти баштаган. Жубайы пенсияга чыкканына карабастан азыр да мектепте мугалим болуп эмгектенет.

Калыйкул байке Нарын облусундагы MSDSP коомдук фондунун жардамы менен 350 миң сом 7 пайыздык кредит алып, күнөскана куруп, алгач гүл өстүргөн. Күнөскана кытай ыкмасы менен курулуп, анда гүлдөн сырткары жашылча жемиштер: памидор, бадыраң өстүрүлөт.

Күнөскананын курулуусуна кеткен чыгым бир жарым жылдын ичинде актаган. Эртең менен күнөсканага келем, радиону коюп, гүлдөн жыттап, бадыраңдан чайнап, акырындан иштей берем" -дейт Калыйкул байке.

Памидор бадыраңдарды өстүрүүдө табигый жер семирткичтерди гана колдоноорун, тактап айтканда, 5 жылдан бери биогумус багып, иштелип чыккан кыкты жер семирткич катары пайдаланып келе жаткандыгын айтты.

Мындай таза жер семирткичти пайдалануу түшүмдүн мол болушун жана адамзатты табигый таза продукты менен камсыз кылат.

Учурда Калыйкул байке коёндорду дагы өстүрүүдө. Коёндун эти өзүнчө тапшырылса, ал эми териси өзүнчө кошумча каражат алып келет. Бирок, терини кандай кылып иштетүү тууралуу дагы үйрөнүү керек экендигине токтолду.

Ошондой эле акыркы жылдарда Кыргызстандын көп аймактарында колдонулуп жаткан тоок менен бөдөнөнү багууну колго алып, анын сырларын өздөштүрүп жаткандыктары тууралуу айтып берди.

Канаттуулар өтө кирешелүү болуп, алардын жумурткалары тынымсыз өтүп турат.

Үй канаттууларынан түшкөн каражаттар жемге кеткен чыгашаларды актап эле калбастан кошумча киреше да алып келет. Бөдөнөнүн жумурткасын 12 сомдон, ал эми тооктун жумурткасын 6 сомдон дүң баада өткөрөт.

Ишкер үй-бүлөнүн кирешеси күндөн-күнгө өсүп, натыйжалуу жыйынтыктарды алып келүүдө.

Пенсияга чыккандан кийин көпчүлүк адамдардын кирешелери төмөндөп кете турган болсо, пенсиядагы Калыйкул байкенин бизнесиндеги көрүнүш жылдан-жылга өсүү жолунда.

http://aary1.com/ekonomika/alysky_aimakta_iighilik_zharatkandar