Журналистика / Статьи участников Клуба /
ЭМНЕГЕ РАЙОНДОРДУН ӨНҮКТҮРҮҮ ПЛАНДАРЫ ЖӨН ЭЛЕ АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРДҮН ПЛАНДАРЫН КАЙТАЛАП ТУРАТ?…

Зирек Асанова
23 марта 2018

Айыл өкмөттөрү өнүгүү планын райондук администрацияга жиберет. Акимчиликте пландар жөн гана чогулуп, керектүү бөлүктөргө бөлүнөт: билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, ж.б. Бул өнүгүү планында райондук мамлекеттик органдарынын жоопкерчилиги көрүнбөй, алардын аймакты өнүктүрүүдөгү аракети эмнеде экендигин эч ким билбейт.

Мына ушул көйгөй бүгүнкү күндө Кыргызстанда өтө күч экендигин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча серепчи Асылбек Чекиров атайын иш-чарада баса белгилеп кетти.

Ушул жылдын 16-мартында Достук мейманканасында “2017-жылдан баштап Кыргызстанда “Жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарынын негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” долбоорунун 2-фазасы” аталышындагы иш-чара Бишкек шаарында өткөрүлүп, анда “эмне үчүн ар кандай мамлекеттик программалар ишке ашпай жатат жана реформалар кайсы багытта өнүгүү керек” жана башка олутуу суроолор тегерегинде талкуу болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика, Каржы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрликтеринин өкүлдөрү, пилоттук райондор катары Ысык-Көл областынын Жети Өгүз жана Аксуу райондорунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрү катышышты.

Долбоордун 1-фазасынын алкагында эксперттер райондун өнүгүүсүн калктын жергиликтүү гана эмес райондун деңгээлиндеги кызыкчылыктарын камтыган социалдык-экономикалык өнүгүү планынын (ПСЭР) моделин сунуштап, Ысык Көл облусунун Жети Өгүз районунда ишке ашырган. Мында Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги тарабынан Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун (GIZ) «Жарандык коомду колдоо» Фондусунун техникалык колдоосу менен 2016-жылы “Жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарынын негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” аттуу Долбоору иштелип чыккан. Долбоордун ишинин жыйынтыгында төмөнкү маселелерге көнүлдү кылдат буруу аныкталган:

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суроо-талаптарды райондун денгээлинде талдап, аларды тармактык программалар чегинде аткарууга жетишүү;

— райондун акимчилиги өкмөттүн чечимдерин ар бир катардагы жаранга жеткирүү үчүн мыкты жетекчи жана жооптуу орган болушу зарыл;

— Өкмөт мамлекеттик программалардын жүзөгө ашырылышына райондук администрациялар тарабынан баа берүүсүнүн башкы жана кошумча булактарын ээ болуусу зарыл.

Долбоордун 2-фазасынын негизги максаты – мурунку пландын моделинин калып калган жерлерин иштеп бүтүрүү жана ПСЭР-2 жаңы методикасын укуктук документ аркылуу бекитүү. Жаңы методика боюнча жарандардын астында алардын көйгөйлөрүн ЖӨБ органдары гана эмес, тиешелүү мамлекеттик органдар да өзүнүн милдеттерин жана жоопкерчилигин алышат. Ошентип, жергиликтүү калк менен кошо чиновниктер өзүнүн айыл өкмөтүнүн, райондун жана мамлекеттик тармак программаларынын өнүгүүсүнүн деңгээлин баалоо механизмин алышат.

GIZ “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун максаты жарандык коом уюмдарын колдоо жана демилгелерин жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдары менен кызматташтыкта системалуу негизде Нарын жана Ыссык-Көл облустарында ишке ашырууда көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Долбоордун 2-фазасынын аткаруучусу — ОО «SBDC consult» эксперттер консорциуму.

Зирек Асанова, Бишкек шаары

http://aimak.kg/janylyktar/9497-emnege-rayondordun-nktr-plandary-zhn-ele-ayyl-kmttrdn-plandaryn-kaytalap-turat.html