Журналистика / Статьи участников Клуба /
МИК КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН “АРЗАН ТУРАК ЖАЙ 2015-2020”ПРОГРАММАСЫН АЛГЫЛЫКТУУ АТКАРУУДА

Зирек Асанова
13 июля 2018

2017-жылдын 12-июлунда саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пресс-борборунда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн МИК иш-аракети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын (Программа) жүзөгө ашырылышы тууралуу пресс-конференция болуп өттү. Пресс-конференцияга МИК башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович, МИК башкармасынын төрагасынын орун басары Усенакун уулу Нуржигит, МИК продукттарды сатуу жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Ибраев Фархад Талантбекович катышты.

Төрагасы Бактыбек Шамкеев МИК Программаны жүзөгө ашыруунун алкагында ипотекалык насыялар 2016-жылдын март айында тарта берилгенин белгиледи. 2016-жыл жана 2017-жылдын 5 айы ичинде берилген насыяларын талдоого алып караганда, алардын көлөмүнүн өсүү тенденциясын көрсөтүүдө. Ушул жылдын 5 айынын ичинде бүт республика боюнча 2 млрд. сомдон ашык суммага, анын ичинен МИК тарабынан 613 млн. сомго ипотекалык насыялар берилип, насыялардын бүтүндөй көлөмүнүн 31% түзөт.

Ал эми, республика боюнча берилген ипотекалык насыялар куржуну2017-жылдын 1-июнуна карата жалпысынан 8,8 млрд. сомду түзгөн, анын ичинде МИК каражатынын эсебинен берилген 1,1 млрд. сом суммадагы ипотекалык насыялар жалпы куржундун 13% түзүү менен, ай сайын өсүү тенденциясын көрсөтүп турат.

2017-жылдын 11-июлуна карата МИК тарабынан 1410 ипотекалык насыя берилип, жалпы суммасы 1,7 млрд. сомдон ашууда.

Бактыбек Шамкеев МИК иш-аракетинин арымдатуу максатында төрт багытта иш жүргүзүлүп жатканына токтолду: кайра каржылоо, ипотекалык баалуу кагаздарды иштетүү, эконом-класстагы турак жайларды куруу жана ссуда-сактык аманат кассасын ишке киргизүү.

МИК тарабынан иштелип чыккан “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу” механизмдери азыркы учурда ишке ийгиликтүү ашырылып жатат деди бөлүм башчы Фархад Ибраев. Ошого карабай, Кыргызстандагы ипотекалык насыялоодо топтолгон, ошондой эле Германия, Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн тажрыйбаларын эске алуу менен, ипотекалык насыялоонун төмөнкүдөй механизмдерин иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу аракетин көрүүдө:

1. Жашап турган турак жайды кеңейтүү – мында үй-бүлөнүн жашап жаткан турак жайын саткандан кийин, андан кенен турак жайды сатып алууга жетпеген суммага ипотекалык насыя берүү жолу менен турак жайды кеңейтүүгө багытталган.

2. Андан ары сатып алуу менен ижарага турак жай — бул механизмдин шарттары тарабынан алгачкы төлөмдүн жоктугу жана андан ары сатып алуу менен ижарага турак жай үчүн жогору болбогон пайыздык чен каралууда, бул өнөктөш банктарда маржанын жоктугуна байланыштуу. Бул механизмди эки жол менен ишке ашыруу каралууда:Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында эконом-класс турак жайларын куруу;МИК тарабынан биринчи рынокто көп батирлүү үйлөрдө белгиленген талаптарга ылайык батирледри сынак жарыялоо менен сатып алуу.

3. Контрактык турак жай аманат” механизминин алкагында жарандар адегенде белгилүү өлчөмдөгү каражаттарды топтоп, сактап, аларды андан ары турак жай сатып алууга же курууга пайдаланышат деп түшүндүрдү болүм башчы.

МИК төрага орун басары Усенакун уулу НуржигитКыргызстандын көз карандысыз мамлекет катары өнүгүү жолунда МИК тарабынан ипотекалык насыялоо ишин жургүзүүдө бир топ кыйынчылыктарга дуушар болууга туура келгени баса белгиледи. Анткени иштин толук кандуу уланышы үчун тиешелүү ченемдик укуктук актылардын жетиштүү эместиги. Ошондуктан МИК тарабынан тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууга тиешелүү министрликтерден жана ведомтсволордун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүү демилгеси көтөрүлүп, натыйжада “Ипотекалык турак жай насыялоо тууралуу”, “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу” мыйзамдар кабыл алынып, “Күрөө туурлауу” жана “Баалуу кагаздар рыногу тууралуу” мыйзамдарга өзг өзгөртүүлөр киргизилди.

Кыргыз Рсепубликасынын “Ипотекалык турак жай насыялоо тууралуу” мыйзамына2017-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол кюлду. Бул мыйзам тарабынанжарандардын турак жайга ээ болуу укуктары жана турак жай ипотекалык насыялоо мамлекеттик бюджеттен каржылануу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Аталган жаңы мыйзам тарабынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасына катышуучуларды тандоонун тартиби тууралуу убактылуу жобонун” негизин түзүүчү ипотекалык турак жай насыялоонун төмөнкүдөй параметрлери аныкталган:

1. Мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча базалык чен жылдык 10 пайызды түзөт.

2. Базалык пайыздык ченге карата коэффициенттер колдонулат, аларды эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Ипотекалык насыялоонун мөөнөтү беш жылдан кем эмес.

4. Алгачкы төлөм сатып ала турган турак жайдын наркынан 10 пайыздан кем эмес.

5. Катышуучуга ипотекалык насыя улуттук валютада, насыяны берилиши үчүн комиссиясыз, турак жайды сатып алууга кепилдик талап кылынбастан берилет.

6. Катышуучу каалаган учурда насыянын негизги суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, бул тууралуу отуз календардык күн мурда алдын ал кабарлоо шартында, келе элек айлар үчүн пайыздарды кошуп эсептебеген шартта жүргүзө алат.

Азыркы учурда МИК Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен бирге ПрограммагаПрограммага катышуучуларды тандоонун тартиби тууралуу убактылуу жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, анын ичинде коэфициенттерди колдонуу менен пайыздык ченди аныктоону сунуштап жатат. Ошондой эле, ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендерди эсептөөнүн усулу иштелип чыкты.Бул документтер тиешелүү өзгөртүүлөр менен бардык кызыктар мамлекеттик органдары жана ведомстволору менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү токтомдорду кабыл алуу үчүн берилди.

Ушундан улам тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды аталган мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу” мыйзамына ылайык келтирүү тууралуу талкуу иштери азыркы учурда Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик структураларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өнөктөш банктардын өкүлдөрүнүн арасында жүргүзүлүп жатат.

Усенакун уулу НуржигитМИК өзүнүн турак жай фондун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өзара тыгыз аракеттенүү аркылуу эконом-класс турак жайларынын курулушу тууралуу токтолду.

Бишкек шаарынын “Тунгуч” кичи шаарчасына 9 кабаттуу, 135 батирлүү турак жайды куруу боюнча Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2017-жылдын 19-июнунда курулуш уюмдарын тандоо боюнча сынак жарыяланып, учурда жеүүчүнү тандоо иши жургүзүлүп жатат.

Ошондой эле, Нарын шаарында 5 кабаттуу, 60 батирлүү эконом-класс турак жайынын курулушу тууралуу сынак жарыяланган. Бул жаңы турак жай 60 батирлүү: 30 бир бөлмөлүү, 30 эки бөлмөлүү.

МИК ушундай турак жайларды Ош, Джалал-Абад, Талас, Каракол, Токмок, Баткен шаарларында курууну пландаштырып жатат. Негизинен эле аймактарга курула турган турак жайлар бышык кыш ныкталган темир бетон каркастарынан курулуп, сырткы тарабы жылуулук сактоочу материлдар менен жабдылат жана болгон коммуникациялык тармактар менен камсыз болот.

МИК төрагасы ипотекалык насыялоо ишинин алкагында ушул жылдын соңуна чейин 1 млрд. сомго 900 жакын ипотекалык насыя берилиши пландаштырылганын белгилөө менен, насыяларды каржылоого кошумча каражаттарды табуунун чегиндеги иштерге токтолду. Немец KfW банкы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда 11 млн. евро берүү тууралуу келишимге кол коюулушу күтүлүүдө. Бул каражатка Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, Кыргызстандын бардык аймактарында ипотекалык насыялоону улантуу үчүн багытталат.Жакында Германияга болгон ишсапарында ипотека тармагына кошумча каражаттардын тартылышы тууралуу сүйлөшүүлөр болгонунайта кеттиБактыбек Шамкеев.

ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна берилген жооп боюнча МИК ишинин башталышынан бери 8 минге жакын жаран ипотекалык насыя алууга кайрылган, алардын ичинен 1417 ипотекалык насыя алса, 2 миңге жакын жаран ар кандай себептер (үйү бар, аймактарда жашап борбор калаадан үй алууну каалоо ж.б.) баш тартышкан, 3 миңден ашык жаран банктарга барбай жүрөт, 1миңден ашык жаран насыя алуу мөөнөтүн жылдыра туруу арызы менен кайрылган.

Ипотека маселеси турак жайга муктаж биздин көптөгөн жарандарыбыз үчун зор мааниге ээ жана ЖМК өкүлдөрү тарабынан калкка маалыматтын өз убагында жетип турушу алардын ипотека тууралуу так жана туура маалымат алууларына жакындан жардам болорун МИК жетекчилиги белгилеп кетти.

Зирек Асанова, Бишкек шаары

http://aimak.kg/janylyktar/11100-mik-kyrgyz-respublikasynyn-kmtnn-arzan-turak-zhay-2015-2020programmasyn-algylyktuu-atkaruuda.html