Журналистика / Статьи участников Клуба /
АКЧАҢЫЗДЫ АР КАЙСЫ БАНККА БӨЛҮП-БӨЛҮП САКТАҢЫЗ!

Зирек Асанова
13 марта 2018

Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагындагы иш-чаралардын бири бүгүн Бишкекте Аманаттарды коргоо агенттигинде журналисттер үчүн уюштурулду. Анда Агенттиктин Тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Анара Айтикеева, бул Агенттик качан, кандайча түзүлүп калгандыгы, көздөгөн максаты, каржылоо булактары, эң негизгиси, банктарга сактоого коюлган аманат акчанын, банк банкротко дуушар болуп калганда, кантип, канчасы кайтарыла тургандыгы тууралуу слайд-шоу менен абдан жакшы айтып, толгон- токой суроолорго тиешелүү денгээлде жооп берди.

Агенттик өлкөбүздө жалпы финансылык туруктуулукту, жарандардын банктарга болгон ишенимин жогорулатууну жана каржы маселесинде сабаттуу болууларын камсыз кылуу максатында 2008-жылы июлда уюштурулуп, ушул эле жылдын август айында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды коргоо тууралуу” мыйзамынын негизинде иштей баштаган.

Анара айым андан ары Агенттик мындан тышкары дагы тиешелүү мыйзамдардын, эл аралык стандарттардын талаптарын сактап,финансы-банк рыногунда өз жолун таап, толук кандуу институт катары иштеп жатканын сандык көрсөткүчтөрдү далил катары көрсөтүү менен, ишибизди жамы-журтка жакшы жеткирүү жагын дагы караштырып жатабыз-, деп кошумчалады.

Берилген маалыматтарга караганда, бир тарабынан, ушундай ишкана аманатчыларга жардам берүү үчүн жакшы иштеп жаткан экен деген менен, аймактарга чыгып, эле аралап калып, бул маселенин тегерегинде сүйлөшүп калганда, жарандар банкка акча сактаганга толук ишене бербей турганын, жалпы эле акча-кредит саясатында толук, так жана жеткиликтүү маалыматка муктаж экенин жолуктурууга болот.

Башканы коюп, өзүндү бил дегендей, банк тутуманда иштеп калган мен үчүн деле бул Агенттиктин маалыматы чоң жаңылык болду. Мүмкүн маалыматтар айтылып эле жаткандыр, бирок аны угуп, маани берүү, талдоо өзүнчө маселе деп коелу.

Ток этер жерин айтканда, маселен, банкка 1 млн. сом акча сактап жаткан болсоңуз, анан ошол банк банкрот болуп калса, акчаңыздын 200 миң сомуна чейин ушул Агенттик камсыздаса, калган сумманы банк колундагы мүлкүн сатып бүткөндө гана кутулат, бирок бул да машакаттуу, кыйла убакытты талап кыллат. Ошондуктан, акчаңызды азыркы учурда иштеп жаткан 25 банкка бөлүп сактасаңыз, кайсы бир балакеттен алысыраак боло турганыныз айкын болуп турат.

Айтор, биздин финансы-банк тутумдары буттарына туруп, иштеп жатканы ичти жылытып жатса дагы, калың элдин арасында бул тармактар боюнча маалымдоочу далай иштердин дыңы бузулбай турганы дайын болду.

http://aimak.kg/janylyktar/economica/28348-akcha%D2%A3yzdy-ar-kajsy-bankka-b%D3%A9l%D2%AFp-b%D3%A9l%D2%AFp-sakta%D2%A3yz.html