Журналистика / Статьи участников Клуба /
КОЛАНЫ ЖЕ ИЧЕ БЕРЕСИҢИРБИ?

Зирек Асанова
12 декабря 2018

Ичпей эле койбойсунбу коланы деген сөзгө караганда, аны жакшы көрүп ичкендер ого эле көп экени, катарынан чыгары шексиз. Мына ошон үчүн дагы бул алкоголсуз, газдуу, ширин суусундукту чыгарып, иштеп жаткан ишкананын тарыхы 130 жылдан ашып, гүлдөп өсүп жатыптыр.

Биз, экономикалык журналистика клубунун катышуучу-журналистери 7-августта «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ишканасына барып, адегенде ишкердик тарых-таржымалын, маркетингдик, статистикалык айрым маалыматын уктук.

Компаниянын иликтөөсүнө караганда, Пакистанда, ал эми Казакстанга караганда Кыргызстанда көп ичишет экен. Буга Кыргызстандыктар таттууга жакыныраактыгы себеп болду, деди маалымат катчы. Бул жерде суусундуктардын башка да ар кандай түрлөрү чыгып жатыптыр. Аталышын эстей албай жатам, айтор көк түстөгү дагы бир азыкты айтып, мында азыкты көк көрсөткөн бөтөлкө деди. Сөз арасында ишканада 300дөн ашык адам эмгектенерин айтып, ал эми алардын айлыктары канча деп кесиптештер тарабынан берилген суроого маалымат катчы мына ушуну билбейм жана айта да албайм деп кутулду.

Кыргызстан европа бажы биримдигине киргенден кийин шакар (кумшекер) орусиядан алынары, тең салмактуулук талаптарына ылайык капкактардын айрымдары казакстандан ташылары айтылды.

Андан ары өндүрүштү толук болбосо да,бөтөлкөлөрдүн жасалып чыгарылып, аябай тез ылдамдыкта мончоктой тизилип, андан ары ага суусундуктар куюлуп, капкактары жабылып, сыртына кагаздары чапталып, таңылчактанып, тыкан жыйылып, иреттелип, сыртка-сатууга чыгарылганына чейинкини өз көзүбүз менен көрүп чыктык.

Ишканада тартип, тазалык, уюштуруучулук, техникалык жабдуу ойдогудай көрүндү. Күүлдөп-шуулдагаништин баары жогорку кубаттуулуктагы электр энергиясы менен аткарылгандыктан жумушчулардын буттарында резинадан окшош бут кийимдер, баскан-турган жерлерде тиешелүү эскертүү эрежелери, ж.б.

Адаттагыдай эле, суроо-жоор болуп, кези келгенде мен дагы үй шартында жасалгандардан (Фальсификация) силердин заводдон чыкканды кантип айырмалоого болот деген суроомду эки-үч жолу узатып жатып тактаганга жетиштим.

-Туура, андайлар бар экенин биз атайын агенттерибиз менен билип, тактап турабыз. Мындайлардан улам биздин таза азыктарыбызга шек келтирбөөнүн үстүндө дайым иштеп турабыз. Бул ишкананын азыктарыкайсы болбосун соода түйүндөрүндөгү өзүнүн гана фирмалык муздаткычтарында сакталып, сатылып турат, мына ушул аркылуу айырмалап, ичүүгө болот, — деди жооптуу адиси.

Бул суусундукту өзүм өтө деле кызыгып ичпегендиктен, мүмкүн болушунча балдарыма да айрым учурда гана сатып берем. Ошондуктан дагы “Иче берсе болобу” деген суроомо адис тараптан “болот да, албетте” деген ишенимдүү жооп алдым.

Ал ангыча, мындан 4-5 жыл илгери Жалал-Абадда радионун кулагын ары-бери бурап жатып, бэжиндик туугандардын өз тилин башкаларга үйрөткөн сабагына бир аз кулак төшөй калып “кы-кы-кы-ла” деген “коо-ка коо-ла” болот деп айтканын уккандай болгон учур эсиме кылт эте калса болобу.

Эмии, туугандар кы-кы-кы-ланы кылтылдытып иче бересиздерби же жөн эле коесуздарбы, мээн аны билбеймин…

Зирек Асанова, Бишкек шаары

http://aimak.kg/janylyktar/sayasat_jana_koom/37823-kolany-zhe-iche-beresi%D2%A3irbi.html