Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Ишкерлер ассоциациясы өкмөт башчылыкка Аскар Сыдыковду көрсөтүүдө

Азаттык
8 октябрь 2020

Кыргызстандагы ишкерлердин бир катар ассоциациялары өкмөт башчылыкка Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун талапкерлигин көрсөтүп жатышат.

«Акыркы 30 жылда мамлекет ишкерлерди саагандан башка эч кандай көмөк кылган жок. Бюджет толбой калса «келе, акча бер», кандайдыр бир иш-чара өткөрсө «келе, жардам бер», мамлекетке керек учурда «бол, батыраак, келе, келе..». Ал эми ишкерлерге керек болгондо «расмий кат жаз, отурумда каралсын» деген шылтоолор. 30 жыл аралыгында ишкерлер мамлекеттин жыртыгын бүтөп, жамаачысын жаап келди. Мындан ары буга чыдабайбыз. Биз азыркы саясатка макул эмеспиз», - деп жазылган алардын кайрылуусунда.

Бизнес өкүлдөрү Аскар Сыдыковдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында башка талапкерлер менен бирдей укукта каралышын, партиялар түзгөн координациялык кеңештин курамына киргизишин талап кылышкан.

Шайлоодон кийинки кырдаалда өкмөт башчылыкка ушуну менен төрт талапкердин аты аталууда. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү Садыр Жапаровду, люстрацияны талап кылган жаштар Тилек Тоетогазиевди сунуш кылган. Айрым маалыматтарга караганда «Республика» партиясы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин Координациялык кеңешке көрсөтүп жатат. Бирок бул маалыматты алар өздөрү бышыктай элек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

Легитимдүү бийлик бутагы болуп саналып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогула албай жатышат.

Ссылка: https://www.azattyk.org/a/30881716.html