Сереп / Макалалар /
Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору: “Бардык ишти талкуулоо менен чечүү кажет”

4-biylik.kg
31 март 2021

Аскар Сыдыков менен азыркы ишкерлердин абалы, бизнес чөйрөсү жөнүндө маектештик.

Жаңы бийлик менен жаңы мыйзамдар, Жарлыктар чыгып, жаңы жашоого багыт алып баратабыз. Ишкерлерде абал кандай?

Биз улам жаңы Өкмөт келген сайын ишкерлердин маселесин көтөрүп, экономиканын өнүгүшүнө салымыбызды кошолу деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азыркы бийлик менен дагы кызматташып жатабыз. Биздин өлкөдө жеке ишкерлер менен диалог абдан өнүккөн, муну ачык айтышыбыз керек. Коңшу өлкөлөргө – Өзбекстан, Казакстанга караганда биз, ишкерлер ар бир бийлик адамына ачык оюбузду айта алабыз. Ар бир квартал сайын премьер-министр менен кеңешмеде жолугушабыз. Жогорку Кеңештин төрагасы менен да ушул сыяктуу аянтчабыз бар. Президент менен дагы ишкердикти өнүктүрүү комитети бар. Жакында Президент менен жолугушуу болот, ошондо экономикадагы абал жөнүндө айталы деп турабыз. Азыр канчалаган ишканалар ишин токтотуп, жабылып, иш орундары кыскарып жатат. Бул мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде шарттардын түзүлбөй жатканын билдирет. Ал шарттар кандай болушу керек? Биринчиден, соцфонд негиздүү болушу керек. Азыр баарыбыз 27,25% төлөмдү соцфондго төлөйбүз, бул жогору көрсөткүч. Бирок пенсияга чыкканда анын үзүрүн көрбөй деле калабыз. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндөр менен иштебей жүргөндөрдүн пенсиясы окшош эле болуп калат, бул адилетсиздик. Ошондуктан соцфонд төлөмү топтом системасына өтсө жакшы болмок. Ким канча топтосо, ошончо алыш керек. Эгерде адам социалдык салыкты эле 10-15% төлөп, калганын төлөбөй койсун. Ушундай мүмкүнчүлүк болуш керек. Соцфонд көп ишкерге маселе жаратат. Ошондуктан көп ишкерлер көмүскөдө. Андан кийин (НДС) кошумча нарк салыгы экспортерлорго тийиштүү. Алар сыртка товарын чыгарып жатканда КНС төлөйт да, ошону кайтарып бериш керек. Каражат жетишпегендиктен кайтарып бере албай жатышат. Ишкерлерде көп жакшы идеялар болгону менен каражат жетишпей, ишке ашыра албай жатышат. Каражатты алайын десе, күрөөсү жок. Күрөө коеюн десе, үстөк пайыздары жогору. Мамлекет жагымдуу шарттарды түзүп, сырттан каржы уюмдарын чакырып, камсыздашы керек. Бизнес-пландарды түзүү, товарларды илгерилетүү боюнча Россия, Казакстан менен иштешибиз керек. Азыркы Өкмөттүн кыйын абалда турганын түшүнөбүз. Өкмөттүн азыркы түзүмү менен көп мамлекеттик кызматкерлерде шыктандыруу жок, көбү кыскарып кетти, көбүнүн кызматы ылдыйлады, айлыгы кыскарды. Мамлекеттин элитасы болгон акылдуу кызматкерлер азыр эл аралык уюмдарга, жеке секторлорго кирип кетишүүдө.

Биздин өлкөдөгү ири ишканалар кандай иштеп жатышат? Азыркы абалы кандай?

Ири ишканалардын көбү иштеп жатышат, бирок колдоого муктаж. Тоо-кен ишканалары октябрдагы революциядан кийин чыгымдарга учурап, техникалары, буюм-тайымдары өрттөнүп кеткен. Кудайга шүгүр, “Жерүй” кени калыбына келип, кайра иштей баштады. Фабрикасын эки Президенттин катышуусунда ишке киргиздик. Бул дагы тарыхый окуя болду. Бирок, мурдатан иштеп келген “Кичи-Чаарат”, Иштамберди” кен комбинаттары, “Жунда” нефтини кайра иштетүүчү завод иштебей турат. Себеби, 2-3 жыл мурда басым, кысымга кабылышкан. Мамлекеттик органдар бюджетти толтуруу максатында миллиондорду алабыз деп чоң ишканалардын токтошуна алып келген.

Кен казуучу чет элдик ишканалар салыктын көптүгүнө дайыма эле ыйлакташчу. Азыркы учурда салык аларга ийкемдүү боло баштадыбы?

Тескерисинче, кээ бир салыктарды, лицензияларды кармап калуу деген төлөм бар, ушуну көтөргөнү турушат. Президенттин тоо-кен тармагында лицензияларды мамлекет өзү иштетет деген жаңы Жарлыгы чыкты. Бул көптөгөн чет өлкөлүк инвесторлорду чочутууда. Бул жаңылык Россиянын, Канаданын жана көптөгөн башка мамлекеттердин ММКларында жарыяланып, “Кыргыз Республикасы кендерин жаап жатат, бул чет өлкөлүк ишкерлерге каршы келет” деп жазып чыгышты. Биз 5-10 жылдан кийин алтын эч кимге кереги жок болуп калат деп түшүндүрүп жатабыз. Азыркы заман ушундай да, азыр алюминий керек болсо, эртең кереги жок. Биз көтөрүп жүргөн телефондор балким 10-20 жылдан кийин электрондук форматта болуп калат. Көп алтындар телефондордо колдонулат, кийин колдонулбай калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир чечимди мамлекет кылдаттык менен кабыл алышы керек. Президенттин Жарлыктары чет жактарда шак эле талкууланат. Азыркы интернет доорунда биз эч нерсени жашыра албайбыз. Өкмөттүн чечими менен ушул күндөрү инвентаризация боюнча жумушчу топ түзүлгөн, эми муну жасаш оңой эмес, шаштырып жасасак дагы терс жактарын бериши мүмкүн. Азыркы саясий процесстер – референдум, жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке шайлоолор бүтмөйүнчө ишкерлерди дүрбөтпөй, олуттуу чечимдерди кабыл албай турушубуз керек. Болгону – ишкерлерге колдоо көрсөтүп, саясий-экономикалык туруктуулукту камсыздап, вакцинацияны алып туруу кажет.

Инвестиция эми агылып келет, – деп өлкө башчы ишендирүүдө. Чын эле ички, сырткы инвестиция көбөйүп баратабы?

Азырынча көбөйгөн жок. Былтыр пандемия учурунда келип жаткан инвестициянын көлөмү 2 эсеге кыскарган. Бул коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк түшүп кеткенин көргөздү. Ал эми экономикабыз 8,5%га түштү. Казакстанда 2-3%га түшсө, Өзбекстанда 1,6%га көбөйгөн. Биздеги экономиканын мынчалык түшүшү акыркы 25 жылда болгон эмес, бул эң төмөнкү көрсөткүч.

Азыр өлкөбүздө тамак-аштан баштап керектелүүчү товарлардын баасы көтөрүлдү. Мындай кымбаттоо башка өлкөлөрдө да болуп жатабы же бизде эле өзгөчөбү?

Дүйнө жүзү боюнча баалар өстү, өзгөчө КМШ өлкөлөрүндө. Биздин валютага салыштырмалуу доллардын куну өсүп жатат. Биз импорттогон товарлардын көлөмү экспортко салыштырмалуу 2-3 эсеге көп. Ушул импорттун баары – кант, буудай, май бизге кымбат баада келип жатат. Биз аларга доллар менен төлөйбүз. Буга кошумча Россияда мунайзаттын баасы өсүп кетти. Былтыр пандемия учурунда көп заводдор иштебей, транспорт жүрбөй калганда мунайзатка керектөө түшүп кеткен. Ошондуктан баасы дагы төмөндөгөн. Азыр завод-фабрикалар иштеп, транспорт тынбай жүрүп, мунайзат көп керектелип жатат. Ал тургай Россиянын өзүнүн көп жерлерине мунайзат жетпей калууда. Албетте, биз мунайзатты Россиядан алып жаткандыктан жогору баада келет.

Жакында эле бизнес-акыйкатчы ишкерлерге кысым токтобой жатат деп Президентке билдирди. Бул кандай кысым?

Көбүнчө укук коргоо органдарынан – УКМК, прокуратура, Каржы полициядан кысым болот. Алар көп ишкерлерге кылмыш иштерин ачып, суракка чакырып, тергөө амалдарын жүргүзүү менен ишкерлерден көбүрөөк каражат өндүрүп, бюджетке кошууну каалашат. Бюджетке албетте акча керек, айлык маяналарды, пенсияларды өз учурунда төлөө кажет, бирок бул мыйзамдуу, соттун чечими менен гана болгону жакшы. Эгер ишкерлерге мамлекет тарабынан мындай басым болсо, криминал дагы башын көтөрүп, басым кылат.

Кыргыз өлкөсү туризм тармагында көбүрөөк чет өлкөлүктөрдү тарта алат. Мына жакында сезон башталат. Былтыркы пандемия учурунда туристтик көп мекемелер жабылып, абдан кыйналышкан. Быйыл бул багытта ишкерлер иштей алышабы?

Туризмде биздин мүмкүнчүлүктөр ушул сезондо көбүрөөк болот. Себеби, көп өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилип, туристтик агенттиктер иштебей калышты. Анан алар азыр эле Кыргызстанга келебиз деген оюн билдирип жатышат. Бул негизинен – Россия, Казакстан, Өзбекстандын жана алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары. Өзбекстандан Балыкчыга чейинки темир жол иштеп калганы, Ташкенттен Тамчыга чейинки самолеттун уча баштаганы алардын келип эс алышына шарттарды түздү. Быйыл эпидемиологиялык абалга жараша чектөөлөр киргизилиши мүкүн, бирок былтыркыдай катуу чектөөлөр болбойт. Биздин элдин иммунитети дагы пайда болгондугун медиктер айтышууда.

Кыргыз ишкерлери кандай ойлошот, өлкөбүз кайсы багыттар менен канткенде өнүгүп кете алат?

Жогорку бийликтеги адамдарда кыргыз жана дүйнөлүк экономиканы билген команда болушу керек. Команда ошого жараша иш алып барат. Эгерде эң жогорку кызматтагы адамдарда андай түшүнүк болбосо, башка адамдар пайдаланып, өз кызыкчылыктарын түртүшү мүмкүн. Антсе, экономикада жылыш болбой калат. Акыркы 2-3 жылдан бери ушундай болуп, орчундуу өзгөрүүлөр көрүнгөн эмес. Азыр тобокелчиликтер көп, бирок ишеним да бар. Ишенип жана жардам беришибиз керек. Кандай болсо дагы ар бирибиз колдон келген жардамыбызды берүүбүз кажет. Өкмөттөгү кызматкерлер же депутаттар баарын билгенге мүмкүнчүлүктөрү жок, айрым маселелерди биз айтып турушубуз керек. Биз баарыбыз, карапайым калктан баштап жарандык коомго чейин “бул коркунучта, бул туура баратат” деп ачык айтып, жардам беришибиз керек. Маселени чечүүнүн негизги куралы – талкуулоо. Кеңешип кескен бармак оорубайт эмеспи.

Сымбат Максутова

http://4-biylik.kg/economy/business/askar-sydykov-el-aralyk-ishkerler-keneshinin-atkaruuchu-direktoru-bardyk-ishti-talkuuloo-menen-chechuu-kazhet/