Биз тууралуу /
ММК биз жөнүндө

1 февраль 2021
«Министрликтерди кыскартуу натыйжа бербейт»
Жаңы сунушталып жаткан өкмөттөн ишкер чөйрө инвестициянын корголушун жана ишкерлерге шарт түзүп беришин күтөт. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди.
22 декабрь 2020
Кыргызстанга 128 млн. доллардан ашуун инвестиция келбей калышы ыктымал
Келерки, 2021-жылы Кыргызстанга 128 млн. доллардан ашуун инвестиция келбей калышы мүмкүн. Бул быйылкы пандемия шартындагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков журналисттерге билдирди.
14 февраль 2020
Бирдиктүү депозиттин булагы кайдан?
Укук коргоо жана текшерүүчү органдар ишкер чөйрөгө басым жасап, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозитти толтуруу үчүн өз ара жарышып жатканы тууралуу сөз болду. Ошондуктан ишкер чөйрө укук коргоо органдары депозитке которулган каражат кандай зыяндын ордун толтуруунун эсебинен жүргөнүн ачык түшүндүрүүнү талап кылды.
17 июль 2019
Аскар Сыдыков: “Кыргызстан үчүн кызмат көрсөтүү функциялары дагы кирешелүү булактардын бири болмокчу”
Аскар Сыдыков биздин гезитке инвесторлорду коргоо, алар менен иштешүү заман талабы экендигин айтып, кызыктуу маек куруп берди. Муну менен катар эле, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткарган ишине дагы токтолуп өттү.
10 июль 2019
Брюссел Бишкекке кайрадан ишенич артууда
Кыргызстан Европа мамлекеттери менен демократияны бекемдөөдө, экономикалык кызматташтыкты көтөрүүдө эмне үчүн жигердүү иштеше албай жатат? Дегеле Кыргызстан Евробиримдик менен кайсы багыттарда алаканы күчөтүшү керек? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик. Талкууга Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков, саясий серепчи Кубан Абдымен, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков катышты.
6 июль 2019
Бишкек ЕБ менен алаканы жаңыртууда
Бишкекте Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык талкууланууда. Бул иш-чарага катышуу үчүн Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини жана Борбор Азия өлкөрүнүн тышкы иштер министрлери Кыргызстанга келди.
15 июнь 2019
Бишкек Индиядан инвестиция күтөт
2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 37 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда айтты.
22 февраль 2019
Аскар Сыдыков, Ишкерлер кеңешинин төрагасы: “Экономиканын жарымы көмүскөдө, жеке менчиктин корголуусу да кыйын болууда”
Кыргызстанда ишкерлердин азыркы абалы кандай? Алар эмнеден аксашат? Эмнеге ири инвестицияларды Кыргызстандын өзүнө салышпайт? – деген өңдүү суроолорго жооп табуу максатында Аскар Сыдыковго кайрылып, арай көз, чарай маек курдук.
19 февраль 2019
Кен казуучулар президентке кайрылышты
Ишкерлердин эл аралык кеңеши жана кен казуучу ири ишканалар Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган айрым чечимдер боюнча тынчсыздануусун билдирип, президентке кайрылышты.
20 март 2018
Алтын казган компаниялардын салык кайгайы
Жыйында Эл аралык ишкердик кеңеши жана “Ernst & Young” компаниясы Кыргызстандагы алтын өндүргөн ишканалардын өлкөгө таасири жана жаңыдан киргизилиши мүмкүн болгон алымдар менен төлөмдөрдүн кесепетин талдаган иликтөөсүн жарыялады.
2 март 2018
Комитет менен Эл аралык ишкерлер кенештин отуруму болуп өттү.
шул жылдын 1-мартында ӨЭЖМК борбордук аппаратында Комитеттин кызматкерлеринин катышуусунда Эл аралык ишкердик кеңештин минералдык ресурстар Комитетинин отуруму болуп өттү.
28 февраль 2018
Өкмөт экономиканы ачыкка чыгаргысы келет
]Өкмөт Кыргызстандын көмүскө экономикасынын көлөмүн кайрадан изилдеп чыгууну пландап, ошого жараша мамлекеттин фискалдык саясатын өзгөртүүнү болжоп жатат. Экономисттер болсо фискалдык саясатты өзгөртүү натыйжа бербей турганын айтышууда.
Беттер:
1 2 3