Журналистика / Статьи участников Клуба /
ТОО-ТОКОЙ МАСЕЛЕЛЕРИН ТОГОТПОЙ ЖАТАБЫЗБЫ?

Зирек Асанова
16 апреля 2018

Мына ушул маселе учурда өзүбүздүн өлкөбүздө өтө курч мүнөзгө айланып калганы бүгүн 14-апрелде Бишкек шаарында, Орион отелинде биринчи жолу өткөрүлгөн “Тоо-токой” эко-форумда аябай айтылды.

Иш-чарага премъер-министр Сапар Исаков өзү катышып, бул маселе өкмөткө уюштуруучулар тарабынан сунушталып, өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасына камтылганын баса белгилеп, 90%дан ашык аянтты тоолор ээлеген өлкөбүздө токой массиви 5% гана ээ экенин айтып, ага толук көнүл буруп, сактап калуу бышып жетилгенине токтолуп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бул ишти мындан ары да улантууга чакырды.

Уюштуруучулардын бири Жамила Иманкулова ЖЕР ЭНЕ менен диалог сүйлөшкөн видео-презентациясы аркылуу отургандарды кыйла эле ойго салып, эко тазалыгы — адамдардын саламаттыгы экенине көңүл бурдурду.

Ал эми, эко-патриарх Эмил Шүкүров атабыз союз учурундагы менен азыркы абалды негиздүү салыштырып, айлана-чөйрөнүн булгануу-бузулуусун ооздуктоого азыртадан дароо чара көрбөсөк, эртеңки муунга кыйын эле болору божомол эмес, турган чындык деди.

Чыгып сүйлөгөндөр мамлекет, илимий чөйрө жана жарандык коом тарабынан тиешелүү иштер аткарылып жатканын айтышып, бирок ошого карабай, жалпы абал — мөңгүлөрдүн эриши, жер кыртышындагы өзгөрүүлөр, жарга айлануулар, жараклар, кургакчылык же суу ташкындарыкелип эле токойлордун табигый сапатынын начарлаганынанулам болуп жатканын, токойлордо бир кыйла өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын катары азайып, азыр карышкыр менен кашкулак гана калып, калгандары качаан эле качып кеткенин кабатырлануу менен айтышты.

Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндөгү дүйнөдө табигый сапаты менен сейрек кездешүүчү жаңгак токойлору алыстан дүпүйүп көрүнгөнү менен, ичи толгон көйгөй экени бир эмес, бир нече жолу айтышып, форум расмий тилде өтүп жатса дагы, бул маселеге астейдил кызыккандар сөз арасында өз тилибизде суроо бере коюшуп, статистикалык кооптуу көрсөткүчтөр тууралуу жоопдорду алганда “атаны кокуй ай ээ”, деп үшкүрүнүп, кейип-кепчипда калышты.

Четтен келген коноктор да эко-абалга этибар берүү керек дешти. Атап айтканда, Италиядан келген селекционер Эмилио Армати өзү тарабынан ойлонуп табылып, практикада колдонула баштаган жаңы “Паулемия” дарагынын касиети тууралуу жөн эле дарак эмес, инвестициялык каражат катары пайдалуу дарак экенинен бери айтып берди.

Анын айткандары катышуучуларды аябай кызыктырганы менен, чай ичкенче айрым адистер менен сүйлөшүү учурунда бул даракты бизде колдонууда, айрыкча, биздин табигый токойлорго жакындатпай эле койгон дурус дешип, анткени чаңдашуулар аркылуу токойлордун эко-абалына доо кетип калуу ыктымалдыгын кыйытышты. Бирок талаа-түзгө отургуза берүүгө боло турганын, азыркы учурда бул өсүмдүк дарагы Чолпон-Атанын Өрнөк айылында, Чүй каналынын жээктеринде өстүрүлө баштаганын да мисал келтиришти.

Айтор, бул иш-чарада айтылган сөздөрдүн аягы,келип эле,токойлуу жерде жашаган калктын отунга, курулуш материалдарына болгон муктаждыктарын алтернативалуу жолдор менен канааттандыруу, ири жана майда мүйүздүү малдардын санын мүмкүн болушунча кыскартуу, бул тармакка четтен келип жаткан инвестициялык каражаттардын канчасынан кандай натыйжа болуп жатканына тыкыр көз салып туруу, дарак көчөттөрүн билген адистер, илимпоздор менен кеңешип туруп отургузуу, андан кийин көңүлдү көтөрүп жүрө бербей, алар көктөп өскүчө көшөрүп карап, суу берип, жапа тырмак жанталашып иштөөнү салтка айландыруу ж.б. болду.

Ошентип, иш-чара катышуучулардын уюштуруучулар – Азамат Темиркуловго, Жамила Иманкуловага, Софья Балакинага, ошондой эле демөөрчү, кол кабышчыларга утуру-утуру алкоолору менен соңуна чыкты.

P.S. Бул иш-чарага мен өзүм журналист катары эле эмес, ошол тоолуу-токойлуу аймакта өсүп чонойгон адам катары дагы кызыгып бардым. Анткени, мен өсүп чоңойгон Ак-Тоок айылы (Сузак району) жаңгак токоюнун этегинде жайгашкан. Айыл жашоочуларынын кошумча киреше булактары — Арстанбап, Орток токой чарбаларындагы мөмө-жемиштери- жангак, алма, алча, козу-карын ж.б.

Айыл ичи бак-даракка чөмүлүп турганы менен, адырлуу, ойдуңдуу, сайлуу, деги эле, рельефи уникалдуу көрүнгөн Ак-Тоок айылынын азыркы абалы да кооптуу, жарга айланып, көчкү көчүп, адырлардан жаракалар байкалып, элди санаага салып, башка жакка орун которуу иштери турат экен.

Жарлардын орун алып жатканын 5-10 жыл илгери көрүп-байкап калган мен дагы, өзүмчө,буга чейин деле ошол жерлерди жарга айландырбай кантип өз калыбында сактоого болот же кайсы өсүмдүк дарагын отургузуу зарыл деген суроолорго — бадам дарагы деген жоопту укканмын, а бүгүнкү иш-чарада бул суроомо, ошол жерде кайсы өсүмдүк өссө, ошону эле көбөйтө берүү керек дегендей, шашылып берилген жооп уктум.

Ал ангыча, азыр бул материалды жазып жатсам, Жалал-Абаддан телефон чалып калышты, сөз арасында жергиликтүү, тиешелүү бийлик өкүлдөрү үй салбагыла, адырларда жаракалар пайда болуп жатат,жалпы эле бул айылдагылар төмөндөгү түз аймак Жаны-Арык тарапка көчүрүлөт дегенинайтышты, анткени айылдагы үйдүн жанына жаңыдан үй салабыз деп инилерим пайдубал түптөп коюшкан эле…

Мүмкүн бул аймакка мындан 40-30 же 20 жыл илгери катуу көңүл бурулуп, жайдак, жөн турган жерлерге жыш көчөт отургузулганда же жогору турган токой аймагына тиешелүү көнүл бурулуп турганда кандай болоор эле,- деген суроо канчалык туура, билбейм…

География сабагын мектепке барып окубай эле, табиятты көзү ачыктык менен сыпаттаган Ата-Бабаларыбыздын айткан “Элүү жылда – эл жаңы, жүз жылда – жер жаңы” деген сөзү өзүнөн-өзү эске түшөт.

Же алардын бир билгени барбы беле?

Зирек Асанова

http://aimak.kg/janylyktar/sayasat_jana_koom/30600-too-tokoj-maselelerin-togotpoj-zhatabyzby.html