Журналистика / Статьи участников Клуба /
ТУНУКЕДЕН ШЫЙПЫР ПАЙДАЛУУ

Зирек Асанова
8 августа 2018

Экономикалык журналистика клубунун катышуучулары бүгүн Кант шаарындагы, кыргызча айтканда, шыйпыр (шифр), түтүк чыгарган ишканага барып, иштин уюштурулушу, жүрүшү, пайдасы, жана башка маселелер тууралуу жеринде көрүп, суроолорду жаадырып, сүрөткө тынбай тартып, өзүбүз да утуру сүрөткө түшө калып, Кыргызстандын өнөр жайынын бир учунан, бир учурунан маалымат алып, кайра кайттык.

Ишканага баш бакканыбызда эле бизди тосуп алган жооптуу кызматкерлери аты-жөнүбүздү, жаш курагыбызды, каякта, ким болуп иштей турганыбызды абдан шашпай жазып, утуру бирден чакырып, кол койдуруп каттады. Мунун баары коопсузук эрежелерин сактоого милдеттендирүү экен. Башыңырга ак-сары каскаларды кийип алып, сары сызыктан бир дагы кыйшайбай, баспа, барба деген жактарга барбай, өз алдыңарча башка жактарга багыт албай, айтор, өтө этияттык менен аралап чыккыла деген камкордук экен.

Ишкана союз мезгилинде эле курулуп иштегенине 50 жылдан ашыптыр, бирок коомдук өнүгүүнүн өзгөрүүсүнөн кийинки тыныгуудан улам, кайра 2014-жылдан тартып рентабелдүү иштеп, азыркы учурда үч жүздөн ашуун адам үзүрлүү эмгектенип жатыптыр. Чыгаралып жаткан шыйпырлардын, черепицалардын, түтүктөрдүн сапаты да жогору экен. Чийки заттардан, б.а. цементти жанында турган заводдон алса, асбести тээ алыскы казакстандын кустанайынан алып келишет экен.

Кыйла көп суроолорго берилген жооптордун ичинен мага таасир калтырганы, тыныкеге (тунуке — кровельное железо) караганда шыйпырдын пайдалуулугу жогору экендигинде болду. Көрсө, сактыкка кордук жок дегендей, эгерде өрт чыгып кеткен үй тыныке менен жабылган болсо, ал үйгө тамдын башы аркылуу кирип куткарууга түк болбосо, шыйпырды сындыра коюуп куткаруу ишинде ийгилик жаратып калууга болот экен. Анын үстүнө, бизди ээрчитип, баян куруп жүргөн жетекчи мына ушу шыйпырга аптап күч болгон түштүктөн суроо-талап жогору экендиги менен да жогорку сөздү тастыктап кетти.

Мындан улам, мага эл арасында бул түшүнүк кандай болду экен же баары билеби деген ой кетип, айрыкча, ошол эле түштүктө чон тамын тыныке менен жаап, аны колдон келишинче жасалгалап, быякка меймандар келет деп, бала-чакаларын бут бастырбай, коруп, кухнясын (времянка) шыйпыр менен жаап, баары чогуу ошол жактан чыкпай, салтка айланып калган жалпы көнүмүш эске түшө калып, бир жагынан туура эле окшойт деп да калдым. Негизинен, Жараткан баарыбызды ар кандай балээден сактасын!

Сөз арасында ошо туштүктөгү Кызыл-Кыя цементинен дагы пайдаланысздарбы деген суроомо, биринчиден биз бул жактан эле камсыз болобуз, экинчиден ал цемент шыйпыр чыгарууга жарабайт, аларды там салууда башка курулуш иштерине пайдаланатдеген жооп алдым.

Айтмакчы, ишканада көпчүлүгү эркек мырзалар иштегени менен арасында колдоруна мээлей кийип алып, өздөрүн тың (ухоженная) алып жүргөн татынакай айымдарыбыз дагы шыйпырларды дасталагап (упаковка) иштеп жатышыптыр. Иш оорбу деген суроого жеңил иш барбы дей калышып, кайра дароо тамашага салып “ооба, жеңил,сжеңил” деп, күлүп-жайнап жооп беришип, ошол күүлдөп-шуулдап, бозала, карала, торала болуп,көзгө комсоо көрүнгөн ишкананы бир жаркыратып көрсөтүп жатышкандай таасир калтырышты.

Инвестор ким деген суроомо “буга жооп бере албайбыз, андай-мындай, билбейм” деген жооптор болуп жаткан, ангыча эле бирөөсү англиядан деп жооп бере калды. Мындай жоопту унчукпай уктук дагы, суроолор андан ары башка өнүттөн уланып кетти.http://www.kantslate.kg/ru

Мен ушуларга токтолгонум менен, жыйырмага жакын барган ар бир журналисттин маалыматында бирден болсо да жаңы жаңылыкты учурата аласыздар го дейм.

Экономиканы окуп, анан элге-журтка да бир түзүк, түшүнктүү маалымат жазууга үйрөнгүлөчү деп, журналисттер үчүн камкордук көрүп, бул ишти уюштурган Эларалык ишкерлер кеңеши болду:http://www.ibc.kg/

Ии, баса, унута электе, Канттан кийин Кока-Кола компаниясынабарганбыз. Ал тууралуу бир аз кеп кийинчерээк.

Зирек Асанова, Бишкек-Кант-Бишкек

http://aimak.kg/janylyktar/d%D2%AFjn%D3%A9/37728-tunukeden-shyjpyr-pajdaluu.html