Журналистика / Статьи участников Клуба /
АЛМА ЖЫТЫ АҢКЫГАН САКТОО ЖАЙЫ

Зирек Асанова
26 сентября 2018

Мындан 3 жылга жакын илгери Балыкчы шаарында логистикалык борбор “Оберон” ЖЧК жетекчиси Нуржамал Байболованын аракети менен ачылганы маалым болгон.

Эл аралык ишкердик кеңешинин экономикалык журналистика клубунун мүчөлөрү атайын иш-чаранын чегинде ушул борбордун мөмө-жемиш сактоо жайына барып, аралап, суроолорго жооп алып кайттык.

Системалаштыруу инженери Татьяна Булыма алма, алмурут сакталып, жыты аңкыган сактоо жайынаралатып, көрсөтүп жүрүп, буларга токтолду.

Сактоо жайына иштетүүгө 5 млн. АКШ долларына жакын инвестиция жумшалып, 12 муздаткыч камерадан турат, жалпы сыйымдуулугу 2400 тоннага барабар. Азыркы учурда 200 тонна алма, 40 тонна өрүк сакталды. Биз азыктарды сактоого кабыл алууда КМС стандарт талабы боюнча крахмал, кант жана дагы башка курамдарынын дал келүүсүн карайбыз. Бул жерде иш сентябрь айында арбып, 20 дан ашык жумушчу мөмөлөрдү иргөө менен алектенишет.

Сактоо үчүн химия-технологиялык процесстердин бардыгы ушул жерде автоматташтылуу менен жүрөт. Мында минус 1 жана андан жогору градуста сакталат жана белгилүү деңгээлде нымдуулукту да атайын аянттарды суу жүгүртүп кармайбыз.

ГОСТ стандартынын талабы боюнча өрүктөр 2 апта мөөнөтүндө сакталат, бирок биз быйыл өзүбүздүн эле Ак-Өлөң айылында терилген 30 тонна өрүктү 1,5 айга чейин сактай алдык. Ошондой эле ХАССПтын айрым гана талаптарын аткаруу аракетиндебиз, анткени аны камсыз кылуу кымбатка турат. Анын үстүнө, ХАССП тамак-аш азыктарына негизги талап эмеспи.

Эми сакталгандардын стандарт боюнча 10% жараксызболуусукаралат, бирок бизде ал 5% ганаболду.

Бул сактоочу жайда негизинен Көл, Чүй аймагынан тышкары Оштон дагы келип сактатып алып кетишти. Биз өзүбүз толук сатып алып сактайбыз, ошондой эле акча төлөө менен сактатышат. Бир кг мөмө үчүн 1сом 65 тыйын төлөнөт. Сакталган азыктар казакстан,россия кардарлары сатып алышат.

Бизде мындан тышкары,сактоого чейинки мөмө жемиштерге камкордук жана сактоо талаптары тууралуу фермерлердиокутуу иштери ЮСАИД эларалык уюмунун жардамы менен ишке ашырылууда.

Кол куушуруп эле отура бербей өзүбүз дагы ушул аймактан жер аянтын сатып же ижарага алып бак өстүрүп, мөмө-жемиштерди сактоо жана кайра иштетүү менен рынокко берекелүү чыгуу мүдөөсүн көздөп жатабыз,-деп баарын тизмектеп, сылык-сыпаа бизге Татьяна Булыма таржымал этти.

P.S. Ток этер жерин айтканда, мөмөлүү бак-дарактары бар багбан-дыйкандар мол түшум алып, эми кантип сактамак элем деп арзан эле сатып жибербей, дал ушул сактоо жайында сактап, кыйла киреше тапсаңыздар оң болгудай экен.Бул кайсыл жерде эле деген суроо чыга калса, жооп катары Ысык-Көл областынын тогуз жолдун тоому болгон Балыкчы шаарында деп айта кетүү ашыкча болбос.

Зирек Асанова, Бишкек-Балыкчы-Бишкек, 2018-жылдын 20-өктөбрү

http://aimak.kg/janylyktar/sayasat_jana_koom/43043-alma-zhyty-a%D2%A3kygan-saktoo-zhajy.html